2-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян менен Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын (Россельхознадзор) башчысы Сергей Данкверт жана Армения Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Армен Айрапетян менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар жашылча-жемиш продукцияларын карантиндик фитосанитардык жана документтик контролдоо маселелерин карашты.
Гоар Барсегян жана Сергей Данкверт АӨК чөйрөсүндө мындан аркы кызматташтыктын келечегин өзүнчө талкуулашты.