Евразиялык интеграциянын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан кедергилерди аныктоо

2012-жылдан 2014-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык комиссиясы Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө-мамлекеттер  менен бирдикте ББ жана БЕМ ички рыногундагы кедергилерди аныктоо боюнча иштерди жүргүзгөн 

Бул иштин жыйынтыктары боюнча алып коюулардын жана чектөөлөрдүн, анын ичинде ишкердик ишмердүүлүктүн субъекттери ББ жана БЭМ мүчө-мамлекеттердин рыногуна тоскоолдуктардын, кирүү мүмкүнчүлүктөрдүн  тизмеси түзүлгөн.

Евразия экономикалык бирлиги тууралуу Келишимдин долбоорун даярдоо процессинде аныкталган тоскоолдуктарды жчеттеүү  боюнча бир убактагы иш жүргүзүлгөн, анын натыйжасында:

- Бир катар кедергилер Бирлик жөнүндө Келишим жана башка ченемдик актылар менен жоюлган, анын ичинде өткөөл мезгил менен;

- кедергилердин бир бөлүгү Бирлик жөнүндө Келишимде алып коюу жана чектөө түрүндө сакталган;

- айрым  маселелер кошумча иштеп чыгууну талап кылат. 

Бул иштин алкагында «Евразия экономикалык бирлигине иштешине тоскоол болуп жаткан ич ара жетки алуу кедергилерин, ошондой эле товарларды, кызматтарды жана жумушчу күчтү жылдыруу боюнча алып салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү боюнча кырдаал тууралуу» төмөнкүлөр жөнүндө маалымат камтыган баяндама даярдалган:

- мамлекеттик экономикалык жөнгө салуу чараларын (ГАТТ, ДСУ, ЕБ, ЮНКТАД) эл аралык либералдаштыруу жана классификация тажрыйбасы;

- «кедергилер», «алып салуулар» жана «чектөөлөр» атоолорун евразиялык интеграция алкагында аныктоого концептуалдык ыкма;

- БЭМдин ишин эреже катары, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз, 2013-2014-жылдары БЭМдеги соодага жана өндүрүшкө интеграциянын таасирин изилдөө боюнча маалыматтарды эске алуу менен камсыздоо боюнча иштер

- келечектеги иш-аракеттердин  багыттары. 

Баяндаманы эске алуу менен Коллегиянын отурумунда 2014-жылдын 24-мартында жана Комиссиянын Кеңешинин кезектеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигине ички рыногунун иштешине тоскоол болуп жаткан ич ара жетки алуу кедергилерин, ошондой эле товарларды, кызматтарды жана жумушчу күчтү жылдыруу боюнча алып салууларды жана чектөөлөрдү аныктоо жана четтетүү боюнча иш тууралуу маселе талкууланмакчы.

Мындан тышкары, 2015-жылдын 28-январында, бизнестин өкүлдөрү - Евразия экономикалык комиссиясынын жана белорусс-казакстан-россиялык бизнес коомчулуктун өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин мүчөлөрү менен өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө докладдын кээ бир корутундулары каралды. Атап айтканда,  ишкердик ишмердүүлүктүн субъекттери менен Комиссиянын ортосундагы өз ара иштешүүнү активдештирүү боюнча сөз болду. Комиссия тарабынан берилген сунуштар жалпысынан Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынды. Бул маселелер Консультативдик кеңештин 2015-жылдын 2-апрелинде өтө турган кезектеги кеңешмесинде дагы кеңирирээк каралары божомолдонууда. ​