Жаңылыктар

03 Dec 2024 Арзыбек Кожошев ТТКК пленардык отурумуна катышты Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Мумбай шаарында (Индия Республикасы) болуп өткөн Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңештин (ТТКК) 33-пленардык отурумунун катышуучуларынын алдында видео кайрылуу форматында чыгып сүйлөдү. Арзыбек Кожошев натыйжалуу жана туруктуу транспорттук инфраструктура экономикалык өсүштүн жана эл аралык сооданын драйверине айланып бара жатканын белгилеп өттү. Министр транспортчулардын, жүк ээлеринин жана транспорт кызматтарын пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын теңдемине жетишүүгө багытталган стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууну жана биргелешип ишке ашырууну консолидациялаган орган катары Комиссиянын өзгөчө ролун баса белгиледи. Отурум евразия регионундагы логистикалык чынжырчаларды оптималдаштыруу, "Батыш – Чыгыш" жана "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридорлорунун "тар жерлерин" жоюу үчүн темир жол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү, мультимодалдык контейнердик ташууларды үзгүлтүксүз уюштурууну камсыздоо, ошондой эле транспорттогу санариптештирүү тармагында кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерге арналды. Бул иш-чарага катышуу 2017-жылы кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында ЕЭК менен ТТКК өз ара иштешүүсү боюнча системалуу иштердин уландысы болуп калды.
29 Nov 2024 ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө даярдык камсыз кылынды ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын орун басарлары 29-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарын колдонуу боюнча пилоттук долбоорго старт беришти. Пилоттук долбоордун негизги максаты – санариптик кол тамга жана "ишеним көрсөтүлгөн үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен ар кайсы өлкөлөрдүн субъекттеринин ортосунда юридикалык жактан маанилүү электрондук документтерди чек ара аралык алмашуунун технологиясын практикалык иштеп чыгууну камсыз кылуу. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу транспорттук документтерди алуу жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун ишке ашырууда чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт. "Пилоттук долбоордун натыйжалары ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумунун сервистеринин бирин ишке ашырууда, ошондой эле навигациялык пломба камтышы керек болгон электрондук документтерди колдонууга өтүү боюнча иште колдонулат", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев. e-CMR колдонуу ташуучулардын убакыттык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет. Тактап айтканда, электрондук документтерди колдонууда бир мүнөттөн ашык убакыт кетпейт, ал эми кагаз түрүндөгү коштомо кагаздар менен иштөөдө 20 мүнөттөн ашык убакыт сарпталчу. Мындан тышкары, эл аралык эксперттердин маалыматы боюнча, e-CMR колдонуунун өздүк наркы, чыгаруу, кол коюу, жөнөтүү, статусун тактоо жана архивдөө менен чогуу алганда 1,6 еврону түзөт, ал эми кагаз түрүндөгү транспорттук коштомо кагаздын өздүк наркы 6,23 евронү түзгөн.
22 Nov 2024 2025-жылы ЕЭК ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорунун табигый монополиялар бөлүгүндө ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт Мындай чечим 22-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин 29-отурумунда кабыл алынды. Отурумдун катышуучулары сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен аракеттердин жалпы форматын жана алгоритмин жактырышты. Алар ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салууда ЕАЭБ өлкөлөрү жетекчиликке алган принциптердин сакталышын баалоо үчүн колдонулат. Талдоонун натыйжалары табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө андан ары айкалыштыруу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн гана эмес, "бешилтик" өлкөлөрүнүн ченемдик-укуктук актыларын мүмкүн болгон актуалдаштыруу максатында да колдонулушу пландаштырылууда. Консультативдик комитет табигый монополиялар маселелери боюнча аналитикалык отчеттун түзүмүн жактырды. Документти Жогорку евразия экономикалык кеңешине 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында берүү пландаштырылууда. Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча мындан аркы иштерди талкуулашты. ЕАЭБ жөнүндө келишимге аларды тактоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
21 Nov 2024 Арзыбек Кожошев KAZLOGISTICS башчысы менен жолугушуу өткөрдү 20-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Казакстандын KAZLOGISTICS транспортчулар бирлигинин башкы директору Канат Альмагамбетов жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов дагы катышты. Автомобиль, темир жол, суу жана аба транспортун, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланды жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар иштеп чыгарылды. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн бириктирүү жана транспорт ишинин мыкты тажрыйбаларын жайылтуу синергетикалык натыйжага жетишүүгө жана транспорт тармагынын кошумча резервдерин ачууга жардам берет", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Жолугушуунун катышуучулары учурдун негизги чакырыктарынын бири болуп евразия мейкиндигинде идеалдуу шартта тоскоолдуктарсыз жана технологиялык чектөөлөрсүз ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштеген транспорттук-логистикалык комплексти түзүү саналарын баса белгилешти. Арзыбек Кожошев 1-октябрда Ереванда ЕӨАК отурумунда бекитилген 2024-2026-жылдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт саясаты чөйрөсүндө жол картасын практикалык жүзөгө ашыруу үчүн, Комиссиянын потенциалын транспорттук ведомстволор, ассоциациялар, илимий уюмдар жана бизнес-коомдоштук менен бириктирүү зарылдыгына көңүл бурду. "Бул документ көрсөтүлгөн мезгилге карата ЕАЭБ транспорттук комплексин комплекстүү өнүктүрүүнүн негизги программасы болуп саналат, аны ишке ашыруудан көп жагынан анын иштешинин тең салмактуулугу жана туруктуулугу көз каранды", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев. ЕЭК министри Комиссиянын аянтчасында өлкөлүк демилгелерди тереңирээк изилдөө жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын жетекчилеринен турган диалог аянтчасын түзүү зарылдыгын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин туруктуу жана натыйжалуу иштеген транспорт тутумун түзүүгө багытталган кызматташтыкты улантуу макулдашылды.
20 Nov 2024 Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы болуп инфраструктуралык шайкештик саналат" Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин 44-отурумуна катышты. Иш-чара Москвада "Россия транспорту" эл аралык форумунун жана көргөзмөсүнүн алкагында болуп өттү. Арзыбек Кожошев белгилегендей, бул аянтча салттуу түрдө транспорт маселелеринде өзөктүү болуп саналат жана жалпы транспорттук мейкиндикти калыптандырууда жана КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук комплекстеринин натыйжалуу иштешинде маанилүү ролду ойнойт. ЕЭК министри Комиссия КМШ менен транспорт чөйрөсүндө кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгиледи. Ошону менен бирге, ал ЕАЭБдин биринчи кезектеги милдети болуп негизги түзүүчүлөр: ылдамдык, сактуулук, нарк жана туруктуулук менен өзүн-өзү камсыз кылуучу сервистик инфраструктуранын жана туруктуу транспорттук байланыш технологияларынын негизинде транспорттук коммуникацияларды биргелешип түзүү болуп саналат деп эсептейт. "ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы болуп инфраструктуралык шайкештик, кызматташтыктын тажрыйбасы жана салттары саналат, алар жаңы транзиттик коридорлорду түзүүгө жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн ири рынокторуна биргелешип чыгууга өбөлгө түзүшү мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭК министри. Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин транспорттук ведомстволорунун жетекчилери катышты, алар эл аралык транспорттук коридорлорду, инфраструктураны жемиштүү өнүктүрүүгө жана Шериктештик өлкөлөрүнүн транспортунун бардык түрлөрү менен ташууларды модернизациялоого багытталган бир катар биргелешкен иш-чараларды карап чыгышты жана талкуулашты.
19 Nov 2024 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрликтеринин жетекчилери 2025-жылы өз ара иштешүүнүн перспективаларын талкуулашты 2025-жылы өз ара иштешүүнүн актуалдуу багыттарын 19-ноябрда Россиянын Транспорт жумалыгынын алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин отурумунда талкуулашты. Кеңештин мүчөлөрү 2024-2026-жылдарга ЕАЭБде координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана этаптары боюнча жол картасын аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрүнө транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө маалымдады. Катышуучулар евразиялык транспорттук коридорлордун (каттамдардын) айрым участокторун өнүктүрүү, "тар жерлерди" аныктоо жана четтетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө айтып беришти, ошондой эле ЕАЭБ алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо механизмин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Арзыбек Кожошев "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалымдады. Отурумдун катышуучулары тараптардын бир катар демилгелүү сунуштарын колдошту. Алардын катарында – ЕАЭБ өлкөлөрүндө эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу, Евразия экономикалык комиссиясы менен Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле ЕЭКтин жана Эл аралык жол транспорту бирлигинин (IRU) эгидасы алдында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин автомобилдик ташуучулар ассоциацияларынын катышуусу менен өнөктөштүк диалогду өткөрүү каралган.
15 Nov 2024 Арзыбек Кожошев: "Илимий-изилдөө борборлору менен кызматташуу транспорт тармагындагы долбоорлордун натыйжалуулугунун маанилүү элементи болуп саналат" Жол чарбасы, автотранспорт, өнүктүрүү жана адистерди даярдоо чөйрөсүндө кызматташуунун келечектүү багыттары Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча блогунун жана "Автомобиль транспортунун илимий-изилдөө институту" ААКнын өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-чаралар планына кирди. 2024-2025-жылдарга эсептелген документке 15-ноябрда Москвада өткөн "Интеграция" VI Евразиялык ишкердик форумунун талааларында кол коюлду. Планда транспорттук тутумдар чөйрөсүндө аналитикалык материалдарды, маалыматтык маалымдамалардын электрондук-санариптик версиясын, ошондой эле тармактык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун биргелешип даярдоого багытталган иш-чаралар камтылган. Тараптардын өз ара аракеттенүүсү ошондой эле биргелешкен иш-чараларды, квалификацияны жогорулатуу программаларын өткөрүүнү болжолдойт. "ЕЭК менен транспорт жаатындагы илимий-изилдөө борборлорунун кызматташтыгы евразия мейкиндигинде интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев иш-чаралардын биргелешкен планына кол коюунун жыйынтыктары боюнча. Өз кезегинде, "Автомобиль транспорту илимий-изилдөө институту" ААКнын башкы директору Валерий Машков узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдарлыгын ырастап, ЕЭК менен АТИИИнин өз ара иштешүүсүнүн оң жыйынтыктарын белгилеп өттү. Автомобиль транспортун илимий-изилдөө институту (АТИИИ) автомобиль транспортун эксплуатациялоо көйгөйлөрү жаатындагы алдыңкы илимий-изилдөө борбору болуп саналат. Алсак, Институт 2010-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын Транспортун өнүктүрүү стратегиясын, 2020-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын Транспорттук стратегиясын, 2030-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын Транспорттук стратегиясын иштеп чыгууга катышкан.
15 Nov 2024 Арзыбек Кожошев: "Технологиялык суверенитет туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда маанилүү факторуна айланууда" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 15-ноябрда Москвада өткөн "Интеграция" VI Евразиялык ишкердик форумунда айтып берди. "ЕАЭБдин технологиялык суверенитети жана өнөр жай кооперациясы: ишке ашыруу механизмдери" пленардык отурумунда сөз сүйлөп жатып, ЕЭК министри күн тартибине "сезимтал темалардын бири коюлганын" белгиледи. "Албетте, заманбап дүйнөдө технологиялык суверенитет туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү факторуна айланууда. Ошол эле учурда энергетика жана транспорт – экономиканын тармактарын өнүктүрүү үчүн физикалык инфраструктураны гана камсыз кылбастан, тышкы тобокелдиктерден көз карандысыздыкка өбөлгө түзгөн факторлор. Евразиялык интеграциялык байланыштуулук биздин өлкөлөрдүн белгилүү атаандаштык артыкчылыгына айланууда", – деп билдирди Арзыбек Кожошев. ЕЭК министринин пикири боюнча, эл аралык энергетикалык ландшафттын өзгөрүү шарттарында евразиялык "бешилтик" өлкөлөрү макулдашылган энергетикалык саясатты жүргүзүүсү жана алардын энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү боюнча биргелешкен иши өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Арзыбек Кожошев ошондой эле "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүүнүн жана Кытай, Иран, БАЭ, Индия жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен бул тематика боюнча кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. "Транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өркүндөтүү энергоресурстарды жана жабдууларды жеткирүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет, бул технологиялык эгемендүүлүктү камсыз кылууга өбөлгө түзөт", – деп эсептейт Арзыбек Кожошев. 
Дагы көрсөтүү