Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 2
26 августундагы 2024
Талаптагыдай практикалардын жана фармацевтикалык инспекциялардын тутуму ЕАЭБде эң мыкты дүйнөлүк практикалардын деңгээлинде иштеп жатат
Евразия экономикалык комиссиясынын дары каражаттарынын жалпы рыногун жөнгө салуунун бир бөлүгү болуп саналган талаптагыдай фармацевтикалык практикаларды регламенттөө боюнча ишинин жыйынтыктары жана перспективалары жөнүндө ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чинара Мамбеталиева Уфа шаарында эл аралык катышуу менен өткөн Бүткүл россиялык GMP-конференциянын IX пленардык сессиясында айтып берди. ЕЭК өкүлү ЕАЭБде дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууну эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбалардын деңгээлинде, анын ичинде фармацевтикалык инспекциялар маселелери боюнча колдоо Комиссиянын 2024-2025-жылдардагы ишинин артыкчылыктарынын бири болуп саналат деп белгиледи. Дары каражаттарын жүгүртүү жаатындагы талаптагыдай практикалардын тутуму (GxP) жана фармацевтикалык инспекциялар боюнча бирдиктүү документтер евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө дары каражаттарынын сапатын камсыздоонун бирдиктүү тутумун жана фармацевтикалык инспекциялардын жыйынтыктарын өз ара таануу үчүн негизди түзөт. ЕАЭБ GxP´си аларды колдонуу практикасын жана эң мыкты дүйнөлүк практиканы өнүктүрүүнү эске алуу менен үзгүлтүксүз өнүгүп жана дайыма актуалдаштырылып турат. ЕЭКтин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Рождественский конференциянын панелдик сессиясына катышты. Анда фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү жана каттоо жол-жоболорунун алкагында инспекцияларды демилгелөө бөлүгүндө Бирликтин укугу менен улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери каралды. Эл аралык катышуу менен IX Бүткүл россиялык GMP конференциясы — талаптагыдай тажрыйба чөйрөсүндөгү жылдын негизги окуяларынын бири. Иш-чарага жыл сайын ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрү, жөнгө салуучуларынын жана фармацевтикалык инспектораттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун европалык регионалдык бюросунун жана ЕАЭБде байкоочу өлкөлөрдүн жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү катышышат.
26 мартындагы 2024
ЕАЭБде 2024-жылдын 27-июлуна чейин берилген оюнчуктарга шайкештик сертификаттары алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин оюнчуктарга карата бирдиктүү техникалык регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин бекитти. Өзгөртүүлөр шайкештикти баалоонун деталдаштырылган жол-жоболорун белгилейт. Уруксат берүүчү документтер – 2024-жылдын 27-июлуна чейин берилген* жана бул сертификаттардын мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болгон шайкештик сертификаттары менен ЕАЭБдин бажы аймагында оюнчуктарды жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү аныкталды. Мындай оюнчуктарды жүгүртүүгө алардын жарактуулук мөөнөтүнүн (колдонуу мөөнөтүнүн) ичинде уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүктү белгилөө ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет, анткени даярдоочу, даярдоочу ыйгарым укук берген жактар жана оюнчуктарды сатуучулар (жеткирүүчүлөр) үчүн шайкештикти баалоонун жаңыланган жол-жоболоруна "жумшак" өтүү камсыз кылынат. Маалымат. *Кеңештин 2024-жылдын 26-январындагы № 5 чечими менен кабыл алынган, техрегламентке өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү датасы.