Жаңылыктар

06 Dec 2024 Бакытжан Сагинтаев: "ЕЭК Евразия регионунда БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү жөнүндө жаңы баяндаманы сунуштайт" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 6-декабрда Алматыда Евразия өнүктүрүү банкынын "Борбордук Азияны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү" конференциясынын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Евразия регионунун өлкөлөрү туш болгон глобалдык чакырыктардын арасында – климаттын өзгөрүшү бар, ал адамдардын жашоосунун бардык аспектилерине, анын ичинде экономикага таасирин тийгизет деп баса белгиледи. "Бул маселенин маанилүүлүгүнө байланыштуу 2021-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине каршы күрөштүн алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети жөнүндө билдирүүнү кабыл алышты, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – Анда ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштөө принциптеринен улам Париж макулдашуусунун максаттарына жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү ниети бекитилген". ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, экономикалык интеграция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ТӨМ көрсөткүчтөрүнө жетишүүсүнө оң таасирин тийгизген кошумча фактор болуп калышы мүмкүн. Бакытжан Сагинтаев ошондой эле үстүбүздөгү жылы Комиссия "ЕАЭБ аймагында БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү 2.0" жаңы баяндамасын даярдай баштаганын билдирди. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында 2025-жылдын июль айында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында сунуштоо пландаштырылган. 2017-жылы Комиссия "ЕАЭБ аймагында БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү" биринчи баяндаманы даярдалган. Баяндаманын негизги тыянагы – экономикалык интеграция кошумча фактор болуп саналат, ал ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө жетишүүсүнө оң таасирин тийгизет.  
29 Nov 2024 ЕЭК Кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы жыйынтыктары 29-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде ЕЭК Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңеши жарым жылга Армения Республикасына жана Россия Федерациясына ак май ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берди. ЕАЭБде мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси боюнча дары-дармектерди каттоонун жаңы жол-жобосу пайда болот. Сезон аралык мезгилде социалдык маанилүү жашылча-жемиш продукцияларынын айрым түрлөрү ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат. ЕЭК Кеңеши парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техрегламентке өзгөртүүлөрдү кабыл алды. ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө даярдык камсыз кылынды. ЕАЭБ 2025-жылы өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн бодо малдын этин ташып келүүгө тарифтик жеңилдиктер берет Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Илимий-изилдөө иштерин (ИИИ) жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө административдик кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды, ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн жөнөтүлгөн. ЕАЭБ жалпы биржалык мейкиндикке жакындоодо
22 Nov 2024 Бакытжан Сагинтаев жана Казакстан Улуттук банкынын башчысы ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн келечегин талкуулашты Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселесин жана ЕАЭБдин жалпы каржы рыногунун келечегин карашты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жалпы рыноктун максаттары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара сооданы өнүктүрүү, чек ара аралык операцияларды өткөрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, өз ара инвестициялардын өсүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат деп белгиледи. "ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү капиталды натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыздоого, каржылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты жогорулатууга, өз ара жеткиликтүүлүк боюнча тоскоолдуктарды жоюуга, бизнес жана калк үчүн каржылык өнүмдөргө кеңири жеткилик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инвесторлорду жана каржылык кызматтарды керектөөчүлөрдү коргоону камсыздоого багытталган", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттер менен биргеликте системалуу иш алып барат жана эл аралык макулдашуулардын бүтүндөй комплексин даярдоону жүзөгө ашырат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев менен Тимур Сулейменов жумушчу байланыштарды улантууга жана уюмдар ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө макул болушту.
Бакытжан Сагинтаев: 21 Nov 2024 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБде бизнестин жана жарандардын муктаждыктарына жооп берген укуктун натыйжалуу иштешине кепилдик берилиши керек" 21-ноябрда Минскте ЕАЭБ Сотунун "Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге он жыл: ЕАЭБ укугунун бир түрдүү колдонулушун камсыздоо" VII эл аралык конференциясы ачылды. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев иш чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзүн жолдоду. "Түзүлгөн укуктук база Бирлик үчүн маанилүү болуп саналат, – деп баса белгиледи Комиссиянын Коллегиясынын башчысы. – Сапаттуу юридикалык жөнгө салуусуз евразиялык мейкиндиктин төрт эркиндик принцибин: товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыздоо мүмкүн эмес". Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ Сотунун жалпы милдети – мүчө мамлекеттердин бизнесинин жана жарандарынын муктаждыктарына жооп берген бардык укуктук массивдин натыйжалуу иштешине кепилдик берүү, ошондой эле мындан аркы экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБдин укуктук тутуму өнүгүүнү улантып жатканына көңүл бурду. Ошондуктан интеграциялык процесстин бардык катышуучуларынын алдында укуктук базаны өркүндөтүү боюнча да, аны бир түрдүү колдонуу боюнча да милдеттер турат.
13 Nov 2024 Евразия экономикалык комиссиясынын Укуктук департаментинин директору болуп Лилия Щур-Труханович дайындалды Лилия Васильевна Щур-Труханович 2001-жылы Москва ачык социалдык университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. 2012-жылы Россия мамлекеттик соода-экономикалык университетинде "юриспруденция" ("эл аралык укук жана Европа бирлигинин укугу") адистиги боюнча магистратураны, ал эми 2016-жылы Россиянын ТИМ ММЭМИнин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча магистратурасын аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты. 1995-2000-жылдары коммерциялык сектордун уюмдарында иштеген. 2001-2008-жылдары консалтинг, басма, илимий-изилдөө уюмдарында эксперт, башкы редактор, улук илимий кызматкер кызматтарында иштеген. 2008-2009-жылдары — Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин Ички сооданы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары. 2010-2012-жылдары — "Экономика жана укук чөйрөсүндө изилдөө борбору" АКУ директору. 2012-2016-жылдары — Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары. 2016-2017-жылдары — Стратегиялык демилгелер агенттигинин Улуттук технологиялык демилге департаментинде долбоорлордун жетекчиси, Россиялык венчурдук компаниянын Укуктук экспертиза жана ченем жаратуу иштери департаментинин директору. 2017-2024-жылдары — Россиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары, Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жөнгө салуу департаментинин директору. 2024-жылдын 12-ноябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директору болуп дайындалган.
06 Nov 2024 Бакытжан Сагинтаев креативдик индустриянын өкүлдөрүнүн Digital Union идеясын жайылтууга кошкон салымын белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕЭКтин штаб-квартирасында "Сбербанк" ААКнын креативдүү багытынын өкүлдөрү менен Digital Union концепциясын жайылтууга практикалык көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулады. Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигиндеги Digital Union деп аталган санариптештирүү процесстеринин көз карашын Бакытжан Сагинтаев 2024-жылдын 1-октябрында Ереванда Евразия экономикалык форумунда сунуштады. Идея ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономиканы санариптештирүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасына таянат жана Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилегендей, Digital Union үч принципке негизделет. Биринчи кезекте, бул Digital Union түзүүдөгү ченемдик жана инфраструктуралык чечимдердин шайкештиги. Экинчиден, улуттук санариптик платформаларды синхрондоштуруу жана тоскоолдуксуз өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат. Үчүнчү принцип — евразиялык бардык төрт "эркиндикти" мүчө мамлекеттер даяр болгон көлөмдө жана темпте санариптештирүү. "Өлкөнүн санариптик эгемендигине эч кандай таасирин тийгизбеген биз сунуштаган Digital Union концепциясы санариптик трансформациялардын азыркы мезгилиндеги бардык чакырыктарга жооп берди. Креативдүү мамиленин жана алдыга коюлган милдеттерди кылдат түшүнүүнүн аркасында концепция заманбап шарттарда оптималдуу жана альтернативасыз болуп калды", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Digital Union концепциясын визуализациялоого жана жайылтууга көмөктөшкөндүгү үчүн Сбербанк командасынын өкүлдөрү ыраазычылык каттарын, ардак грамоталарды жана "Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" төш белгилерин алышты.
Дагы көрсөтүү