Жаңылыктар

30 Sep 2024 Бүгүнкү күндө бажы кызматы өз жашоосун санарипсиз элестете албайт Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов III Евразия экономикалык форумунда бажы органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүүнүн келечегине арналган панелдик дискуссиянын алкагында билдирди. Кириш сөзүндө ал чоң маалыматтарды талдоого жана башка контролдоочу органдар менен маалымат алмашууга негизделген бажы кызматтарынын иши бүгүнкү күндө маалыматтык тутумсуз жана технологияларсыз мүмкүн эмес экенин белгиледи. Буга байланыштуу модератор дискуссияны бажы кызматкерлеринин ишинин практикасына жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан жана тышкы соода шарттарын кыйла ыңгайлуу жана айкын кылууга мүмкүндүк берген долбоорлорго багыттады. ЕАЭБ бажы кызматтарынын жетекчилеринин орун басарлары өз тажрыйбалары жана максаттуу багыттары менен бөлүшүштү. Иштин келечектүү багыттарынын катарында спикерлер "бирдиктүү терезе", "товарлардын акылдуу чыгарылышы", электрондук навигациялык пломбалар, товарлардын бажылык наркын контролдоо максатында кызматтар ортосунда маалымат алмашуу сыяктуу долбоорлорду белгилешти. Санариптик технологиялардын кеңири масштабда жайылтылышына карабастан, бажы чек арасынын чектеш тарабында бажы кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу маанилүү. Ошол эле учурда чет өлкөлүк бажы кызматтары менен тажрыйба алмашуу, атап айтканда, санариптик булут технологияларына негизделген "акылдуу бажы" деп аталган мыкты тажрыйбалар боюнча тажрыйба алмашуу уланууда. Бизнес-коомдоштуктан спикерлер бажы кызматтарынын ишине санариптик чечимдерди андан ары киргизүүнү колдоого даяр экендигин тастыкташты, бул бажы кызматкерлери менен ТЭИнин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле бизнестин өкүлдөрү бажы органдары менен өз ара аракеттешүүнүн тутумдук маселелерин жалпы чечүүнү иштеп чыгууга мүмкүндүк берген эл аралык бирикме түзүшкөнү белгиленди. Жыйынтыгында Руслан Давыдов белгилеп өткөндөй, Комиссия жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бажы кызматтары Бирликти ийгиликтүү өнүктүрүү жана евразиялык интеграциянын максаттарына жетүү үчүн бирдиктүү бажылык жөнгө салууну жана укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо максатында, чогуу аракеттенүүсү маанилүү.
30 Sep 2024 ЕЭК жана Армениянын бажы кызматы кызматташтык маселелерин талкуулашты Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов III Евразия экономикалык форумунун талааларында Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Рустам Бадасян менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин жана келечектүү евразиялык долбоорлорду талкуулашты. Кеп электрондук сооданы жөнгө салуу, навигациялык пломбаларды колдонуу, бажы транзитинин бирдиктүү тутумун өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБде бажылык башкаруунун бирдиктүү стандартын киргизүү жөнүндө болду. Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын жана ЕЭКтин маалыматтык өз ара иштешүүсүн камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Руслан Давыдов Армениянын бажы кызматынын бирдиктүү терезенин улуттук тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгилеп өттү, анын аркасында бүгүнкү күндө Арменияда жылына 200 миңден ашык уруксат документтери электрондук түрдө берилүүдө. Муну ЕАЭБ аймагында Бирликтин бүтүндөй бажы аймагына жайылтуу зарыл болгон мыкты тажрыйбалардын бири катары таанууга болот.
26 Sep 2024 Товарлардын декларациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин оңдоо пландаштырылууда 25-сентябрда Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетине караштуу бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Эксперттер бажы органы менен тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучусунун өз ара аракеттешүүсүндө электрондук документ жүгүртүү артыкчылыгына, ошондой эле кагаз жүзүндөгү документтерди минималдаштырууга багытталган товарларга декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ 2022-жылы түзүлгөн, анын иш чөйрөсүнө товарларды декларациялоо маселелери кирет. Товарларга декларацияда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 289 чечими менен бекитилген.
20 Sep 2024 Комиссияда экспресс-жүктөр үчүн жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуу учурларын кеңейтүү маселеси талкууланды 19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана Евразия экономикалык бирлигинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Жумушчу топтун отурумуна мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты. Эксперттер Казакстан Республикасынын сунушу боюнча экспресс-жүктөргө декларацияны толтуруу эрежелерин андан ары унификациялоо менен байланышкан маселелерди карашты. Ошондой эле, валюталык көзөмөл үчүн айрым маалыматтарды көрсөтүү боюнча казакстандык бизнестин сунуштары жана мындай жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуу менен товарлар декларацияланышы мүмкүн болгон учурларды кеңейтүү боюнча россиялык бизнестин сунуштары жактырылды. Экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдында түзүлгөн жана 2018-жылдан бери иштеп келе жатат. Экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы жана экспресс-жүктөр үчүн товарлардын декларациясы экспресс-жүктөрдү декларациялоодо колдонулган жөнөкөйлөтүлгөн бажы декларациялары болуп саналат. Экспресс-жүк — жеке коштомо кагазга ылайык бул товарды алуучуга эң аз мүмкүн болгон жана (же) белгиленген убакыт аралыгында жеткирүү максатында, ыкчам ташуунун алкагында ташууларды уюштуруунун жана көзөмөлдөөнүн электрондук маалыматтык тутумун пайдалануу менен ар кандай түрдөгү транспорт менен ташылуучу товар, эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарды кошпогондо.
19 Sep 2024 Руслан Давыдов: "Бирдиктүү бажылык жөнгө салуу – ЕАЭБдин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн фактору" Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов "Евразия экономикалык бирлигине 10 жыл: бажылык башкаруу моделинин трансформациясы" эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети тарабынан Беларусь Республикасынын Бажы кызматкерлеринин күнүнүн алдында уюштурулган. Руслан Давыдов өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, ЕЭК менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын тыгыз өз ара иштешүүсүнүн аркасында Бирлик иштеген 10 жылдын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимдин ченемдерин ишке ашырууда жана бажылык башкарууну унификациялоодо олуттуу прогресске жетишилди.  Ошол эле учурда Руслан Давыдов жакынкы келечекке негизги милдет катары ЕАЭБде ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында каралган, бажы операцияларын жүргүзүүнүн бирдиктүү стандартын киргизүүнү белгиледи.  Бул милдетти чечүүгө бажы наркын контролдоо боюнча ишти унификациялоо, электрондук навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүү, мультимодалдык ташууларды жөнгө салуу жана ЕАЭБ Бажы кодексин өркүндөтүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер багытталат.  Ошондой эле Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында Руслан Давыдов Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, өзгөчө экономикалык аймак макамына ээ болгон, ал эми анын резиденттерине бажылык жеңилдетүүлөр берилген "Великий камень" индустриалдык паркынын иши менен таанышты.
12 Sep 2024 ЕАЭБде декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууну укуктук жөнгө салуу өркүндөтүлүүдө ЫЭОлор үчүн жеңилдетүүлөрдүн бири болуп саналган товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууга тиешелүү Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечимдеринин долбоорлору Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Александр Титовдун жетекчилиги астында Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда талкууланды. Биринчи долбоор акциздик маркалар жөнүндө маалыматтарды жөнөкөйлөтүлгөн бажы документинде – бергенге чейин чыгаруу жөнүндө арызда көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Мунун аркасында акциздик товарларга карата товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу сыяктуу жөнөкөйлөтүүнү практикалык колдонуу мүмкүн болот. Эксперттик деңгээлде колдоого алынган чечимдин экинчи долбоору мурда чыгарылган товарлардын декларациясына карата, башкача айтканда товарларды декларациялоонун жана чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин колдонууда бажы документтерин жана маалыматтарын текшерүү тартибин камтыйт. Мындан тышкары, жумушчу топтордун отурумунун жүрүшүндө декларация белгиленген мөөнөттө берилбеген мурда болгон учурдун негизинде декларация берилгенге чейин чыгарууга арызды каттоодон баш тартуунун укук колдонуу практикасы маселелери талкууланды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор — бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы. ЕЭК Коллегиясынын 4-сентябрдагы № 103 Чечими менен 2025-жылдын 1-апрелинен тарта Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 323 "Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр аларга карата колдонулушу мүмкүн болбогон товарлардын тизмеси жөнүндө" чечимин жокко чыгаруу каралган. Арыз бергенге чейин чыгаруу — бул ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн бири. ЕЭК Коллегиясынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 171 чечими менен товарларга декларация берилгенге чейин чыгаруу жөнүндө арызды толтуруунун формасы жана тартиби бекитилген. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ 2022-жылы түзүлгөн, анын иш чөйрөсүнө товарларды декларациялоо маселелери, анын ичинде бажы декларациясын бергенге чейин чыгаруу жөнүндө арыздын формасы жана толтуруу тартиби кирет.
11 Sep 2024 ЕЭКте Армениянын "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча долбоору презентацияланды Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитети 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында "бирдиктүү терезе" улуттук механизминин долбоорун сунуштады. Иш-чарага "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин өнүктүрүү долбооруна тартылган ЕЭКтин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышышты. Армениялык ведомство "Армения Республикасынын тышкы соодасы үчүн улуттук бирдиктүү терезе" санариптик платформасынын ишин көрсөттү. Атап айтканда, чарбакер субъекттердин, ошондой эле бажы органдарынын тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча башка мамлекеттик органдар менен тутумчасынын интеграциясы көрсөтүлдү. Бирлик өлкөлөрүндө "бирдиктүү терезенин" улуттук механизмдерин куруунун ыкмалары менен таанышуу үчүн Комиссия тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте бул ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 4 "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" тескемеси менен Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу боюнча чаралар, механизмдер жана иш-чаралар аныкталган. Иш чаралар планынын 9.4-пунктунун бөлүгүндө андан ары алардын шайкештигин жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялоого багытталган иш-чараларды уюштуруу аныкталган
Дагы көрсөтүү