Ишмердикти адвокаттоо
ЕАЭБ алкагында жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына тийгизген таасирине баа берүү – ЕАЭБ алкагында эл аралык келишимдердин долбоорлорунун жана ЕЭК чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо (ЖТБ), ошондой эле ЕЭК кабыл алган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирин баалоо (ИТБ);
ЕЭКтин жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңештин – мүчө мамлекеттердин бизнес-коомдоштугу менен ЕАЭБди өнүктүрүүнүн жана иштешинин стратегиялык жана системалык маселелерин талкуулоо боюнча ЕЭКтин башкы аянтчасынын ишмердигин уюштуруу;
мүчө мамлекеттердин бизнес-коомдоштугу менен өз ара аракеттенүү – ар жылдык баяндамаларды даярдоо менен ЕАЭБдин бизнес-коомдоштугуу ЕЭКтин алдына койгон мүчө мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүнүн жүрүшүнө жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
бизнес жүргүзүү шарттарына евразиялык экономикалык интеграциянын таасиринин негизги көрсөткүчтөрү тутумунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу – ар жылдык баяндамаларды даярдоо менен негизги көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилерине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле методологияны өркүндөтүү.
Интеллектуалдык менчик
мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объектилерине укук ээлери үчүн жагымдуу шарттарды берүү максатында мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү;
ЕАЭБ товардык белгилерин жана тейлөө белгилерин жана ЕАЭБ товарлары чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо тутумун түзүү;
интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды натыйжалуу бажылык коргоону, анын ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажылык реестрин жүргүзүү аркылуу камсыздоо;
интеллектуалдык менчик объектилерине, анын ичинде "Интернет" тармагында укуктарды коргоону камсыз кылуу максатында мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүү;
Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияларды ишке ашыруу
мекеменин, ишмердиктин жана инвестицияларды жүзөгө ашыруунун эркиндигин камсыз кылуу, бизнес-климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, ички жөнгө салууну оптималдаштыруу;
кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну либералдаштыруу жана өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешин кеңейтүү жана камсыз кылуу (анын ичинде кызмат көрсөтүүчүлөрдүн уруксаттарын таанууну жана алардын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын камсыз кылуу аркылуу);
мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, уюштуруу, иш жүргүзүү жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча администрациялык кызматташтыгын камсыз кылуу;
евразиялык туристтик маршруттарды иштеп чыгуу жана бул чөйрөдө компетенттүү органдардын административдик кызматташтыгын өнүктүрүү аркылуу мүчө мамлекеттердин кызмат көрсөтүү секторлорундагы, атап айтканда туризм чөйрөсүнө байланышкан экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, инвестицияларды уюштуруу, ишмердүүлүк жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү (ЮНСИТРАЛ, ЮНКТАД, ЭСКАТО, ЭКЛАК және т.б.).