Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
 
Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке  (ББ жана БЭМ) мүчө мамлекеттер 2010-жылдын 9-декабрында Макулдашылган макроэкономикалык саясат тууралуу макулдашууга кол коюшту (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашуу ратификацияланган:

- Беларусь Республикасы тарабынан – Беларусь Республикасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 205-З Мыйзамы;

- Казакстан Республикасы тарабынан – Казакстан Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 473-IV 3PK Мыйзамы;
 
- Россия Федерациясы тарабынан – 2011-ж. 11-июлундагы № 182-ФЗ Федералдык мыйзам.
 

Макулдашуу 2012-жылдын 1-январында күчүнө кирген (анын айрым жоболору 2013-жылдын 1-январынан күчүнө кирет).

Макулдашылган макроэкономикалык саясат тууралуу макулдашуу

 
Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында төмөнкү документтер кабыл алынган: 
 
 
Бул документ Келишимде аныкталган болжолдоолордун төмөнкүдөй тышкы параметрлерин  ар жылдык негизде үч жылдык мезгилге аныктоо жана макулдашуу жол-жоболорун белгилейт:  
 
- Brent маркасындагы мунайга баа;
 
- дүйнөлүк экономиканын өнүгүү арымы;
 
- Тараптардын улуттук валюталарынын АКШ долларына жана (же) еврого карата курстарынын өзгөрүүсү.
 
Бул Тартипти ишке ашыруунун алкагында Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий  болжолдоолорун иштеп чыгууда колдонулуучу, болжолдоолордун  тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилери жыл сайын иштелип чыгат.   ​

2013-жылга жана 2014-2016-жылдар аралыгына карата болжолдоолордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилери (Комиссиянын Коллегиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы  №134 чечими менен белгиленген).  
 
Бул документ Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий  болжолдоолорун иштеп чыгууда колдонулуучу тышкы параметрлердин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу тартибинин аткарылышы үчүн даярдалган жана Тараптардын сунуштары боюнча   2013-жылга жана 2014-2016-жылдар аралыгына карата болжолдоолордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин белгилейт, алар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн расмий болжолдоолорун иштеп чыгууда колдонулат.   
Тараптар белгиленген интервалдардын негизинде социалдык экономикалык өнүгүүнүн 2014-жылга жана пландык орто мөөнөткө каралган мезгилге расмий болжолдоолорун иштеп чыгышкан.  
2014-жылдын 1-чейрегинде Комиссиянын 2014-жылга жана 2015-2017-жылдар аралыгына болжолдоолордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилери боюнча сунуштар даярдалган.  ​
 
Тартипте экономикалык өнүгүү мониторингин жүргүзүү максатында статистикалык жана ченемдик-укуктук маалымат алмашуу жол-жобосу жана Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттер тарабынан макроэкономикалык саясат жагында  кабыл алынган  чаралар каралган. 
Келишимди  ишке ашыруу максатында жана сунушталган маалыматтын негизинде Комиссия төмөнкүдөй мезгилдүү материалдарды даярдоодо: 
 
- Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин өнүгүү  жыйынтыктары жана  келечек пландары жөнүндө баяндама (жыл сайын);
 - Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү жагында туруктуулугун аныктаган, макулдашылган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн абалына жүргүзүлгөн мониторинг тууралуу маалымат (чейрек сайын).  
 
Комиссия Жогорку Евразия экономикалык  кеңеши тарабынан бекитилген төмөнкү документтерди Тараптар менен биргеликте иштеп чыгууда:
 
- Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттер тарабынан экономикалык өнүгүү туруктуулугун аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринин жогорулашына жол берилген учурда, экономикалык жагдайды турукташтырууга; 
- ББ жана БЭМ мүчө-мамлекеттери тарабьнан сандык маанилердин жогорулашына жол берилген учурда экономикалык жагдайды турукташтырууга;
- ББ жана БЭМ мүчө-мамлекеттеринин макроэкономикалык экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары;
 
Бул Тартипти ишке ашыруунун алкагында:  

- 2012-жылы Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык тенденцияларына баяндама даярдалган, ал Комиссиянын расмий сайтына жарыяланган.   

-  2013-жылы «Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин өнүгүү  жыйынтыктары жана  келечек пландары жана  Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттер тарабынан макроэкономикалык саясат жагында кабыл алынган чаралар жөнүндө» жылдык баяндама даярдалган, ал Комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылган.   

-  2014-жылдын биринчи чейрегинде «Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин өнүгүү  жыйынтыктары жана  келечек пландары жана  Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттер тарабынан макроэкономикалык саясат жагында кабыл алынган чаралар жөнүндө» жылдык баяндаманын долбоору даярдалган.  
 
Документ мүчө мамлекеттердин экономикасы жагында жакынкы келечекке карата кыйла курч мүнөзгө ээ болгон, кыска мөөнөттүү милдеттерди, ошондой эле аларды чечүү боюнча негизги иш-чараларды аныктайт жана Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  2012-жылга  социалдык-экономикалык өнүгүүсүн иликтөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан 2013-2014-жылдарга макроэкономикалык саясаттын негизги көрсөткүчтөрүн жана негизги тышкы тобокелдиктерге баа берүүлөрдү, ошондой эле  бул мамлекеттердин  экономикасынын туруктуу өнүгүүсүндөгү ички чектөөлөрдү камтыйт. 

2014-жылдын биринчи чейрегинде мүчө-мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдагы жыйынтыктарын иликтөөлөрдүн жана Макроэкономикалык саясаттын  2013-2014-жылдарга негизги көрсөткүчтөрүн  ишке ашыруу жөнүндө маалыматтын негизинде Макроэкономикалык саясаттын 2014-2015-жылдарга негизги көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
 
Документ Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  экономикалык өнүгүү туруктуулугунун көрсөткүчтөрүн эсептөө методологиясын – мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджет тартыштыгын (профицитин), мамлекеттик башкаруу секторунун карызын жана инфляция деңгээлин (керектөө бааларынын индексин) салыштыруу шарттарында аларга салыштыруу иликтөөлөрүн жүргүзүү максатында аныктайт. 
Методика Мамлекеттик каржылардын статистикасы боюнча колдонмодо (2001-ж.), Тышкы карыздын статистикасы  боюнча колдонмодо (2003-ж.) жана Керектөө бааларынын индекси боюнча : Теория жана таржыйба (2007-ж.) колдонмодо берилген, туруктуулук көрсөткүчтөрүн эсептөөгө карата эл аралык ыкмаларга негизденген. 

Эсептөө ыкмасын ишке ашыруунун алкагында, макроэкономикалык көрсөткүчтөргө чейректик негизде мониторинг жүргүзүлөт, ал экономикалык өнүгүү туруктуулугун аныктап, анын натыйжалары жумушчу топтун жана консультативдик органдардын отурумдарында каралуусу үчүн Тараптарга жөнөтүлөт. 

2013-жылы экономикалык туруктуулук көрсөткүчтөрүн аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөргө чейректик  жана жылдык негизде мониторинг даярдалып, ал Комитеттин 3 – жана 4- отурумдарында кароого алынган жана Комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылган.

2014-жылдын биринчи чейрегинде экономикалык туруктуулук көрсөткүчтөрүн аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг даярдалып, Комиссиянын расмий сайтына  жайгаштырылган. 
Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  экономикалык туруктуулук көрсөткүчтөрүн аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө методикасына  киргизилген өзгөртүүлөр (Комиссиянын Коллегиясынын 2014-жылдын 6-мартындагы №30 чечими менен бекитилген).  

Бул документ аркылуу кабыл алынган Методикага мамлекеттик башкаруу секторунун карызын ИДП пайыздарында кайра эсептөөнүн бирдиктүү механизмин макулдашуу, ошондой эле чейректик мониторинг үчүн колдонулган, инфляция деңгээлинин көрсөткүчтөрүн тактоо жагында   өзгөртүүлөр  киргизилет. 

2014-жылдын биринчи чейрегинде Эсептөө методикасында кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолорду эске алуу менен экономикалык туруктуулук көрсөткүчтөрүн аныктаган, Макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүлгөн. 
Келишимди ишке ашыруунун алкагында Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттер тарабынан экономикалык өнүгүү туруктуулукту аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринин жогорулашына  жол берилген шартта,  экономикалык жагдайды турукташтырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу Тартибинин долбоору иштелип чыгууда. 

Документте Тараптар тарабынан туруктуулуктун макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн Келишимде белгиленген сандык параметрлеринин арттырылышына жол берилген шартта, Комиссиянын жана Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  экономикалык өнүгүү туруктуулугун жогорулатуу жана экономикалык жагдайды турукташтыруу боюнча  биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу (бекитүү) жагында ырааттуу аракеттери аныкталат. 

2013-жылы документтин долбоору Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин 4-отурумунда жактырылган..
2014-жылдын биринчи чейрегинде  долбоор Комиссиянын Коллегиясынын 9-отурумунда 2014-ж.18-мартында каралып , Тараптардын өкмөттөрүнө кошумча мамлекет ичинде макулдашууга багытталган.​
 ​