Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 868
03 июлундагы 2025
Арзыбек Кожошев ТТКК башчысы Михаил Гончаров менен жолугушту
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Эл аралык трансъевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңештин (ТТКК) башкы катчысы Михаил Гончаров менен жумушчу жолугушуусу 3-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында болуп өттү. Тараптар евразиялык региондо темир жол транспортунун ишмердүүлүгүнүн, заманбап шарттарда ЕАЭБ мейкиндигинде транспорттук инфраструктураны жана логистикалык коридорлорду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр евразиялык региондо экономикалык өсүшкө жана интеграцияга өбөлгө түзүүчү туруктуу транспорт тутумун түзүү үчүн ЕЭК менен ТТКК ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жыл сайын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү практикасы мындай форматка болгон талапты көрсөтүп турат. Биз мамлекеттик органдардын, алдыңкы транспорттук компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрүн бир столго бириктиребиз", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Михаил Гончаров ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаменти менен ТТКК Катчылыгынын өз ара иштешүүсү боюнча планды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу — жүктөрдү эл аралык темир жол жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. ЕЭК жана ТТКК ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2017-жылы транспорт жана логистика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлган.
30 июнундагы 2025
Евразия экономикалык форумунда интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүү талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен Россиянын "Транспорттун санариптик доору" санариптик транспорт технологияларын өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын президенти Александр Семкиндин Минскте өткөн жумушчу жолугушуусунда талкуулоонун предмети болуп калды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕЭК министри ушул жылдын январында ЕЭК Кеңеши тарабынан жактырылган, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча Концепцияны ишке ашыруу жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун катышуучулары ишке ашырууга пландаштырылган базалык сервистердин тизмеси, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ИТТларынын маалыматтык өз ара иштешүүсүнүн форматтарына карата талаптарды унификациялоо боюнча пикир алмашышты. "Биздин мамлекеттерде ИТТны киргизүүнүн ар кандай деңгээлин эске алуу менен, унификацияланган стандарттарга жана талаптарга негизделген ЕАЭБдин тоскоолдуксуз санариптик мейкиндигин түзүү өтө маанилүү", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев. Тараптар аталган маселелерди сентябрь айында өтө турган ар жылдык «Россиянын интеллектуалдык транспорттук тутумдары. Транспорттун санарип доору» эл аралык форумунун алкагында улантууну макулдашышты.
27 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Жалпы рынок электр энергиясын чек ара аралык сатууга бирдей жеткилик берет"
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Минскте өткөн ЕЭФ-2025те Евразия "бешилтигинин" мамлекеттеринин электр энергетикалык рынокторун интеграциялоонун перспективаларына арналган "ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногу – келечекке көз караш" тегерек столунун ишине катышты. "Жалпы рынок электрэнергиясынын чек ара аралык соодасына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, өз ара соодалашуунун көлөмдөрүн жана ыкмаларын кеңейтет, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн энерготутумдарындагы жүктөмдөрдүн графигин түздөөгө жана генерациялоочу кубаттуулуктардын ашыкча курулушунан баш тартууга мүмкүндүк берет. Бул мүчө мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугун жогорулатат", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун ченемдик базасын түзүүдөгү прогрессти белгилешти, интеграция контекстинде электр энергиясынын ички рынокторун реформалоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн карап чыгышты жана келечектеги рыноктун иштөө шарттарында Бирлик өлкөлөрүнүн экономикасынын реалдуу секторун жана бизнес-коомдоштукту өнүктүрүүнүн перспективаларын жана артыкчылыктарын аныкташты. "Азыркы учурга карата электр энергиясынын рыногунун иштешинин дээрлик бардык ченемдик базасы бекитилген, регламенттер менен Кошулуу жөнүндө келишим кыйла деңгээлде даярдалган. Ошол эле учурда Келишимде бекитилген жана эрежелерде ишке ашырылган, анын ичинде электр энергетикасынын экономиканын реалдуу секторуна кеңири таасиринен улам жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана иштетүү принциптерин сактоо өтө маанилүү", – деп маалымдады Арзыбек Кожошев. Тегерек столго 50дөн ашык тармактык уюмдардын жетекчилери жана эксперттери катышып, жалпы электр энергетикалык мейкиндикти түзүүгө бизнестин жана жөнгө салуучулардын жогорку кызыкчылыгын ырасташты. ЕАЭБ мамлекеттеринин энергетикалык ведомстволорунун жетекчилери жана инфраструктуралык жана биржалык уюмдарынын өкүлдөрү дискуссиянын катышуучулары болушту.
27 июнундагы 2025
ЕЭФте транспортто санариптик технологияларды киргизүү талкууланды
26-июнда "ЕАЭБде транспортто санариптик чечимдерди киргизүү: кагазсыз технологиялар, автоматташтырылган жана учкучсуз транспорт каражаттары" тематикалык сессиясынын катышуучулары транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүүнү жана анын Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого тийгизген таасирин талкуулашты. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Санариптик ролу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн транспорт тармагында санариптик инструменттерди өз убагында киргизүүнүн маанилүүлүгү өтө чоң, – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов. – Кагаз жүзүндөгү документтерден электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн эсебинен 2040-жылга чейин жүк ташуу жана логистика секторунда үнөмдөлгөн каражаттардын көлөмү 25 миллиард евродон ашыкты түзөт". Мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдошуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү учкучсуз тутумдарды өнүктүрүү, кагазсыз технологияларды киргизүү, интеллектуалдык транспорттук тутумдардын мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык транспорттук коридорлорго талаптар, ошондой эле аларды киргизүүнүн экономикалык жана социалдык таасири маселелерин деталдуу карап чыгышты. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Рустан Дженалинов белгилеп өткөндөй, "он жыл аралыгында ЕАЭБдин санарип боюнча практикалык кейси рыноктун субъекттеринин ортосунда маалыматтык өз ара иштешүүнү орнотуудан жана бизнес-процесстерде маалымат алмашуудан санариптик экотутумдарды, технологиялык платформаларды түзүүгө, маалыматтардын чоң көлөмүн талдоону, эсепке алууну же эсептешүүлөрдү талап кылган амбициялуу милдеттерди чечүү үчүн электрондук документтерди жана жасалма интеллектти колдонууга карай өнүгүүдө".
27 июнундагы 2025
Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШнын КТК Аткаруу комитети транспорт жана логистика чөйрөсүндө Кызматташуу планына кол коюшту
Минскте Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразиянын транспорттук тутумдарын интеграциялоо үчүн маанилүү окуя болуп өттү: Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин Аткаруу комитетинин ортосунда 2030-жылга чейинки мезгилде транспорт, инфраструктура, логистика жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу планына кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана КМШнын КТК Аткаруу комитетинин төрагасы Геннадий Бессонов кол коюшту. "Документ системалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөт. ЕАЭБ жана Шериктештик мейкиндигинде транспорт жана инфраструктура жаатындагы аракеттерди синхрондоштуруу бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берет. Анткени, транспортту экономикалык өнүгүүнүн, сооданын жана социалдык бакубаттуулуктун драйвери кылуу – жалпы милдет. 2030-жылга чейинки план бул иштин так багытын аныктайт", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Кызматташтыктын планы ЕЭК менен КМШнын КТК Аткаруу комитетинин биргелешкен ишинин конкреттүү багыттарын жана иш-чараларын белгилейт. Анын максаты — транспорттук тутумдарды туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана өз ара шайкештик үчүн шарттарды түзүү, бул ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн тездетүү үчүн өтө маанилүү.
27 июнундагы 2025
Табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү 2024-жылдын жыйынтыктары ЖЕЭК отурумунда сунушталды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына табигый монополиялардын субъекттерин жөнгө салуу чөйрөсүндө 2024-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө баяндама сунушталды. Документте Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн иши, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик базасына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча Бирлик жөнүндө келишимде белгиленген принциптерге жана эрежелерге ылайык келүүсүнө мониторингдин жыйынтыктары чагылдырылган. Ошондой эле документ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жыйынтыктарын жана энергонатыйжалуу технологияларды колдонуу боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин иш-чараларын камтыйт. Баяндама Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын Бирлик мамлекеттеринин жөнгө салуучулары менен биргеликте Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык даярдалат (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 20 тиркемеси).
26 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Бүгүнкү күндө транспорт жумушка, билимге, социалдык жашоого жеткиликтин негизги шарты болуп саналат"
Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого транспорт чөйрөсүндөгү интеграциянын таасири "Чоң Евразия аймагындагы туруктуу транспорт: мобилдүүлүк, мультимодалдуулук жана санариптештирүү" сессиясынын башкы темасы болду. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Транспорт жана инфраструктура калктын бардык катмары, анын ичинде алыскы райондордун жашоочулары үчүн адилеттүү баа түзүү менен жеткиликтүү болушу керек", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев. Чыгып сүйлөөлөрдүн жүрүшүндө санариптик технологияларды, инфраструктураны, эл аралык транспорттук коридорлорду, контейнердик жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү деталдуу каралды. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, транспорттогу ашыкча жүктөм маселелери талкууланды. ЕЭК министри белгилегендей, "ЕАЭБ туруктуу транспорт принциптерин ишке ашырууга карай ырааттуу жана динамикалуу жылууда. Бирликтин транзитин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого көңүл бурулган". Дискуссиялык аянтча мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Сессиянын спикерлери Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин, Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Казакстан Республикасынын Транспорт министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин аткаруу комитетинин жетекчилери, Ирандын өкүлдөрү болушту.
26 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев Беларустун энергетика министри Денис Мороз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев IV Евразия экономикалык форумунун талааларында Беларусь Республикасынын энергетика министри Денис Мороз менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун жана жалпы газ рыногун түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Тараптар евразиялык "бешилтиктин" башчылары газ рыногу жөнүндө концептуалдуу чечим кабыл алышканын жана азыр өлкөлөрдүн алдында аны өнүктүрүү планын даярдоо милдети турганын белгилешти. Ошондой эле электр энергиясынын жалпы рыногун (ЖЭР) ишке киргизүү үчүн кыска мөөнөттө кошулуу жөнүндө келишимдин формасы боюнча ишти аяктоо керектиги баса белгиленди. Бул – ЖЭРдин иштеши үчүн зарыл болгон документтер топтомунун акыркысы. Сапардын жүрүшүндө ЕЭК делегациясы Беларусь Республикасынын бириккен энерготутумунун объектилерине, анын ичинде Брест объектилерине барды жана электр энергиясын генерациялоонун технологиялык негизи, алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен таанышты. "Дүйнөлүк тенденцияларга жана технологияларга шайкеш келген энергия булактарын жана тармактык инфраструктураны модернизациялоону камсыздоо шарттарында энерготутумдун туруктуу иши Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө шарттарында ийгиликтүү иштин өбөлгөсү болуп саналат",– деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Дагы көрсөтүү