Жаңылыктар

29.04.2022

ЕАЭБде улуттук стратегиялык пландоо агенттиктеринин өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыгууда

29-майда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында эксперттик топтун отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин региондорунун кууп келе жаткан экономикаларын өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоо жана бул максатта улуттук стратегиялык пландоо агенттиктеринин өз ара аракеттенүүсү маселелери талкууланды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Комиссия Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте үч жылдан бери ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын эске салып өттү. Аталган мезгилдин ичинде кызматташтыктын уюштуруучулук формасынын ар түрдүү варианттары, анын ичинде жаңы өнүктүрүү фондун түзүү, ЕАЭБдин жана ЕСӨФтүн мандатын кеңейтүү варианттары каралды, бирок сунуштардын көпчүлүгүн тараптар бир добуштан макулдашышкан жок.

Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, региондордун кууп келе жаткан экономикаларын өнүктүрүү милдетин чечүү үчүн Россия Федерациясынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер агенттигинин (СДА) иштелмелерин колдонууга болот.

"Биз жаңы институтту түзбөстөн, ишти улуттук агенттиктердин консорциумунун негизинде түзүүнү сунуш кылабыз. Стратегиялык демилгелер агенттиги тутумдук методологияны иштеп чыккан, аны ЕАЭБдин алкагында инвестициялык климатты өркүндөтүү, кадрларды даярдоо жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жаатында мыкты иш-тажрыйбалар менен алмашуу үчүн колдонууга болот", – деди Сергей Глазьев.
Ал учурда улуттук стратегиялык пландоо агенттиктери Бирликтин төрт мамлекетинде: Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда түзүлгөндүгүн жана иштеп жаткандыгын кошумчалады.

"СДА улуттук агенттиктердин ортосундагы учурда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн негизги болуп саналган багыттар боюнча өз ара аракеттенүү үчүн сунушталган консорциумдун алкагында стратегиялык өнөктөш болууга, долбоорлордун биргелешкен портфелин түзүүгө жана аларды ишке ашыруунун үстүнөн иштөөгө даяр", – деди СДАнын башкы директору Светлана Чупшева.
Ошондой эле, ал СДАнын бүгүнкү күндөгү ишинин негизги багыттарын белгиледи: орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык долбоорлоо, Россиянын региондорунда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ар түрдүү курактар үчүн актуалдуу компетенциялар боюнча кадрларды даярдоо, технологиялык долбоорлорду колдоо. Светлана Чупшева СДАнын Евразия мейкиндигиндеги стратегиялык пландоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтык тажрыйбасы бар экендигин жана аны ЕАЭБдин алкагында пайдаланууга болорун белгиледи.

Талкуунун натыйжалары боюнча улуттук агенттиктердин ыктымалдуу кызматташтыгынын формасы боюнча сунуштарды даярдоо жана бул маселени 26-майда Бишкекте өткөрүлүүчү Евразия экономикалык форумунун алкагында талкуулоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Маалымат

ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 33 тапшырмасына ылайык Комиссиянын Коллегиясынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 86 тескемеси менен түзүлгөн.

ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси 2018-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген. Концептуалдык жактан ал ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда жана Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарында, анын ичинде биргелешкен максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу, мүчө мамлекеттерди экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча теңдештирүү боюнча жоболордо жана башка чараларда чагылдырылган.