Айк Арменович Тутунджян 1983-жылы Ереван шаарында төрөлгөн.
2005-жылы Ереван мамлекеттик университетин "Саясат таануу жана англис тили" адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы ушул эле университеттин аспирантурасын акятаган. 2014-жылы Флетчер укук жана дипломатия мектебин аяктаган (Бостон шаары, АКШ).
Филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ.
2011-2014-жылдары Армения Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.
2014-2017-жылдары "Арменияны өнүктүрүү демилгеси" фондунун "Татев кайра жаралуусу" долбоорунун жетекчиси болуп эмгектенген.
2017-2021-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген
2021-жылдын ноябрынан 2024-жылдын августуна чейин ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болгон.
2024-жылдын 30-августунда ЕЭКтин Энергетика департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.