Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин оюнчуктарга карата бирдиктүү техникалык регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин бекитти. Өзгөртүүлөр шайкештикти баалоонун деталдаштырылган жол-жоболорун белгилейт.
Уруксат берүүчү документтер – 2024-жылдын 27-июлуна чейин берилген* жана бул сертификаттардын мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болгон шайкештик сертификаттары менен ЕАЭБдин бажы аймагында оюнчуктарды жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү аныкталды.
Мындай оюнчуктарды жүгүртүүгө алардын жарактуулук мөөнөтүнүн (колдонуу мөөнөтүнүн) ичинде уруксат берилет.
Мындай мүмкүнчүлүктү белгилөө ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет, анткени даярдоочу, даярдоочу ыйгарым укук берген жактар жана оюнчуктарды сатуучулар (жеткирүүчүлөр) үчүн шайкештикти баалоонун жаңыланган жол-жоболоруна "жумшак" өтүү камсыз кылынат.
Маалымат.
*Кеңештин 2024-жылдын 26-январындагы № 5 чечими менен кабыл алынган, техрегламентке өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү датасы.