Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик Консультативдик комитетинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча 2024-жылы артыкчылыктуу боло турган Биргелешкен иш-аракеттер программасын ишке ашырууга байланыштуу иштин багыттары аныкталды. Бирлик өлкөлөрү үчүн тиешелүү сунуштама кийинки жылдын биринчи кварталында Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда сунушталат.
Аталган Программага ылайык, 2024-жылдын темасы "Керектөөчү жана ишкер: өнүгүү үчүн ишеним" деп аталат.
Консультативдик комитеттин төрагасы - ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко мындай деп белгиледи: "Бирликтин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программа өлкөлөрдүн биргелешкен ишин системалык пландык деңгээлге алып чыкты. Мындай иштин натыйжалары бийликтин, коомдун жана бизнестин кызыкчылыктарынын айкалышкан тең салмактыгына негизделген евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттардын ырааттуу калыптанышы үчүн негиз болуп калат".
ЕЭК министри Виктор Назаренко баса белгилегендей, мүчө мамлекеттердин деңгээлинде керектөөчүнүн жана ишкердин өз ара иштешүү көйгөйлөрүн ачык жана ар тараптуу талкуулоо Бирликтин ачык жана адилеттүү керектөө рыногун өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу бирликтик чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз түзөт.
Отурумдун катышуучулары Комиссия тарабынан даярдалган серепте берилген ЕАЭБдеги коомдук керектөө уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуу проблематикасын карап чыгышты.
ЕЭК Коллегиясынын, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин ишин колдоо максатында, Консультативдик комитеттин Беларусь Республикасынан мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча даярдалган сунуштаманын долбоору жактырылды.
Каржылык жана юридикалык консультация берүүдө, ошондой эле техникалык жактан татаал товарларды сатуудан кийинки тейлөө жана оңдоо кызматтарын көрсөтүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери каралды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө жана Бирлик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мындан аркы иштердин планы белгиленди.
Маалымат
Жылдын темасы жыл сайын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө Биргелешкен иш-аракеттер программасына ылайык аныкталат. 2023-жылы өлкөлөрдүн биргелешкен иши "Сабаттуу керектөөчү - жоопкерчиликтүү бизнес" урааны астында өтүүдө.