Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Интеграция жана макроэкономика
ЕЭК
ЕЭКтин Департаменттери
Комиссиясы
Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр)
Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр)
Глазьев Сергей Юрьевич
Интеграцияны өнүктүрүү департаменти
Макроэкономика саясаты департаменти
Статистика департаменти
Сүрөт
Видео
Күнбарак
Биография
темасындагы жаңылыктар «Интеграция жана макроэкономика»
27 Jan 2023
ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылышууда
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатындагы өз ара иштешүүнү өнүктүрүүнүн келечегин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана АСЕАНдын Башкы катчысы Као Кимхорн АСЕАНдын штаб-квартирасында 27-январда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө талкуулашты. Сергей Глазьев белгилегендей, АСЕАН менен да жана Ассоциациянын мүчө мамлекеттери менен да байланыштарды тереңдетүү ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарынын бири болуп саналат, бул бир катар негизги документтерде бекитилген. Ал Комиссиянын жана АСЕАН Катчылыгынын ортосунда өз ара иштешүүнү жогору баалады. "Биздин түзүмдөрдүн ортосундагы диалог биринчи кезекте интеграцияны тереңдетүү, бирикмелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, стратегиялык пландаштырууга карата мамилелер боюнча тажрыйба алмашууга багытталган", – деп билдирди Сергей Глазьев. Бул контекстте ал ЕАЭБдин учурдагы интеграциялык күн тартибин өзүнчө белгилеп, 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. Као Кимхорн өз тарабынан ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен байланыштарды мындан ары бекемдөөгө АСЕАН Катчылыгынын кызыкдар экендигин тастыктады жана 2025-жылга чейин ЕЭК менен АСЕАНдын ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө оң баа берди. АСЕАН үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуунун артыкчылыктуу чөйрөлөрү катары ал энергетика, азык-түлүк, туризм тармактарын жана экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай аспектилерин санариптештирүү маселелерин белгиледи. Ошондой эле ал бизнес чөйрөсүндө байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары үстүбүздөгү жылга карата кызматташуу пландарын, анын ичинде "ЕАЭБде жана АСЕАНда санариптик трансформация" биргелешкен семинарын өткөрүүнү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагындагы форумдардын алкагындагы иш-чараларга, анын ичинде ЕАЭБ жана АСЕАН ишкер чөйрөлөрүн тартуу менен, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында иш-чараларга катышууну талкуулашты. Маалымат Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт. ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган. Документ Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт. Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2020–2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт.
26 Jan 2023
ЕАЭБ мамлекеттеринин тышкы карызы 2022-жылдын 1-октябрына карата 8,6%га кыскарды
Евразиялык экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттеринде 2020-жылдан бери тышкы карыздын ИДПга карата пайыздык көрсөткүчтөрдө төмөндөшү байкалган. Өткөн он жылдын ичинде бул индикатордун синхрондуу төмөндөшү бардык мүчө мамлекеттерде 2017-жылы байкалган. 2022-жылдын 1-октябрына карата тышкы карыздын ИДПга карата катышы Россияда 21%дан баштап Кыргызстанда 93%га чейинкини түздү. Статистикалык маалымат кененирээк Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.
26 Jan 2023
2022-жылы ЕАЭБде инфляция 12,9%ды түздү
Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2022-жылдын декабрь айында 2022-жылдын ноябрына салыштырмалуу 100,8%, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу – 112,9% түздү. 2022-жылы азык-түлүк эмес баалар баарынан көбүрөөк өстү (13,3% га). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 12,2%, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө - 12,9% жогорулаган. Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (25,3%га), Кыргызстанда (17,1%га) жана Беларуста (13,8%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп өсүшү Казакстанда (19,4%га) жана Беларуста (13,7%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар – Казакстанда (14,1%га) жана Россияда (13,2%га) байкалган. Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
17 Jan 2023
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2022-жылдын январь-ноябрында дээрлик 1,5 триллион АКШ долларын түздү
2022-жылдын январь-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай продукциясын өндүрүү дээрлик 1,5 трлн АКШ долларын же 2021-жылдын январь-ноябрындагы деңгээлге карата 99,8%ды түздү. Кыргызстанда – 14%га, Арменияда – 8,4%га, Казакстанда – 1,4%га, Беларуста – 5,6%га, Россияда – 0,1%га өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү байкалган. Кененирээк статистикалык маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Дагы көрсөтүү
Иш-аракеттер
Чечимдер
Иш-аракеттер
Пайдалуу шилтемелер
Тендерлер жана конкурстар
Меморандумдар
Евразия Экономикалык Комиссиясы тууралуу Келишим
ББ ТЭИ ТН
Темасындагы чечимдер «Интеграция жана макроэкономика»
203
27.12.2022
Решение Коллегии ЕЭК №203 О внесении изменений в Методологию формирования официальной статистической информации Евразийского экономического союза
45
20.12.2022
Рекомендация Коллегии ЕЭК №45 О собирательных классификационных группировках видов экономической деятельности высокого технологичного уровня, наукоемких видов экономической деятельности (услуг) и высокотехнологичных товаров
217
13.12.2022
Распоряжение Коллегии ЕЭК №217 О Программе статистических работ Евразийской экономической комиссии на 2023 год
166
28.09.2022
Распоряжение Коллегии ЕЭК №166 О внесении изменения в Программу статистических работ Евразийской экономической комиссии на 2022 год
166
28.09.2022
Распоряжение Коллегии ЕЭК №166 О внесении изменения в Программу статистических работ Евразийской экономической комиссии на 2022 год
Ченемдик документтер
багыты боюнча материалдар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Сүрөт
Видео
14 2016
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун Евразия экономикалык биримдигинде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү темасы боюнча БелТА маалымат агенттигине берген интервьюсу
Дары каражаттары - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жалпы рыноктун иши башталышы боюнча иштерге бекем киришкен спецификалык товарлардын тобунун биринчиси. Бул тажрыйбаны колдонуу менен ЕАЭБте башка бирдиктүү рыноктор да түзүлө баштайт - каржы, энергетика, мунай-газ жалпы рыноктору ж.б. Дагы кандай баскычтарда өтүү керектиги жана жалпы дарылар рыногу кандай иштей турганы туурасында БелТА кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков айтып берди.
04 2016
ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары Андрей Липиндин “Ведомосттор” гезитине берген интервьюсу: «Интеграция: тоскоолдуксуз умтулуу”
2015-жылдын январынан тартып Беларусия, Казакстан жана Россиянын жана жыл ичинде кошулган Армения менен Кыргызстандын ортосундагы интеграциялык процесстер Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишим менен жөнгө салынат, анын максаты болуп товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн бирдиктүү рыногун түзүү саналат.
01 2015
ЕЭК Министри Данил Ибраевдин интервьюсу Russianews.net: «Биз беш мамлекеттин кызыкчылыгын коргойбуз» интернет-порталында
Европада, албетте, Евразия экономика комиссиясы жөнүндө маалымдар болушту. Бирок, Еврокомиссия сыяктуу эле Европа тургундары деле, ал Евробиримдиктин экономикалык кызыкчылыгына коркунуч туудурушу мүмкүнбү же анын өнөктөшү болушу мүмкүнбү, бул Евробиримдик сыяктуу дагы бир ири аймактуу нерсеби же СССРдин кайра жаралышыбы деген сыяктуу мүнөздө, көп деле биле беришпесе керек. Биз, бул суроолорду тактап алуу үчүн Евразия экономика комиссиясынын Коллегия мүчөсү Данил Ибраев менен жолугуштук.
23 2015
ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы
Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
0
/
0
01 2019
Бирге пайдалуу. Армения - МИР 24
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө
Соцтармактардагы ЕЭК
VK
Youtube
Telegram