ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында өзгөртүүлөр киргизилмекчи
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 13-июлда Бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимге электрондук сооданы жөнгө салууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактырды жана аны Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине ички макулдашууга жиберди.

Протоколдун долбоору жеке жактар интернет-аянтчаларда сатып алган товарларды Бирликтин бажы аймагына алып келүү тартибин жана шарттарын, аларды бажылык декларациялоо жана бажы төлөмдөрүн төлөө өзгөчөлүктөрүн, мындай товарларды бажы ("бонддук") кампасынан жүктөп жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле электрондук соода операторунун институтун киргизүүнү аныктайт.

Долбоорду ЕАЭБ мамлекеттеринде кароонун жыйынтыктары 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында Комиссиянын аянтчасында талкууланат.

Скачать исходники фотографий