Նորություններ

09.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:24)

Андрей Слепнёв: "e-commerce чөйрөсүндө көп тараптуу макулдашууларды түзүү дүйнөлүк сооданы жаңы тоскоолдуктардан жана санариптик протекционизмден арылтат"

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун "Санариптик сооданы Евразиядагы өсүштүн булагы катары пайдалануу" деп аталган онлайн-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө e-commerce чөйрөсүндө көп тараптуу макулдашууларды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мындай макулдашуулар дүйнөлүк сооданы жаңы тоскоолдуктардан жана санариптик протекционизмден сактоого, ошондой эле Төртүнчү өнөр жай революциясынын мезгилинде БСУнун эрежелери кандайча иштешине тиешелүү суроолорго жооп берүүгө жардам бере алат", – деди ЕЭК министри.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы электрондук соода жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнёв үч нерсени белгилеп өттү. Биринчиден, бул Евразия экономикалык бирлигинин жалпы рыногунун иштөөсүнүн маселелери. "Албетте, e-commerce чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз 2030-жылга чейин электрондук сооданын 30-40% чейинки үлүшүн күтөбүз. Бирок, башка жагынан алганда, бирдиктүү жөнгө салуунун артта калышы жалпы рыноктун олуттуу фрагментациясына алып келиши мүмкүн", – деди ал жана маалыматтарга жетүү, кош салык салуу, атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого тиешелүү улуттук жөнгө салуудагы айырмачылыктар тууралуу айтты.

ЕЭК министри электрондук соодага тиешелүү бирдиктүү санариптик документтердин толук топтомун даярдоону маанилүү маселе деп белгиледи. Андрей Слепнёвдун пикири боюнча, бүгүнкү күндө аталган маселе сектордун өнүгүүсү үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат.

Экинчи нерсе сатып алуучулардын жана сатуучулардын жүрүм-турумун манипуляциялоого байланыштуу нысапсыз иш-тажрыйбалардын алдын алууга тиешелүү. 

"Жакында орун алган глобалдык интернет-аянтчаларга карата көптөгөн миллиарддык доолор жөнүндө баарына маалым, бирок, чынын айтканда, бул, биринчи кезекте, кечиккен жөнгө салуу маселеси", – деп ЕЭК министри көңүл бурду.

Келечекте мындай көйгөйлөрдү болтурбаш үчүн жана бизнес жана керектөөчүлөр үчүн рынокко адилеттүү жетүүнү камсыз кылуу үчүн товарларды интернет-аянтчаларда жайгаштыруунун жана илгерилетүүнүн ачык эрежелерин камсыз кылуу зарыл.

Үчүнчү нерсе стратегиялык багытка айланып келе жаткан электрондук соода инфраструктурасынын туруктуулугу жана коопсуздугу маселелерине тиешелүү, ал эми кененирээк мааниде – соода инфраструктурасын санариптештирүү. "Санариптик транспорттук коридорлор – бул, учурда айтылгандай, Евразияда сооданын өсүшү үчүн кадимки Big Fast Result. Жана бул абдан маанилүү, бул жерде эч кандай саясий түшүнбөстүк жок – Кытайда да, ЕБда да, ЕАЭБде да. Практикалык деңгээлде буга баары макул болот", – деп Андрей Слепнёв баса белгиледи.

Ал товарды жеткирүү убакытын төрт күнгө кыскарткан Россиянын Ыраакы Чыгышынан Финляндияга чейинки транспорттук коридордун санариптештирилишин мисал катары келтирди.