Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 18-февралда өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинде 2025-жылга карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маалыматтык иштин темасын бекитти: "Керектөөчү — көңүл борборунда: кызыкчылыктардын теңдеминен талаштарды адилеттүү чечүүгө карата". Ал ЕАЭБдин жалпы рыногун өнүктүрүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Бул багыт боюнча биргелешкен ишмердикте Бирлик өлкөлөрү рыноктун бардык катышуучулары үчүн адилеттүү жана коопсуз шарттарды түзүү менен бизнестин жана коомдун кызыкчылыктарынын теңдемине умтулушат.
Ошондой эле Комиссиянын Коллегиясы мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга серептерди өткөрүүгө карата жалпы мамилелерди жактырды. Мамлекеттерге сатып алуучулардын коопсуздугун жана саламаттыгын, алардын экономикалык кызыкчылыктарын, маалыматка жетүүнү, талаш-тартыштарды чечүү механизмдерин коргоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү ченемдик документтердин толуктугун жана натыйжалуулугун иликтөө сунушталды.
Кабыл алынган сунуштамалар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуу жөнүндө объективдүү жана системалаштырылган маалыматты камсыздоого багытталган. Аларды колдонуунун аркасында Бирликтин мамлекеттери учурдагы кемчиликтерди аныктап, өз ченемдерин рыноктогу өзгөрүүлөргө жана коомдун керектөөлөрүнө ылайыкташтыра алышат.
Серептердин жыйынтыктары жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн профилдик Консультативдик комитеттин отурумдарында каралат.
Коллегиянын сунуштамалары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер программасына ылайык кабыл алынды.