Алишеров Эльдар Туралиевич

Алишеров Эльдар Туралиевич

Биография

1985-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулган.

2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин «Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окуп бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде баштаган, 2008-жылдан 2010-жылга чейин бɵлүм башчыдан министрдин жардамчысына чейинки жолду басып ɵткɵн.

2011-жылдан 2014-жылга чейин  бизнес тармагында эмгектенген.

2014-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Аппаратында иштеген. 

2018-жылдан 2022-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары кызмат ордун ээлеген.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин  иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бир катар ведомстволук сыйлыктарга ээ.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланы тарбиялоодо.

ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин 23 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
0/0