Жаңылыктар

29 апрелиндеги 2025 ЕЭК жана Иорданиянын Өкмөтү кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Иордания Хашимит Королдугунун соода-экономикалык диалогунун перспективаларын ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян жана Иордания Хашимит Королдугунун Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Халид Абдулла Шавабка талкуулашты. Микаел Беллуян ЕЭК ишти активдештирүү боюнча, анын ичинде кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында, мурда иорданиялык тарап тарабынан айтылган сунуштарды колдой турганын ырастады. ЕЭК Департаментинин директору 2025-жылы биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүүнү демилгеледи, анын күн тартибине соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын түзүү боюнча практикалык маселелерди киргизүү сунушталды. Мындай иш-чаралар Иорданиянын расмий чөйрөлөрүнүн жана ишкер коомдоштугунун өкүлдөрү үчүн евразия экономикалык күн тартиби боюнча тармактык семинарлар болушу мүмкүн. Халид Абдулла Шавабка бул сунуштарды колдоп, иорданиялык тарап ЕЭКтин өз ара аракеттешүүсүнө жана демилгелерине ачык жана аларга жогорку деңгээлде кошулууга даяр экенин кошумчалады. Жолугушуунун катышуучулары кызматташтыкты активдештирүү маселелерин иштеп чыгууну макулдашышты, бул үчүн ЕЭКтин Иорданиянын Соода жана өнөр жай министрлиги менен өз ара иштешүүсүн түзүү пландаштырылууда. Микаел Беллуян Иорданиянын Россиядагы Элчисин 2025-жылдын июнь айында Минскте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды. ЕЭК менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум 2017-жылы түзүлгөн. Документке ылайык тараптар регионалдык экономикалык интеграция; экономикалык өнүгүүнү жана макроэкономикалык кырдаалды талдоо; бажылык жөнгө салуу; техникалык жөнгө салуу; санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу; финансы; транспорт; энергетика; агроөнөр жай комплекси; атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу; өнөр жай; интеллектуалдык менчик; маалымат технологиялары; кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар; ишкердикти өнүктүрүү; мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу багыттар боюнча; жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттар боюнча кызматташтыкты ишке ашырууга ниеттенишет.
24 апрелиндеги 2025 ЕАЭБ өлкөлөрү экономикалык өсүш темпин дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору сакташты Интеграция жана макроэкономика боюнча министр Эльдар Алишеровдун төрагалыгы алдында өткөн Макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана келечеги жана мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясат жаатында кабыл алган чаралары жөнүндө баяндама каралды. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашты: жалпы ИДӨ 4,4%га өстү. Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү оң динамиканы көрсөттү. Мүчө мамлекеттер тарабынан кабыл алынган чаралар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, өз убагында алдын алууга жана дисбаланстарды жөнгө салууга багытталган. Отурумда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторингинин жыйынтыктары сунушталды. Жалпысынан алганда, ЕАЭБдин көпчүлүк өлкөлөрүндө бюджеттик жана карыздык туруктуулук сакталууда. Ошол эле учурда баалардын туруктуулугуна жетишүү мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Отурумдун катышуучулары болжолдоо тутумуна мамилелерди өркүндөтүү үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн расмий болжолдоолорун даярдоо үчүн колдонулган болжолдоолордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу тартибине өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясат маселелери боюнча корутундуларды, сунуштарды, сунуштамаларды даярдоону жана консультацияларды өткөрүүнү камсыз кылган, Комиссиянын Коллегиясына караштуу консультативдик орган болуп саналат.  ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 63-беренесине ылайык экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө инфляциянын деңгээли, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгы жана мамлекеттик башкаруу секторунун карызы кирет.
Эльдар Алишеров Ереванга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү 22 апрелиндеги 2025 Эльдар Алишеров Ереванга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Нарек Овакимян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери, анын ичинде "Евразия экономикалык жолу" Декларация-2030ду жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоо талкууланды. Анын ичинде тараптардын макулдашылган чечимдерин иштеп чыгууну талап кылган темалар каралды. Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Мнацакан Сафарян менен жумушчу жолугушуунун алкагында, ЕЭКтин негизги эл аралык өнөктөштөрү менен, анын ичинде регионалдык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын аянтчаларында иш-чараларды өткөрүүгө басым жасоо менен Евразия экономикалык бирлигинин 2025-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле Эльдар Алишеров Статистика комитетинин башчысы, Статистика боюнча мамлекеттик кеңештин төрагасы Степан Мнацаканян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин жана статистика чөйрөсүндөгү интеграцияны узак мөөнөттүү перспективага өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Статистиканы санариптештирүү жана анын калыптанышына илимий мамиле жөнүндө кеп болду. Дайындар жана SDMX метадайындар менен алмашуу стандартын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
18 апрелиндеги 2025 ЕЭК жана Куба кызматташтыкты тереңдетишет Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кубанын экономикалык диалогун тереңдетүүнүн перспективаларын ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Комиссиянын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Автандил Алыбаев жана Куба Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер департаментинин башкы директорунун орун басары Алехандро Симанкес Марин талкуулашты. Атап айтканда, ЕЭК менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча Биргелешкен комиссиянын отурумуна байланыштуу уюштуруу маселелери каралды. Автандил Алыбаев ЕЭКтин ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет катары Куба менен өз ара иштешүүсүнүн системалуу мүнөзүн белгиледи. Бул өлкө — Бирликтин Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагындагы негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. ЕЭК менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын отурумдарынын алкагында, Бирлик жана Куба өлкөлөрүнүн ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-семинарлар же бизнес-миссиялар өтүүдө, ЕАЭБ мамлекеттеринин компаниялары салтуу түрдө, кубалык эң ири конгресстик-көргөзмө иш-чарасына — FIHAV жарманкесине катышышат. Тараптар ушул жылдын күзүндө Москвада Биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү талкуулашты. Маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, фармацевтика, техникалык жөнгө салуу, СФС-чаралары жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты талкуулоо белгиленген. Алехандро Симанкес Марин белгилеп өткөндөй, Кубалык тарап үчүн конкреттүү кооперациялык долбоорлорду, биринчи кезекте биотехнологиялар жана жер семирткичтерди өндүрүү тармагындагы долбоорлорду карап чыгуу маанилүү. Буга байланыштуу өнөктөштөр ЕАЭБдин Ишкер кеңеши жана Кубанын Соода Палатасы менен өз ара аракеттенүүдө эки тараптын кызыкдар бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн Биргелешкен комиссиянын отурумуна катышууга кошууну макулдашышты. Жолугушууда ошондой эле ЕЭК менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2026-2030-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планынын жаңы долбоорун түзүү боюнча иштин жүрүшү талкууланды. Жыйынтыгында Алехандро Симанкес Марин делегациянын курамына расмий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн киргизүү менен Евразия экономикалык форуму – 2025ке Кубанын жогорку деңгээлдеги катышуу пландары жөнүндө маалымдады.
17 апрелиндеги 2025 Интеграция жана макроэкономика маселелерин Эльдар Алишеров жана Армения Республикасынын вице-премьери Мгер Григорян талкуулашты Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Ереванда Армения Республикасынын вице-премьери Мгер Григорян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. "Армения акыркы үч жылда ЕАЭБ алкагында экономикалык өсүштүн лидерлеринин бири бойдон калууда, – деп белгиледи Эльдар Алишеров. – Мисалы, 2024-жылы өлкөнүн экономикасы 5,9%га өскөн. Экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон калууда: 2025-жылдын февраль айында экономикалык активдүүлүктүн индекси 4,1%ды түзгөн. Эмгек рыногу оң тенденцияларды көрсөтүүдө: эмгек акынын жана жумуштуулуктун өсүшү байкалууда, жумушсуздук олуттуу төмөндөдү". Тараптар евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө пикир алмашышты. Декларация-2030ду ишке ашыруу боюнча планды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Аны Евразия экономикалык бирлигинин өнүктүрүү боюнча субстантивдик иш-чаралар менен толтуруунун маанилүүлүгү белгиленди.
ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү 09 апрелиндеги 2025 ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү Мониторинг көрсөткөндөй, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттериндеги мамлекеттик башкаруу секторунун карызы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген чектерде түзүлгөн. Бир катар өлкөлөрдө карыздын деңгээли ИДӨгө салыштырмалуу төмөндөгөн: Кыргызстанда – 13,1%га чейин, Россияда – 13,6%га чейин. Арменияда жана Казакстанда ички карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу карыздын ИДӨгө карата көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 48,2%га жана 23,2%га чейин өскөн. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин балансы да белгиленген маанилердин алкагында түзүлгөн: Казакстанда жана Россияда тиешелүүлүгүнө жараша орточо тартыштык – ИДӨнүн 0,7% жана ИДӨнүн 1,2% өлчөмүндө, Кыргызстанда – ИДӨнүн 3,5% деңгээлинде бюджеттин профицити. Биринчи кезекте бюджеттерге колдоону салыктык жана салыктык эмес кирешелердин өсүшү көрсөттү. Армения Республикасы өзгөчө болду, анда бюджеттин тартыштыгы калкты социалдык колдоого чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу ИДӨнүн 3,5%ын түзүп, белгиленген мааниден ашкан. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 63-беренесине ылайык өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетинин тартыштыгы – ИДӨнүн 3%нан көп эмес; мамлекеттик башкаруу секторунун карызы – ИДӨнүн 50%нан көп эмес.
07 апрелиндеги 2025 Алексей Ведев ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору болуп дайындалды Ведев Алексей Леонидович 1960-жылдын 15-апрелинде Москвада туулган. 1983-жылы Москва инженердик-физикалык институтунун кибернетика факультетин аяктаган. 1991-жылы Гарвард университетинин (Harvard University) "экономикада тең салмактуулук моделдерин колдонуу" курсунан өткөн. Эл аралык прикладдык системалык анализ институтунда (IIASA, Вена, Австрия) билим алган. Экономика илимдеринин доктору. 1985-1996-жылдары РИА БЭМИ улук илимий кызматкери болгон. 1993-2006-жылдары ошондой эле "Россиянын экономикалык өнүгүүсү" жана "Каржылык рыноктор" сереп" журналдарында башкы редактор болуп иштеген. 1993-2014-жылдары "Веди" аналитикалык лабораториясын жетектеген. 1996-жылы Хитоцубаси Университетинин конок профессору болгон (Hitotsubashi University, Токио, Япония). Ошол эле жылы ДиалогБанкта иштеп баштаган. Маалымат-аналитикалык башкармалыкты, андан кийин — каржы рынокторунун сатуу жана кардарларды тейлөө топтору башкармалыгын жетектеген, башкы экономист болгон. 2004-жылдан тартып үч жыл аралыгында "Өнүгүү борбору" экономикалык изилдөөлөр фондун жетектеген. 2007-жылга чейин Global Source Partners компаниясынын (Нью-Йорк, АКШ) өлкөлүк эксперти болгон. 2007-2011-жылдары Москва Банкынын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору болуп иштеген. 2011-2014-жылдары "Стратегиялык иштеп чыгуулар борбору" фондунун финансылык изилдөөлөр боюнча директору, Россиялык банктар ассоциациясынын аткаруучу вице-президенти, Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун структуралык изилдөөлөр Борборунун директору болгон. 2014-жылдын августунан 2017-жылдын февралына чейин Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген. 2017-жылдан бери Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун финансылык изилдөөлөр лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери жана ПЭИИ, РЭЧжМКА Структуралык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы болуп саналат. "Структуралык кайра түзүүлөрдүн жана туруктуу экономикалык өсүштүн приоритеттери" багыты боюнча РФ Президентине караштуу экономикалык кеңештин жумушчу тобунун мүчөсү. 2025-жылдын 7-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык департаментинин директору болуп дайындалды.
27 мартындагы 2025 ЕЭК жана Бангладеш Эл Республикасы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты Соода-экономикалык кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери Евразия экономикалык комиссиясы менен Бангладеш Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө талкууланды. Жолугушуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Бангладештин соода министринин орун басары Аиша Актердун тең жетекчилиги алдында 26-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында өттү. "ЕЭК үчүнчү мамлекеттердин өкмөттөрү менен диалогду жигердүү өнүктүрүүдө жана соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында ЕАЭБ менен практикалык өз ара иштешүүнү тереңдетүүгө Бангладештин кызыкчылыгын жогору баалайт", — деп ЕЭК министри билдирип, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн жана Бангладештин салттуу тыгыз экономикалык байланыштарын баса белгиледи. Эльдар Алишеров белгилеп өткөндөй, 2019-жылы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Бангладештин товар жүгүртүүсү Кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлгөн учурдан тартып жогорулоо тенденциясына ээ болгон, ал эми 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүүнүн өсүшү 5%дан ашкан, бул ЕАЭБдин ИДӨсүнүн 4,2%, жана Бангладештин ИДӨсүнүн — 5,7% өсүш темпинин фонунда болуп жатат, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бангладешке экспортунун салттуу статьялары болуп айыл чарба продукциялары, энергоресурстар, металлдар, машиналар жана жабдуулар саналат, ал эми Бангладештен ЕАЭБдин импортунда текстиль, кийим жана бут кийимдер басымдуулук кылат. "Тараптардын бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана өз ара иштешүүнү кеңейтүү үчүн жаңы перспективалуу багыттарды издөө маанилүү милдет болуп саналат", — деп белгиледи Эльдар Алишеров, ЕЭК менен Бангладештин биргелешкен иш пландарына комментарий берип жатып. Өз кезегинде Аиша Актер тараптарда соода-экономикалык кызматташтыктын дараметин сапаттуу ачуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар бар экендигине көңүл бурду. Бангладеш ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүнүн узак мөөнөттүү мүнөзүн баалайт жана Бирлик өлкөлөрүнөн ишкерлерге азык-түлүк, агрардык чийки зат, айыл чарба техникасы сыяктуу товарлар үчүн өздөрүнүн сыйымдуу ички рыногун (180 млн адам) толугураак пайдаланууну, ошондой эле Бангладештин азык-түлүктү кайра иштетүү жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүнү сунуштайт. Тараптар Бангладешке азык-түлүк дандарын жеткирүүнү кеңейтүүнү кеңири талкуулашты, эмгек миграциясын уюштуруу боюнча маалымат жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар менен алмашышты. Айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү ташуунун транспорттук-логистикалык чынжырчаларын, анын ичинде жаңы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бангладештик тарап ЕАЭБ менен Бангладештин ортосунда эркин соода аймагын түзүү маселесинде өзүнүн кызыкчылыгын ырастады. Ошол эле учурда ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумунун алкагында бангладештик экспортерлор үчүн потенциалдуу артыкчылыктар жөнүндө айтып беришти. Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Бангладештин бизнесин өз ара иштешүүнү бекемдөөгө жана институционалдаштырууга, бизнес-диалогду түзүүгө чакырышты. ЕЭК Бангладештин расмий жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн Минскте 2025-жылы өтө турган Евразия экономикалык форумуна келип кетүүгө чакырды. Биргелешкен жумушчу топтун кезектеги отуруму 2026-жылы өтөрү аныкталды. Евразия экономикалык комиссиясы менен Бангладеш Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга 2019-жылдын 31-майда Москвада кол коюлган.
Дагы көрсөтүү