Жаңылыктар

30.09.2022

ЕАЭБде улуттуктан жогорку евразиялык компанияларын түзүү боюнча сунуштар берилди

Евразиялык компанияларды түзүү перспективаларын, алар үчүн атайын укуктук режим боюнча сунуштарды жана бизнес үчүн башка актуалдуу маселелерди Евразия экономикалык комиссиясынын Өз ара аракеттенүү боюнча консультативдик кеңешинин жана Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин катышуучулары талкуулашты. Отурум ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясниковичтин төрагалыгы астында 29-сентябрда Комиссиянын штаб-квартирасында өттү.

Михаил Мясниковичтин айтымында, ЕАЭБ экономикасы болуп көрбөгөндөй санкциялык басым шарттарында иштеп жатат. Мындай жагдайда улуттук компаниялар менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда жаңы экономикалык мамилелерди түзүү зарыл.

"Импортту алмаштыруунун жана өнөр жай кооперациясынын өркүндөтүлгөн тутуму керек. Индустриялаштыруу картасы бул иште олуттуу орунду ээлеши мүмкүн. Бүгүнкү күндө ага 273 млрд АКШ доллары суммасында 158 долбоор кирет, - деди Михаил Мясникович. - Биринчи кезектеги долбоорлорду жана программаларды аныктоо зарыл. Артыкчылыкта кооперациялык курамы, улуттук компетенциялардын тийиштүү деңгээли бар бизнес-долбоорлор болушу керек".

"Экономиканын жогорку мектеби" илимий изилдөө университетинин проректору, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун директору Андрей Жулин ЕАЭБ укугунун алкагында евразиялык компанияларды түзүүнүн келечеги жөнүндө изилдөөнү сунуштады. Буга чейин бул маселени иштеп чыгууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда тапшырышкан.

"Евразиялык компанияларды түзүүнүн негизги максаты - ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда кайра иштетүү өнөр жай тармактарында өнөр жай кооперациясын колдоо. Чынында, кеп компаниялардын укуктук статусунда, жана алуучу негизги натыйжада, тактап айтканда, алар кооперациялык долбоорлордун алкагында жөнгө салуучу басмырлоолор жана коромжулар жоюлат", - деп баса белгиледи Андрей Жулин.

Коромжулардын азайтылышын ЕАЭБдеги базалык укуктук режимге салыштырмалуу, товарлардын, жумушчу күчтөрдүн, капиталдын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылынын эркиндигин андан ары кеңейтүүнүн эсебинен камсыз кылуу болжолдонууда. Ошону менен катар компанияны трансчек аралык жылдыруу мүмкүнчүлүгү жана натыйжада, анын активдерин жана өндүрүш факторлорун которуунун кыйла либералдуу режими, либералдуу корпоративдик жөнгө салуу, салык чектөөлөрүн алып салуу сыяктуу инструменттерди колдонуу сунушталат.

Кеңешменин катышуучулары бул багытта мындан аркы иштер боюнча өз сунуштарын айтышты. Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Шохин тармактарды жана ишмердүүлүктүн түрлөрүн аныктоо зарыл экендигине көңүл бурду. 

"Кеп компанияларды түзүү жөнүндө эмес, буга чейин иштеп жаткан улуттук компанияларга статус берүү жөнүндө болушу керек", - деди Александр Шохин.

ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев кеңешменин катышуучуларына ЕАЭБде өнөр жай кооперациялык долбоорлорун каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу жөнүндө маалымдады. 

"Бул маселенин демилгечиси болуп бизнес саналат, анткени алар өнөр жай кооперациясы үчүн каражаттардын наркын төмөндөтүү бөлүгүндө иштөөгө кызыкдар. Насыялар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоону колдонуу сунушталууда, бул өнөр жайды колдоонун жалпы дүйнөлүк практикасы болуп саналат", – деп белгиледи Николай Кушнарев.

Михаил Мясниковичтин айтымында, ЕЭК Кеңеши Комиссиянын каржылоо механизмдери боюнча демилгелерин колдоду. Сунуштарды практикалык ишке ашыруу Комиссияга тиешелүү ыйгарым укуктарды берүүнү, ошондой эле ишке ашыруу механизмдерин жана инструменттерин сүрөттөө бөлүгүндө кошумча ченемдик актыларды иштеп чыгууну талап кылат.

Консультативдик кеңештин катышычуулары логистикалык чынжырларды калыбына келтирүүнүн перспективаларын талкуулашты. Буга бажы транзитинин бирдиктүү тутуму өбөлгө болот.

"Комиссия бул багытта да жигердүү иш жүргүзүүдө. Бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоору "5+" модели боюнча даярдалууда. Кийинчерээк ал Самарканд шаарында өткөн Саммитте ШКУнун Башкы катчысы менен талкуулаган транспорттук-логистикалык мегадолбоордун компоненттеринин бири болмокчу. Ага конкреттүү эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, Комиссия тарабынан иштелип чыккан экотутумдун негизинде аларды санариптештирүү жана навигациялык пломбаларды колдонуу менен бажылык транзит кирет", - деп билдирди Михаил Мясникович.

Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев өз кезегинде, транспорттук-логистикалык долбоорлордун реестрин түзүүдөн тышкары, ишке ашыруунун конкреттүү маселелерине өтүү керектигин белгиледи. 

"Биз бул иштеги кемчиликтерди түшүнүп, аларды жоюп жана транспорттук коридорлорду максималдуу натыйжалуу кылышыбыз керек", - деди Данил Ибраев. Ошондой эле ал жүк ташууларда электротранспорттун дараметин колдонуу боюнча сунуштарды билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу менен ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев баса белгилегендей, ушул убакка чейин бул иш Комиссиянын блоктору тарабынан бир топ чачыранды жүргүзүлүп келген, натыйжада бир эле маселелер бир нече жолу талкууланган.

"Системалуу мамиле, бул ишти кайра баштоо керек. Бүгүнкү күндөн тартып Комиссиянын ЕАЭБ Ишкер кеңеши менен өз ара аракеттенүүсү боюнча "бирдиктүү терезе " ЕЭКтин ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаменти болмокчу. Мындан тышкары, ар бир өлкө үчүн атайын кызматкер бекитилет", - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Ошондой эле ал ЕАЭБ Ишкер кеңешин Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жобосун жүргүзүүнүн алкагында бизнес-коомдоштуктардын консолидацияланган позицияларын түзүү жана Комиссияга берүү жана андан кийин - Комиссиянын колдонуудагы чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча ишти күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары Стратегия-2025тин аткарылышынын жүрүшүн жана аны ишке ашыруу боюнча планга бизнестин сунуштарын, үчүнчү өлкөлөрдүн ишкер коомчулугу менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Комиссиянын ЕАЭБде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча иштеп чыгууларын талкуулашты. ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин айтымында, ЕАЭБдин жалпы биржалык мейкиндигин түзүүгө болгон муктаждык азыр өзгөчө байкалууда.

"Беларус товардык биржасында рапс майы менен биринчи имитациялык торуктар ийгиликтүү өттү жана бүгүнкү күндө россиялык тарап ушул жылы эле жалпы биржада эки товар менен тоорук жүргүзүүнү сунуштап жатат. Бул толук мүмкүн деп эсептейбиз", - деди Сергей Глазьев.

"Беларус универсалдуу товардык биржасынын" башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ирина Наркевич ЕАЭБ биржалары бири бири менен тыгыз өз ара иштешерин кошумчалады. 

"Биз россиялык тараптын товарлардын жалпы биржалык рыногун башкаруу үчүн биржалык комитет түзүү сунушун колдойбуз", - деп белгиледи Ирина Наркевич.

ЕАЭБдин Ишкер кеңешинин өкүлдөрү бажы транзити жана евразиялык транспорттук коридорлорду түзүү, ЕАЭБ маалыматтык ресурстарын өнүктүрүү, жаштар демилгелерин ишке ашыруу жана башка маселелер боюнча көптөгөн сунуштарды айтышты.