Евразия экономикалык бирлигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоору (мындан ары тиешелүүлүгүнө жараша – Бирлик, Макулдашуу долбоору) Комиссиянын Кеңешинин 2012-жылдын 25-январындагы № 7 чечимин аткаруу максатында Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары – Комиссия) тарабынан Бирликке мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен биргеликте иштелип чыккан.


Макулдашуунун долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы бирдиктүү принциптердин жана жөнгө салуу максаттарынын жоктугунан, ошондой эле Бирликке мүчө мамлекеттерде өндүрүлгөн алкоголдук продукцияны өз ара сатуудагы кээ бир тоскооолдуктардан (алардын шарттарынан) улам болду, алардын ичинде:
- “камсыз кылуу төлөмдөрүнүн” басмырланган жана жогорулатылган көлөмүнөн;
- Беларусь Республикасындагы “атайын импортёрлор” институтунун сандык чектөөлөрүнөн;
- коштомо документтердин бир түргө келтирилген формаларынын жоктугунан;
- административдик кызматташтыктын, анын ичинде Тараптардын жөнгө салуучуларынын ортосундагы маалыматтык алмашуунун жоктугунан.


Макулдашуунун долбоору алкоголдук продукциянын өз ара соодасындагы тоскооолдуктарды (алардын шарттарын) четтетүү жана Бирликтин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуунун укуктук негиздерин калыптандырууга багытталган.


Бирликтин алкакгында басмырлоосуз, сандык жана инвестициялык жактан чектөөлөр жана алып коюуларсыз алкоголдук жалпы рынокту түзүү максатында Макулдашуу долбоору төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
-  жөнгө салуунун бирдиктүү максаттарын, атап айтканда, Тараптардын экономикалык кызыкчылыктарын, калктын өмүрүн жана саламаттыгын, ошондой эле алкоголдук рыноктун катышуучуларынын укуктарын коргоо;
- жөнгө салуунун, анын ичинде алкоголдук продукциялар, алкоголдук рынок жана алардын ишмердиги үчүн улуттук режимди жана кыйла жагымдуу режимди камсыз кылуунун, атаандаштыкты чектөөлөргө жол койбоонун, ошондой эле транспаренттүүлүктүн бирдиктүү принциптерин;
- рыноктун катышуучуларына жана алардын ишмердигине талаптарды кошкондо алкоголдук рынокту жөнгө салуунун жалпы чараларынын номиналдык топтому, ошондой эл мындай талаптардын сакталышы үчүн тийиштүү контролду жана көзөмөлдү камсыз кылуу.


Мындан сырткары, Макулдашуунун долбоору тарабынан алкоголдук рыноктун жөнгө салуучуларынын административдик кызматташуусун камсыз кылган жоболор каралган.


Комиссия тарабынан Макулдашуунун долбоорун кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте жана алардын сунуштарынын негизинде иш-чаралардын комплекси ишке ашырылат, алардын ичинде:
- Тараптардын мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган чаралар тизмегин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитилиши;
- Комиссиянын Кеңеши тарабынан алкоголдук продукцияны Бирликтин аймагы боюнча алып өтүү үчүн коштооочу документтердин тизмектеринин жана формаларынын бекитилиши;
- Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алмашууга тийиш болгон маалыматтардын тизмегинин бекитилиши;
- Административдик кызматташуу жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана түзүү.


2015-жылы Макулдашуунун долбоору мамлекет ичиндеги макулдашуудан (МИМ) өткөн.


Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору
​Комиссиянын Коллегиясынын 2013-жлдын 25-декабрындагы № 310 чечими

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 29-майындагы № 14 тескемеси
Комиссиянын Коллегиясынын 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 124 тескемеси