Экономика жана каржы саясаты

Экономика жана финансылык саясат боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Султанов Бахыт Турлыханович

темасындагы жаңылыктар «Экономика жана каржы саясаты»

05 Dec 2024 Бахыт Султанов: "Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин ички рынокторун контрафакттан коргоо үчүн активдүү чараларды көрүүдө" Астанада өтүп жаткан "Антиконтрафакт-2024" XII Эл аралык форумунун пленардык отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Евразия экономикалык бирлигинде интеллектуалдык менчикти коргоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ал баса белгилегендей, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо ЕЭК ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул жылы Комиссия Бирлик өлкөлөрү менен биргеликте эл аралык келишимдердин эки долбоорун иштеп чыкты: Интернет түйүнүндө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктардын бузулушуна каршы күрөшүүгө карата макулдашылган мамилелер жөнүндө макулдашуу жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде корголуучу өнөр жай менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды издөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген сервис жөнүндө макулдашуу. Мындан тышкары, 2019-2023-жылдар үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө аналитикалык сереп даярдалган. Сереп прогрессивдүү эл аралык укук колдонуу тажрыйбасы жөнүндө маалыматты жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүүнүн натыйжаларын, ошондой эле Глобалдык инновациялык индекстин (ГИИ) рейтингиндеги алардын көрсөткүчтөрү жана евразиялык "бешилтик" мамлекеттеринин технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун тармагын өнүктүрүү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Документке ылайык, 2023-жылы Армения Республикасы ГИИ рейтингинде 9 орунга көтөрүлүп, 63-орунду ээлеген, Кыргыз Республикасы 7 орунга көтөрүлүп, 99-орунду ээлеген, Казакстан Республикасы үч орунга көтөрүлүп, 78-орунду ээлеген.  Бахыт Султановдун айтымында, өткөн беш жылда ЕАЭБде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык мыйзам бузуулар аныкталып, 60 миллиондон ашык контрафакттык товарлар алып коюлган. ЕЭК министри баса белгилегендей, контрафактылык товарлардын катарында кийим, бут кийим, оюндар жана оюнчуктар, автомобилдер үчүн тетиктер, тамак-аш азыктары, алкоголь, тиричилик техникасы жана электроника баарынан көп. Бирликтин ички рыногунда контрафактылык продукциялардын таралышына каршы аракеттенүү үчүн Комиссия жана ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып жатып, Бахыт Султанов Комиссия керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын жана товарлардын коопсуздугун коргоого олуттуу көңүл бурарын белгиледи. "Ошол эле учурда контрафактылык продукцияларды жайылтууга жол бербөө боюнча биздин ишмердик интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо менен гана чектелбейт, – деди ЕЭК министри. – Биз ошондой эле товарлардын коопсуздугун жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону биринчи орунга коебуз". Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБдин электрондук соода товарларынын рыногун түзүү үчүн адистештирилген жөнгө салууну киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул иш электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын ортосунда өз ара аракеттенүү эрежелерин белгилөөгө багытталган. Дагы бир маанилүү багыт болуп товарларды маркалоо жана байкоо жүргүзүү саналат, алар продукциянын сапатын контролдоого жана рынокко контрафакттык жана сапатсыз товарлардын кирүүсүн болтурбоого мүмкүндүк берет. ЕАЭБ деңгээлинде ишкерлерди, анын ичинде каржылык уюмдар тарабынан берилген насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо түрүндө колдоо инструменттери түзүлгөн. "Бул чаралардын баары нысапсыз ишкердик ишмердикти кыскартууга, товарлар жана аларды жылдыруу ыкмалары тууралуу маалыматтын ачыктыгын жогорулатууга, өндүрүштүн жаңы моделдерин түзүүгө багытталган", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов. 
04 Dec 2024 Бахыт Султанов: "ЕЭК жана Бирлик өлкөлөрү үчүн артыкчылык – эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө электрондук өз ара иштешүүнү жөнгө салуу" Пенсиялык камсыздоо, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин медициналык жардамга жетүүсү жана медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын өз ара таануу маселелери ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгекчилерди социалдык коргоо маселелери боюнча консультативдик комитетинин отурумунун негизги темалары болду. Иш-чарага Комитеттин Бирлик өлкөлөрүнөн мүчөлөрү, чакырылган эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу талкууланды, ал жарандарга Бирликтин алкагында пенсиялык укуктарын калыптандырууга жана сактоого мүмкүндүк берет. Иш стажын тастыктоо үчүн формулярларды колдонуу, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумунун жардамы менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына өтүү маселелери каралды. "Эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө тараптардын чек ара аралык электрондук өз ара иштешүүсүн жөнгө салуу Комиссиянын жана Бирик мамлекеттеринин ишинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул ишти аяктоо компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн олуттуу түрдө жеңилдетет жана жарандардын арыздарын кароо, ошондой эле пенсияларды дайындоо жана төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мөөнөтүн кыскартат", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Отурумда эмгекчилердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ишке орношкон өлкөдөгү саламаттык сактоо кызматтарына жетүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык Россия Федерациясында эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандырууну берүүгө басым жасалды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Россия Федерациясындагы өкүлү, доктор Батыр Бердыклычев Комиссия менен ДССУнун Европалык бюросунун ЕАЭБ алкагындагы эмгек мигранттарынын саламаттыгы маселелери боюнча аналитикалык баяндаманын үстүндө биргелешкен иши жөнүндө айтып берди. Документтин максаты – ЕАЭБде эмгек миграциясы менен байланышкан ден-соолук аспектилерине талдоо жүргүзүү, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө, өз ара кызматташуу үчүн негизги багыттарды аныктоо. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишмердүүлүк маселелери боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 36 чечимине ылайык түзүлгөн. 
04 Dec 2024 ЕЭК Борбордук Азиядагы технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун кызматташуу перспективаларын талкуулайт Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов Астанада өткөн Борбордук Азиядагы технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) тармагын өнүктүрүүгө арналган регионалдык кеңешмеге катышты. Евразия регионундагы өлкөлөрдүн технопарктарында интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коммерциялаштыруу боюнча алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоор талкууланды. "Акыркы жыйырма жылда биз технологиянын тез өсүшүн көрүп жатабыз, бул бизден экономикалык өнүгүүгө болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат. hi-tech-экономикага өтүү абзел гана эмес, зарыл да болуп калууда", – деп белгиледи Департаменттин директору. Отурумдун катышуучуларынын пикири боюнча, негизги милдеттердин арасында – укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жана изилдөө, ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бар. Ойлоп табуучулардын ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө түзүлгөн ТИКБнын локалдык маалымат базаларында сакталган жогорку сапаттуу техникалык маалыматка жетүүсү бул процессте негизги ролду ойнойт. Ернар Бакенов интеллектуалдык менчик жаатында прогрессивдүү эл аралык тажрыйба жана бул жааттагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды камтыган аналитикалык серепти даярдоо жөнүндө айтып берди. ЕЭК өкүлү ошондой эле 2024-жылы киргизилген, ЕАЭБде өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүү механизми жөнүндө маалымат менен бөлүштү. Бул инструмент экономиканын реалдуу секторун колдоого багытталган жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыялар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоону камтыйт. "Мындай долбоорлорду ишке ашыруу жаңы өндүрүштөрдү түзүүнү камсыздоого, өз ара сооданын жана инвестициялардын көлөмүн жогорулатууга, экспортту күчөтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Ернар Бакенов.
03 Dec 2024 ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрү эмгек миграциясы маселелерин чечүүгө карата жаңы мамилелерди талкуулашууда Эмгекчилердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды четтетүү жана Евразия экономикалык бирлигинде эмгек ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитеттин отурумунда талкууланды. Отурумга Консультативдик комитеттин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мүчөлөрү, эксперттер, байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Россия Федерациясында иштеген Бирлик өлкөлөрүнүн жарандары үчүн атайын салык режимин белгилөө боюнча эксперименттин жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Бул категориядагы жарандардын социалдык жактан корголушун жогорулатуу максатында, россиялыктар үчүн каралган милдеттүү медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу жаатында аларга укуктарды жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, болуу мөөнөтүн узартуунун механизмдери талкууланды. "ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмгекчилерге Россия Федерациясында жеке ишкер катары иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү актуалдуу мааниге ээ деп ишенимдүү айтууга болот. Бул эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу процессин кыйла жеңилдетет жана ЕАЭБ алкагында эмгек миграциясы чөйрөсүндө кыйла тыгыз кызматташуу үчүн негиз болуп бере алат", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Мындан тышкары, отурумда санариптик технологияларды өнүктүрүү менен байланышкан жумуш берүүнүн жаңы формалары каралды, мында Бирликтин бир мамлекетинен иш берүүчү кызматкерди башка мамлекеттен – кызматкер турган өлкөдө өкүлчүлүгү жок аралыктан иштөө үчүн жалдайт. Азыр мындай эмгек мамилелери ЕАЭБдин укугу менен жөнгө салынган эмес. "Иш менен камсыз кылуунун жаңы формалары пайда болгон шартта Бирликтин укук ченемдерин актуалдаштыруу зарылчылыгы комплекстүү мамилени талап кылган маанилүү милдет болуп саналат. Бул өзүнө жумушчулардын укуктарын коргоону, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда жумуштуулуктун стандарттуу эмес формаларын жөнгө салууга карата мамилелерди шайкеш келтирүүнү камтыйт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгекчи жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бирлик мамлекеттеринде иштелип жаткан жана миграция чөйрөсүндө жөнгө салууну күчөтүүгө багытталган мыйзам актыларын жайылтпоо жөнүндө демилгесин ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бирликтин укугуна шайкеш келүү предметине эмгек миграциясы чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын өзгөртүүгө мониторинг боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды. Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 30-августундагы № 154 Чечимине ылайык түзүлгөн. Ал ЕЭКтин бул чөйрөдөгү консультативдик органы болуп саналат. Мүчө мамлекеттердин эмгек миграциясы жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана унификациялоо, жалпы эмгек рыногун түзүү, Бирликтин ичинде мүчө мамлекеттердин жарандарынын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.  
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Экономика жана каржы саясаты»

137
02.12.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 137 О внесении изменений в пункт 1 Решения Коллегии Евразийской экономической комиссии от 22 мая 2018 г. № 83
136
02.12.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 136 О внесении изменений в перечень международных и региональных (межгосударственных) стандартов, а в случае их отсутствия-национальных (государственных) стандартов, в результате применения которых на добровольной основе обеспечивается соблюдение требований технического регламента Таможенного союза «О безопасности игрушек» (ТР ТС 008/2011), и перечень международных и региональных (межгосударственных) стандартов, а в случае их отсутствия – национальных (государственных) стандартов, содержащих правила и методы исследований (испытаний) и измерений, в том числе правила отбора образцов, необходимые для применения и исполнения требований технического регламента Таможенного союза «О безопасности игрушек» (ТР ТС 008/2011) и осуществления оценки соответствия объектов технического регулирования
135
02.12.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 135 О внесении изменений в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 24 декабря 2019 г. № 236
192
02.12.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 192 О проекте распоряжения Совета Евразийской экономической комиссии «О внесении изменения в пункт 5.2.4 плана мероприятий по реализации Стратегических направлений развития евразийской экономической интеграции до 2025 года»
191
02.12.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 191 О внесении изменений в состав Консультативного комитета по взаимодействию контролирующих органов на таможенной границе Евразийского экономического союза

Ченемдик документтер

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменовдун БелТА МА берген интервьюсу: “Беларусь ЕАЭБтеги бардык интеграциялык процесстерде негизги ролду ойнойт” 24 2016 ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменовдун БелТА МА берген интервьюсу: “Беларусь ЕАЭБтеги бардык интеграциялык процесстерде негизги ролду ойнойт” Беларусь, Россия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарында жашап, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгону менен аларга каршы чогуу аракет көрүп келе жатканына эки жыл болду. Октябрдын аягында Минск Биримдиктин алкагында кезектеги ири жолугушууну кабыл алат - Беларусиянын ордо калаасында Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өткөрүлөт. Бул маанилүү иш чаранын алдында БЕЛТА кабарчысы 2016-жыл ЕАЭБ үчүн кандай болду, параллелдик импорттун жана бажы алымдарынын ченин аныктоонун көйгөйлүү маселелери кантип чечилет жана бирдиктүү каржы рыногун түзүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын билүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Сулейменов менен жолугушту.
21 2016 ЕЭКтин Эмгек миграциясы департаменттин милдетин убактылуу аткаруучу Самат Алиевдин “Иштиктүү Евразия” журналына берген интервьюсу: “ЕАЭБ контрафакт жана жасалма товарлар менен күрөшүү чараларын күчөтөт” ​Интеллектуалдык менчикти укук коргоо органдары коргойт “Иштиктүү Евразия” буга чейин билдиргендей, Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо жагында маалыматтык өз ара иш жүргүзүү регламентин бекиткен. Документ 2015-жылдын 8-сентябрындагы Интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча иш аракеттердин координациясы жөнүндө келишимди аткаруу максатында иштелип чыгарылган. Регламент Комиссия менен мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашуунун тартибин, жана мүчө мамлекеттерде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сактоо боюнча ыкчам чараларды аныктайт. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өз ара иштешүү жана алардын ыкчам аракет көрүү механизмдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн “Иштиктүү Евразия” Эмгек миграциясы департаментинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Самат Алиевге кайрылдык. Анын сөзү боюнча, ЕЭКтин функцияларына, башкалардан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча шарттарды түзүү кирет. Аныкталгандай, бул процесс ар бир өзүнчө алынган мамлекеттеги процесстен көп деле айырмаланбайт.
0/0