Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 8-октябрда Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.
Отурумдун жүрүшүндө, атап айтканда, евразиялык мейкиндикте интеграциялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча негизги маселелер талкууланды.
КМШ менен өз ара иштешүү – Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык күн тартибинин салттуу артыкчылыгы. Шериктештиктин Аткаруу комитети менен биргелешкен иш-чаралардын эки планы ишке ашырылган, учурда үчүнчү биргелешкен план аткарылууда.
2021-жылдан бери ЕАЭБ жана КМШ алкагында иштелип чыгуучу ченемдик актылардын долбоорлорунун ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүү бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен Шериктештиктин ченемдик-укуктук базасын айкалыштыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп келет.
Монополияга каршы саясат, стандартташтыруу жана өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо, электр энергетикасы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, статистика сыяктуу багыттар боюнча КМШ түзүмдөрү менен тармактык диалог өнүгүп жатат.
Евразия мейкиндиги уникалдуу соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык артыкчылыктарга ээ. ЕАЭБ жана КМШ оюнчуларынын дараметтерин айкалыштыруу бул кызматташтыктын таасирин эселеп күчөтүүгө жөндөмдүү.