Владимиров Сергей Валентинович

Владимиров Сергей Валентинович

Биография

1969-жылы төрөлгөн.

1991-жылы Калининград жогорку аскер-деңиз училищесин бүтүргөн.

1986-1995-жылдарда Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

1995-2009-жылдар аралыгында Чуваш бажысында инспектордон бөлүм башчысына чейинки ар түрдүү кызматтарды ээлеген.

2009-2020-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын бажы кызматына караштуу Россия Федерациясынын бажы кызматынын Өкүлчүлүгүндө башкы адис-эксперттен анын жетекчисине чейинки кызматтарды ээлеп келген.

2020-жылдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп дайындалган.