Арутюнян Армен Анатольевич

Биография

Армен Анатольевич Арутюнян 1981-жылдын 9-сентябрында төрөлгөн.

2009-жылы Армения Республикасынын Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн, коомдук башкаруу магистри. 2011-жылы – Бристоль университетин бүтүргөн, эл аралык өнүгүү магистри.

Эмгек жолун 2005-жылы "Агробизнести жана айылдарды өнүктүрүү боюнча борбор" фондунун (Ереван) рынокту түзүү жана изилдөө боюнча адиси катары баштаган, аталган уюмда маркетинг боюнча экономист-консультант болуп иштеген.

2011-2012-жылдарда "Армян түшүмүн илгерилетүү борбору" ЖАКнын бөлүмүн жетектеген.

2012-2018-жылдар аралыгында Армения Республикасынын айыл чарба министринин кеңешчисинен жардамчысына чейинки жолду басып өткөн.

2019-2020-жылдарда БУУ Өнүгүү программасынын Глобалдык технологиялар, инновациялар жана туруктуу өнүгүү борборунун туруктуу жана санариптик айыл чарбасы боюнча ага кеңешчиси болуп иштеген, Сингапур.

2020-жылдын ноябрь айында ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору болуп дайындалды.​