Жаңылыктар

01.07.2021

Чоң аралыктар, чоң перспективалар: ЕАЭБдин жана Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

24-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын жана БУУнун Латын Америкасы жана Кариб бассейни үчүн Экономикалык комиссиясынын "Евразия экономикалык бирлиги жана Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү: чек ара аралык өнөктөштүк" деп аталган биргелешкен талдамалык баяндамасынын презентациясы болуп өттү.

Please, scroll down for English.

Баяндама орус жана англис тилдеринде

Презентациянын видеосу

Баяндаманы биргеликте даярдоо Евразия экономикалык бирлиги жана Латын Америкасы жана Кариб бассейни (ЛАК) региондорунун ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүндөгү кезектеги кадам болуп калды жана, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, ал акыркы убактарда күч алууда. Атап айтканда, Комиссия региондун төрт интеграциялык бирикмеси: Анд коомдоштугунун Башкы катчылыгы, Латын Америкасынын экономикалык тутуму, Борбордук Америкадагы экономикалык интеграция боюнча катчылык, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн Жалпы рыногу, ошондой эле БУУнун Латын Америкасы жана Кариб бассейни үчүн Экономикалык комиссиясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарды түздү. 

Региондордогу мамлекеттер дипломатиялык көп тараптуулуктун бирдиктүү принциптерин жактоочулукту тастыктап, эл аралык соодадагы ачыктык жана мультилатерализм принциптерин колдоп келишет. Фармацевтика, машина куруу, ИКТ-кызмат көрсөтүүлөр ж.б. сыяктуу чөйрөлөрдөгү биргелешкен бизнес-демилгелердин деңгээлиндеги кызматташтык байкалууда. Ошол эле мезгилде, офшордон сырткары, товар жүгүртүүнүн жана тике инвестициялардын анча чоң эмес көлөмдөрү өз ара аракеттенүү потенциалынын толук кандуу эмес ишке ашырылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Бул кызматташтыктын бир кыйла перспективдүү багыттарын издөөнүн актуалдуулугун жана артка тартуучу факторлорду аныктоону шарттайт.

ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаментинин экономикалык саясат стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Андрей Пантелеев өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча негизги корутундуларды жана сунуштарды айтып жатып, учурда ЕАЭБдин ЛАК регионунда туруктуу экспорттук кызыгуусу калыптана элек деп белгиледи. Армениянын жана Кыргыз Республикасынын соодасы бир жолку сатып алуулардан түзүлүп, натыйжа катары, туруксуз болууда. Беларусь Республикасынан жеткирүүлөр, калий жер семирткичтеринен сырткары, анча чоң эмес. Россиянын жана Казакстандын экспорттук адистешүүсү туруктуу, бирок чийки зат товарларына (мунай өнүмдөрү, күкүрт) жана төмөнкү деңгээлдеги кайра иштетүү продукциясына (жер семирткичтер) басым жасайт. Жалпысынан ЕАЭБ жана ЛАК өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен өз ара сооданын алкагында жеткирилиши мүмкүн болгон товарлар менен соода жүргүзүүдө катышышат.

Мындай калыптанган жагдайдын негизги себеби – чоң аралыктар жана ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн транспорт хабдарынан, биринчи кезекте, порт инфраструктурасынан алыс жайгашкандыгы менен шартталган кымбат логистика. Артка тартуучу башка факторлордун катарында – тарифтик эмес тоскоолдуктар, атап айтканда, квоталардын, техникалык талаптардын алкагында дифференциацияланган бажы коюму, ошондой эле негизги соода өнөктөштөрүнүн буга чейин жолго коюлган өндүрүш чынжырларында катышуусу.

Соодадагы ушул тоскоолдуктарды эске алуу менен, өнөктөш региондо өндүрүш кубаттуулуктарын алмаштыруу мыйзам ченемдүү чечим болуп саналат. Мындай өз ара аракеттенүүнүн үлгүлөрү көп эмес, бирок алар геологиялык чалгындоодон фармацевтикага чейинки, автомобилдерди чогултуудан ИКТ-кызмат көрсөтүүлөрүнө чейинки кеңири спектрдеги чөйрөлөрдү камтыйт. Ошол эле мезгилде, төлөм балансынын статистикасы жагынан алганда, ЕАЭБдин жана ЛАКтын ортосундагы үзүрлүү инвестициялардын көлөмү анча чоң эмес: ЕАЭБге келип түшкөн чет өлкөлүк тике инвестициялардын 99% офшор аймактарынан келет.

Соода чөйрөсүндөгү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнөн жана кошулган наркты түзүү чынжырларын биргеликте түзүүдөн сырткары, баяндамада жашыл энергетика, туристтик агымдарды демилгелөө, илимий-техникалык кызматташтык, ошондой эле интеграциялык курулуштагы жана экономиканын түзүмдүк көйгөйлөрүн чечүүдөгү топтолгон тажрыйба менен алмашуу сыяктуу башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн перспективалары келтирилген.

Сессиянын модератору, "Валдай" талкуу клубунун программалык директору Ярослав Лисоволик катышуучуларды комментарийлери менен чыгып сүйлөөгө чакырды. Катышуучулар изилдөөгө жогору баа беришти жана ЕАЭБ жана ЛАК региондорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти улантуу керек деп белгилешти.

ЛАК регионунун интеграциялык бирикмелеринин өкүлдөрү – Латын Америкасынын экономикалык тутумунун туруктуу катчысы Хавьер Паулинич жана Борбордук Америкадагы экономикалык интеграция боюнча катчылыктын башкы катчысы Мельвин Редондо баяндама эки региондун өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө болгон жалпы максатын чагылдырат деп белгилешти. Хавьер Паулинич аталган тема боюнча бир кыйла деталдуу консультацияларды өткөрүүнү сунуш кылды.

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Латын Америкасы департаментинин директорунун орун басары Дмитрий Белов региондогу олуттуу тарыхты жана кызматташтык механизмдеринин ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, Латын Америкасынын интеграциядагы тажрыйбасын үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Дмитрий Белов белгилеп өткөндөй, РФтин Тышкы иштер министрлиги ишкердик коомдоштукту ЛАКта жана ЕАЭБде бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо боюнча иштин алкагында Латын Америкасы менен диалогду өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлөт.

Ошондой эле, презентацияда ЕАЭБдин жана ЛАКтын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү изилдөө чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер катышышты.


РИАнын Латын Америкасы институтунун директору Дмитрий Разумовский региондордун ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүн артка тарткан бир катар татаалдыктарды белгилеп өттү, анын ичинде айрым учурларда жеңе алгыс тарифтик эмес тоскоолдуктар, ЕАЭБдин жана ЛАК регионунун мамлекеттеринин ортосунда преференциалдык соода макулдашууларынын жоктугу, өз ара эсеп-кысаптарды ишке ашырууда үчүнчү өлкөлөрдүн каржы институттарынан көз карандылык, экономиканын "жаңы" секторлоруна, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүүлөргө жана электрондук соодага жетишсиз көңүл бургандык.

Уругвайдын Католик университетинин Эл аралык бизнес институтунун директору Игнасио Бартесаги өнүгүү институттарынын, анын ичинде ЕАЭБдин жана ЛАКтын регионалдык өнүгүү банктарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү региондордун ортосундагы учурдагы байланыштарга кошумча болууга тийиш экендигине көңүл бурду.

ЛАК жана ЕАЭБ региондорунда долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар бизнес өкүлдөрү иш-чаранын экинчи сессиясына катышууга чакырылды. Ишканалардын жетекчилери өнөктөш регион менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, ЕЭКтин, ЕАЭБ жана ЛАК мамлекеттери тараптан олуттуу таасирденүүнү талап кылган тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти. 

"Эки региондун ишкердик коомдоштуктары менен өз ара аракеттенүүнүн көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо бир кыйла терең корутундуларды жасоого жана алардын негизинде ЛАК жана ЕАЭБ региондорунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты колдоонун жана демилгелөөнүн натыйжалуу чараларын сунуш кылууга мүмкүн берет", – деп сессиянын модератору Андрей Пантелеев түшүндүрдү.

Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин вице-президенти жана эки тараптуу эл аралык кызматташтык боюнча башкаруучу директору Сергей Красильников Латын Америкасы менен байланыштардын өнүгүүсүнө тоскоолдук катары чет өлкөлөрдө бизнес жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө жетишсиз маалымдуулукту белгиледи. Сергей Красильников белгилеп өткөндөй, Россиянын ЛАК регионундагы соода өкүлдөрүнүн санынын кыскарышы бул көйгөйдү аны сайын курчутууда. Талкуунун бардык катышуучулары анын ишкерлерди колдоонун – чет өлкөдө бизнес жүргүзүү жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө пикирине макул болушту. Ошондой эле, Сергей Красильников ЕЭКтин БУУнун башка регионалдык комиссиялары менен да ушундай баяндамаларын даярдоону сунуш кылды.

"Мишн Фудс Ступино" ишканасынын башкы директору Наталья Мельникова Россиянын рыногуна ата-мекендик керектөөчүлөр үчүн салттуу эмес, бирок латын америкалыктар үчүн көнүмүш болуп саналган жүгөрү чипстери жана тортилья сыяктуу тамак-аш азыктары менен чыгуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. 

"Биздин бизнестин ийгилиги биринчи кезекте биз өндүрүштү Россияда уюштургандыгыбызда", – деди ал жана ЕАЭБдин рыногуна чыгуу перспективаларын караштырып жаткан латын америкалык ишканаларга алыскы региондогу керектөөчүлөрдүн табитине жакшыраак ийкемделүү үчүн өндүрүштү жергиликтештирүү принцибин карманууну кеңеш кылды. Ийгиликтин башка факторлорунун катарында ал өндүрүш кубаттуулуктарын керектүү инфраструктурага жетүү мүмкүн болгон жана жеңилдик салык жана инвестициялык режими бар өзгөчө экономикалык аймактарда жайгаштырууну, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди алуу жагында регионалдык бийликтин колдоосун атап өттү.

"Содружество" башкаруучу компаниясынын казыналыгынын жетекчиси Михаил Городков Латын Америкасында соя буурчактарын өндүрүү максатында бразилиялык компанияны сатып алуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. ЛАК регионуна инвестициялар жөнүндө чечим импортко альтернатива болду жана компания тарабынан чийки заттын сапатын, ошондой эле продукциянын көмүртектик изин контролдоо максатында кабыл алынды. Мындан сырткары, "Содружество" компанияны сатып алуу менен анын кардарлар базасын да алды деп түшүндүрдү ал. Ошол эле мезгилде Латын Америкасынан ЕАЭБдин Россиядан башка өлкөлөрүнө экспортту кенейтүү перспективалары логистиканы уюштуруудагы татаалдыктар менен чектелген: кошумча алып өтүүлөр жана темир жол транзити продукциянын наркынын олуттуу жогорулашына алып келет.

ЛАК регионунан буурчак азыктарын импорттоого дагы бир тоскоолдук ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин катуулугу болуп саналат. Алар гендик модификацияланган буурчак азыктарында пестициддердин болушуна эл аралык деңгээлде кабыл алынган талаптардан бир кыйла жогору талаптарды белгилейт.

"Силовые Машины" АКнын гидроэнергетика дивизионунун сатуулар боюнча жетекчиси Михаил Цапенконун айтып бергендей, компания үчүн энергетика жаатындагы эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги тоскоолдук секторалдык санкциялардын аракети болуп саналат. 

"Анткени менен, Латын Америка региону – бул компаниянын өсүшүнүн негизги драйвери", – деп белгиледи ал.

Санкциялардын шарттарында ЕАЭБдин алкагындагы регионалдык интеграция механизмдери терс таасирди азайтуунун аспабына айланышы мүмкүн. Латын Америкасында компаниянын ВЭБ, РЭЦ жана ЭКСАРдын колдоосунда жылуулук жана гидроэлектростанцияларды куруу тажрыйбасы бар. Учурда Мексикада жана Аргентинада бир нече долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

"Вертолёты России" АКнын регионалдык маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Максим Андрианов ЛАК регионунун паркында Россияда өндүрүлгөн 352 вертолёт бар экендиги жөнүндө айтып берди. Вертолёттор дээрлик бардык өлкөлөрдө бар, негизги сатып алуучулар – Перу, Венесуэла, Куба, Колумбия жана Мексика. Компаниянын болжолдоолору боюнча, 2030-жылга чейин анын ЛАК регионундагы үлүшү 15% түзмөкчү. Максим Андриановдун айтуусу боюнча, ишкана аталган регионго жеткирүүлөрдүн бир кыйла олуттуураак көлөмдөрүн камсыз кыла алышы мүмкүн, бирок "рынокко кирүү билетин алуу" кыйынчылыгы негизги тоскоолдук бойдон калууда: ЛАК регионунда авиациялык техниканын россиялык сапат сертификаттарын тастыктоо жол-жоболорунан өтүү ЛАК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда сертификаттоо тутумдарын таануу жөнүндө макулдашуунун жоктугу менен татаалданат.

Сессиянын аягында Латын Америкасынын өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү боюнча улуттук комитеттин башкы директору Татьяна Машкова Латын Америкасында бизнес баштап жаткан ишканалар туш келген көйгөйлөрдүн тизмегин жалпылады.

Атап айтканда, ал төмөнкүлөрдү белгиледи.

  • Латын Америкасында бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоонун жоктугу. Алсак, ЛАКта Россия экспорт борборунун жана Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жок, ал эми соода өкүлдөрүнүн жана экономикалык кеңешчилердин саны жетишсиз.

  • Региондун логистикалык жеткиликсиздиги. Бул көйгөй россиялык кемелер экспортко жеткирилүүчү продукциянын 4-6% гана ташышы менен курчуйт, ал эми эл аралык транспорт компанияларынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу РФке карата учурдагы санкциялар менен татаалданат.

  •  ЕАЭБ регионунда да, ЛАКта да порт инфраструктурасынын, анын ичинде шоурумдардын, кампалардын, убактылуу сактоо кампаларынын, консигнациялык кампалардын жетишсиз өнүккөндүгү.

  • ЛАК өлкөлөрү менен, анын ичинде Чили менен эркин соода аймагы жөнүндө сүйлөшүүлөрдөгү прогресстин жоктугу.

  • ЛАК регионунда тендерлерде катышуу, өндүрүштү жергиликтештирүү жөнүндө маалымдоо үчүн жергиликтүү өнөктөштү издөө маселелеринде мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги.

  • ЕАЭБ жана ЛАК региондорунун ортосундагы банктар аралык байланыштардын жоктугу. Натыйжа катары, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү үчүн өз ара эсеп-кысаптар көбүнчө үчүнчү өлкөлөрдүн валюталарында жана чет элдик төлөм инфраструктурасын колдонуу менен ишке ашырылат, ал эми бул санкциялар киргизилген учурда бүтүмдөрдүн үзгүлтүккө учуроо же токтоп калуу тобокелдигин шарттайт.

Комиссия региондордун ишканаларынын сунуштарын иштеп чыгуу жана жалпылоо үчүн бизнес менен жолугушууларды уюштуруп, биргелешкен демилгелерди колдоонун жана тоскоолдуктарды жеңүүнүн конкреттүү чараларын иштеп чыгууну пландаштырууда.