Барсегян Гоар Ашотовна

Биография

Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана Венадагы Дипломатия академиясын (Австрия) бүтүргөн.

2009-2014-жылдарда Армения Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген.

2014-2015-жылдарда – Армения Республикасындагы адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппараттын тышкы байланыштар департаментинин директорунун орун басары.

2015-2017-жылдарда – Армения Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.

2017-жылдан 2020-жылга чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары.

2020-жылдан тарта – Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.

2017-жылы Армения Республикасынын вице-премьер-министринин "Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн" Ардак грамотасы менен сыйланган.

2019-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын "Евразия экономикалык бирлигин түзүү жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүүгө кошкон жеке чоң салымы үчүн" Ардак грамотасы менен сыйланган.