Жаңылыктар

24.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:12)

Михаил Мясникович Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстан Республикасынын Президенти, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады.

"Сиз Өзбекстан Республикасында гана эмес, эл аралык аренада да жогорку беделге жетиштиңиз, – деп айтылат куттуктоо катында. – Сиз жүргүзүп жаткан тышкы саясат тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылууга, ишенимдүү, жакшы коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багытталган. Сиздин үзгүлтүксүз көңүл бурууңуздун аркасында Өзбекстан ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен тыгыз жана көп пландуу кызматташтыкты мурункудан да активдүүрөөк өнүктүрүүдө".

Михаил Мясникович Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, соолгус жашоо кубатын, ал эми Өзбекстан Республикасына – тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүп-өркүндөө каалады.