Page Content8-июнда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы
саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы
алдында ЕЭКке караштуу Салык саясаты жана тескөө-башкаруусу боюнча
консультативдик комитеттин тогузунчу отуруму болуп өтөт. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин
(ЕАЭБ) салык кызматынын өкүлдөрү катышышат.
Күн тартибине 14 жакын маселелер коюлган. Маселен, мүчө мамлекеттерде
тике жана кыйыр салык салуу чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук актылардын
долбоорлорун кароо пландаштырылат.
Ошондой эле өз ара соодалашууда кыйыр салыктарды төлөөгө байланыштуу бир
катар көйгөйлүү маселелер каралат:
- Кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана
импортоодо, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө алардын төлөнүшүн
көзөмөлдөө механизми жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө - 2, 4, 8,
21-пункттарына (ЕАЭБ жөнүндө келишимге №18 тиркеме).
- Кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана
импортоодо, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө алардын төлөнүшүн
көзөмөлдөө механизми жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө - Армения Республикасынын экспортеруна ЕАЭБтин башка мүчө
мамлекетинин импортерунан өз мамлекетинин салык органынын белгиси коюлган
Товарларды киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз алынган учурга
чейин КНСтин нөлдүк ченин берүү мүмкүнчүлүгү жагында (ЕАЭБ жөнүндө келишимге
№18 тиркеме).
- ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин салык органдары ортосунда, төлөнгөн кыйыр
салыктардын суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтарды алмашуу жөнүндө
2009-жылдын 11-декабрындагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- мүчө мамлекеттердин аймагына ташып киргизүүдө айланымдарын
(операцияларын) жүзөгө ашырууда алар ошол өлкөнүн аймагында КНСтен бошотулган
(КНС алынбаган) товарларга кыйыр салыктарды салуу жөнүндө;
Мындан тышкары, салык тескөө-башкаруу маселелерин жакшыртуу максатында
Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин салык органдарынын
ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протоколдун долбоорун
мамлекет ичиндеги макулдоонун жүрүшү талкууланмакчы.
Ушул жылдын сентябрь айында Алматы шаарында “Евразия экономикалык
биримдигинин өлкөлөрүндө салыктык мамилелерди реформалоо. Экономика жана каржы чөйрөсүндө өзүн-өзү
жөнгө салууну өнүктүрүү” эл аралык салык конференциясын өткөрүү маселесин кароо
пландаштырылган.
Интеграциялык бирикмелерде салык салуу маселелери
боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөөнүн алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин каржы
жана салык органдары үчүн билим берүү программасынын семинарларын өткөрүү
графигин макулдашуу болжолдонот. Билим
берүү программасы Вена экономика жана бизнес университети менен биргеликте ЕЭК
тарабынан уюштурулган.