Жаңылыктар

16.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:51)

ЕЭК Кеңешинин 14 жана 16-июлдагы отурумдарынын жыйынтыктары

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешин 14 жана 16-июлдагы отурумдарында ЕАЭБдин органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасынын долбоорун жактырды, ЕЭКке учак куруудагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго даяр ишканалардын тизмектерин түзүүнү тапшырды.

ЕЭК Кеңеши Тийиштүү өндүрүштүк иш-тажрыйба эрежелерине (GMP) № 15 тиркеменин жаңы редакциясын кабыл алды.Ошентип, дары-дармек өндүрүүчүлөрүнүн GMP тутумунда өндүрүштөрдү валидациялоо жана квалификациялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилмекчи.

ЕЭК Кеңеши "Евразия экономикалык бирлигинин санариптик техникалык жөнгө салуусу" долбоорун ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши таңгакталган ичүүчү сууга коюлуучу талаптардагы каршылыктарды болтурбоо максатында Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Тамак-ашка техникалык регламент таңгакталган ичүүчү суу үчүн техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келтирилет.

Комиссиянын Кеңешинин чечими менен Мамлекеттик сатып алуулар үчүн айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕАЭБ укугуна санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 2020-жылда ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун, ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүүнүн жүрүшү жөнүндө баяндаманы угушту.

ЕЭК Кеңеши Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин бир катар долбоорлорун жана тапшырмаларын карап чыкты жана ЕӨАКтын отурумунун күн тартибинин долбоорун бекитти.

ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 10-сентябрда өткөрүлмөкчү.