1975-жылдын 29-январында Ванадзор шаарында (Армения Республикасы) төрөлгөн.
1997-жылы Ереван мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2005-жылы ЕСУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. 2009-жылы Гарвард университетинин Джон Кеннеди атындагы Башкаруу мектебинде окуудан өткөн ("сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү").
Экономика илимдеринин кандидаты.
1998-2002-жылдар аралыгында Армениянын Каржы министрлигинде ар түрдүү кызматтарда, анын ичинде министрликтин Камсыздандыруу инспекциясынын башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
2002-2003-жылдары – "Камсыздандыруучулар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирлигинин директору, Ереван ш.
Андан кийин 10 жылдан ашык – 2003-жылдан 2015-жылга чейин – Армения Республикасынын Президентинин Аппаратында, анын ичинде эксперттик-талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2015-2018-жылдары – Армения Республикасынын Борбордук банкынын кеңешинин мүчөсү.
2018-2019-жылдарда – Армения Республикасынын Борбордук банкынын төрагасынын кеңешчиси.
2019-жылдан 2021-жылга чейин – Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын 7-чи чакырылышынын депутаты, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Каржы-кредит жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
2022-жылдын августунда Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директору болуп дайындалган.