Жаңылыктар

26.03.2024

КМШнын А.А. Громыко атындагы жаш эл аралык кызматкерлер конкурсуна карата иштерди кабыл алуу башталды

Сынактын уюштуруучулары катары Бирлик мамлекетинин Туруктуу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясы, Россиянын ТИМ ММЭМИ, Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы иш алып бармакчы. 

Конкурска жождордун студенттери, курагы 40 жаштан ашпаган аспиранттар, илимпоздор, мугалимдер, журналисттер, талдоочулар, бизнес чөйрөсүндөгү адистер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ЕАЭБдин жана КМШнын мүчө мамлекеттеринин дипломаттары катыша алышат. Билдирүүлөрдү кабыл алуу – 2024-жылдын 13-майында, саат 23:59да аяктайт.

Конкурска төмөнкү номинациялардын алкагында катышууга болот:

- Негизги номинация – аспиранттардын, илимпоздордун, талдоочулардын жана дипломаттардын илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 40 жаштан ашпаган);

- Дебюттук номинация – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган);

- «Эсселер конкурсу» номинациясы – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн публицистикалык эсселери (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган).

Конкурска бир автор тарабынан өз алдынча жазылган же бир нече авторлор тарабынан жазылган (30 миң белгиден көп эмес), буга чейин жарыяланбаган жана төмөнкү темаларды изилдөөгө багытталган түп илимий макалалар жана талдамалык жазуулар кабыл алынат:

- постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык долбоорлордун перспективалары: Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекети, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ;

- жаңы дүйнө тартибинин контурлары: Россия жана КМШ өлкөлөрү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр;

- илимий дипломатия Чоң Евразиянын калыптанышынын ресурсу катары;

- "жалпы санкциялык согуш": укуктук статусу, кесепеттери жана каршы аракеттенүү ыкмалары;

- Борбордук Азия жана Закавказьенин евразиялык интеграциядагы ролу жана орду; 

- кагылышуулар коркунучу жана Евразиядагы коопсуздукту чыңдоо куралдары; 

- А.А. Громыконун дипломатиялык мурасы;

- Улуу Ата Мекендик согуш жана Экинчи дүйнөлүк согуш: тарыхый эскерүүлөрдү сактоо жана тарыхты бурмалоо менен күрөшүү маселеси;

- БУУнун ролу, анын эл аралык мамилелер тутумундагы өткөн жолу жана келечеги.

Конкурс дисциплиналар аралык болуп саналат. Конкурска аталган тематиканы политология, экономика, социология, тарых, укук, философия чөйрөлөрүндө ачып көрсөткөн иштер кабыл алынат.

Конкурска катышууга ошондой эле төмөнкү темалар боюнча публицистикалык эсселер боюнча атайын номинация боюнча иштер кабыл алынат:

- "Дүйнөнүн жаңы бөлүнүшү: цивилизациялар согушубу же макрорегиондордун тең салмактуулугубу?»;

- "Маданият согуштары": адамдын иденттүүлүгүн кайра түзүү үчүн күрөш дүйнөлүк саясатка кандай таасир этет?

Сыйлыктар:

- негизги номинацияда конкурстун жеңүүчүлөрүнүн макалалары алдыңкы илимий журналдарда жарыяланат (анын ичинде, Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) тизмесине кирген журналдарда);

Конкурстун бардык финалисттеринин иштери илимий макалалар жыйнагында жарыяланат.

- кеминде 50 финалист 2024-жылдын июлунда Москвада өткөрүлүүчү Финалисттер форумунда өздөрүнүн иштерин презентациялоо үчүн катышууга, уникалдуу мастер-класстарда жана бай маданий программада катышууга грант алышат;

- негизги номинациядагы жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарды алышат – ноутбук, планшет же смартфон. Дебюттук номинацияда – акылдуу саат, фитнес-билерик же сырткы катуу диск. Ошондой эле, жюринин чечими боюнча атайын номинацияларда да сыйлыктар каралган.

Алардын жүрүшүндө конкурстун Финалисттер форумунда иштерди жактоо орун алган дебаттардын натыйжалары боюнча жюри жеңүүчүлөргө төмөнкүлөрдү ыйгарышы мүмкүн:

- илимий-изилдөө долбооруна, монография чыгарууга же Россияда конференцияга катышууга грант;

- Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында, анын ичинде ММЭМИде квалификацияны жогорулатууга грант;

- Евразия экономикалык комиссиясында практика өтүү же ММЭМИде такшалмадан өтүү үчүн сунуштама кат.

Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 13-майына чейин конкурстун konkurs-gromyko.org расмий сайтындагы электрондук форма аркылуу катышуучунун анкетасын жана конкурстук ишин камтыган өтүнмөнү берүү зарыл.

Толугураак маалымат конкурстун расмий сайтында: konkurs-gromyko.org. Уюштуруучулар менен байланыш үчүн: info@konkurs-gromyko.org.