Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы

темасындагы жаңылыктар «Интеграция жана макроэкономика»

30 июнундагы 2025 Таиланддын ишкерлери ЕАЭБ рыногунда иштөө перспективаларына оң баа беришти Таиланддын ишкерлер коомдоштугунун сурамы боюнча Евразия экономикалык комиссиясы Таиланд Королдугунун Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Москвадагы Тай соода борбору менен биргеликте "ЕАЭБ: динамикалык эл аралык соода шарттарында тайланддык ишкерлер үчүн перспективалуу рыноктор" онлайн-семинарын уюштурду. "Евразия экономикалык бирлигинин жана Таиланддын өз ара иштешүүсүнүн өнүккөн жана түшүнүктүү инфраструктурасы түзүлгөн. ЕЭК жана Таиланд Өкмөтү 2018-жылы түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууну улантууда. Биргелешкен жумушчу топтун эки отуруму болуп өттү. Кызматташтыктын кыйла кызыгууну жараткан негизги чөйрөлөрү аныкталды", — деди ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян. Ошондой эле ал ЕАЭБ менен Таиланддын диалогу бизнес үчүн ачык экендигин белгиледи. ЕЭК тарабынан уюштурулуп жаткан, анын ичинде АСЕАН өлкөлөрүнө багытталган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү бизнес-аудитория үчүн өткөрүлөт жана ишкерлердин ортосунда түз байланышты түзүүгө мүмкүндүк берет. Департаменттин башчысы ЕАЭБ жана Таиланддын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен диалогду өнүктүрүүнүн драйвери боло ала турган, кызматташтыктын потенциалдуу артыкчылыктуу чөйрөлөрүн белгилеп өттү. Бул санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы жана азык-түлүк коопсуздугу, транспорт жана логистика, ошондой эле каржы кызматтары сектору, анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери. Өз кезегинде, Таиланд Королдугунун Соода министрлигинин Эл аралык соодага көмөктөшүү департаментинин директору Сунанта Канвалкулкидж Таиланддын ЕАЭБ мамлекеттеринин ар бири менен соода-экономикалык кызматташтыгынын жогорку потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн позитивдүү баалады. Семинардын жүрүшүндө ЕАЭБ рыногуна жеткиликтин практикалык жол-жоболору, Бирликте соода саясаты жана бажы-тарифтик жөнгө салуу, мүчө мамлекеттердин жана Таиланддын өнөр жай, транспорт, логистика чөйрөсүндө кызматташуу потенциалы каралды. Таиланддык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү ЕАЭБ рыногунда өз ишинин позитивдүү мисалдары жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.
27 июнундагы 2025 Жасалма интеллекттин потенциалы жана аны статистикада колдонуу келечеги ЕЭФ-2025те каралды Евразия экономикалык бирлигинин алкагында статистика чөйрөсүндө жасалма интеллектти колдонуу ЕАЭБ статистикалык тутумунун санариптик, технологиялык жана инновациялык потенциалын бекемдөөгө кошумча импульс болуп калышы мүмкүн. Бул ойду Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Минскте ЕЭФ-2025 алкагында өткөн "ЕАЭБ статистикасы 2030: жасалма интеллектти колдонуунун потенциалы жана перспективалары" тегерек столунда баса белгиледи. "Жасалма интеллектти статистикалык ишмердүүлүккө ийгиликтүү киргизүү жана ишенимдүү пайдалануу үчүн так стандарттарды иштеп чыгуу, ачык- айкындуулукту камсыз кылуу, маалыматтарды коргоо жана улуттук статистикалык кызматтар жана эл аралык уюмдар тарабынан макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгуу талап кылынат", — деп белгиледи Эльдар Алишеров. Тегерек столдун катышуучулары жасалма интеллектке негизделген статистикалык маалыматты талдоо инструменттеринин пайда болушу жана өнүгүшү расмий статистикалык маалыматка болгон муктаждыктардын өзгөрүүсү менен аныкталган маанилүү тенденциялардын бири экендигине макул болушту. Жасалма интеллект технологиялары статистикалык өндүрүштүн бардык этаптарында маалыматтарды чогултуудан баштап расмий статистикалык маалыматты жайылтууга чейин колдонулушу мүмкүн. "ЕАЭБ статистикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу тренди болуп заманбап маалыматтык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти киргизүү саналат, ал коюлган милдеттердин маалыматтык жана коммуникациялык татаалдыгынын өсүшүнүн жогорку темптеринде иштин натыйжалуулугунун зарыл деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Эльдар Алишеров.  
27 июнундагы 2025 ЕАЭБ жана Никарагуа: байланыштарды кеңейтүүгө жана соода-экономикалык диалогду активдештирүүгө эки тараптуу мамиле Минсктеги Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу топтун теңтөрагалары – ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Никарагуанын Президентинин инвестициялар, соода жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиси Лауреано Ортега Мурильонун жолугушуусу болуп өттү. "2024-жылы ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен биз диалогубузду сапаттык жаңы деңгээлге чыгардык. Биздин жалпы максатыбыз — соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана диверсификациялоо, өз ара кызыкчылык жараткан тармактык багыттар боюнча тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо, ошондой эле ЕАЭБ менен Никарагуанын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө түз өз ара иштешүүнү орнотууга көмөктөшүү болду", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Теңтөрагалар биргелешкен жумушчу топтун 2024-жылдын аягында өткөн отурумунан кийинки мезгилде тараптардын аткарган иштери жөнүндө маалымат алмашып, тармактык диалогду өнүктүрүүнүн чоң потенциалын белгилешти. Мындан тышкары, ЕЭК министри мындай деп белгиледи: "Соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмдөрүн өз ара пайдалуу жогорулатуу милдетин биргелешип чечүү менен, бири-бирин жакшыраак билүү, коммерциялык мүмкүнчүлүктөр жана бизнес жүргүзүү шарттары жөнүндө маалыматтын тартыштыгын жоюу зарыл. Бизнес — биздин диалогдун негизги драйвери жана бенефициары". Лауреано Ортега Мурильо дал ушундай контекстте биргелешкен жумушчу топтун Москвадагы мурунку отурумунда жетишилген макулдашуулар иштелип жатканын билдирди. Ал ошондой эле Никарагуа ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу маселесин изилдеп жатканын, бул Никарагуанын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жана ЕЭК менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн андан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин тастыктайт. Эльдар Алишеров жооп катары мындай статусту алуунун процедуралык маселелерин түшүндүрдү. Жумушчу топтун теңтөрагалары мындан ары биргелешкен жумушчу топто техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, фармацевтика жана биотехнология маселелерине көңүл буруу максатка ылайыктуу экендигин белгилешти. ЕАЭБдин жана Никарагуанын географиялык алыстык факторун эске алуу менен, жогорку транспорттук чыгымдар жана санариптештирүүнү өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнү коштогон маселелер менен байланышпаган секторлорго көңүл буруу максатка ылайыктуу. ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча биргелешкен жумушчу топтун кезектеги толук форматтагы отуруму үстүбүздөгү жылдын аягына пландаштырылды.
27 июнундагы 2025 ЕЭФ-2025те эмгек миграциясы туруктуу экономикалык өсүштүн ресурсу деп аталды 26-июнда Евразия экономикалык форумунун талааларында "Эмгек миграциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшү үчүн ресурс катары: ЕАЭБ алкагында квалификациялуу жана илимий адистерди тартуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү" тегерек столу өткөрүлдү, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев катышты. Ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий-технологиялык кызматташтыгынын перспективалары жөнүндө айтып берип, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин өзөктүү маанисин белгиледи. Анын пикири боюнча, бул документ илим жана технология жаатында өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат. ЕЭК өкүлү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана тармактык демилгелерди ишке ашыруу үчүн Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын иштеп чыкканын баса белгиледи. Бирлик өлкөлөрүнүн мындан аркы иштери ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө кабыл алынган декларациянын негизинде түзүлөт. Учурда аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы даярдалып жатат. Алексей Ведевдин сөзү боюнча, Декларацияга киргизилген жана илимий-техникалык жана инновациялык кызматташууга көмөктөшүүгө багытталган маанилүү чаралардын катарында – өнөр жайда жана агроөнөр жай комплексинде инновациялык ыкмаларды киргизүү, энергетика жаатында заманбап технологияларды өнүктүрүү жана башка бир катар чаралар бар.
Дагы көрсөтүү

багыты боюнча материалдар

23 ноябрындагы 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.