Султанов Бахыт Турлыханович
1971-жылы 29-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында туулган.
1994-жылы Казак улуттук техникалык университетин "робототехникалык комплекстер жана системалар" адистиги боюнча аяктап "инженер-электрик" квалификациясын, 1995-жылы – Казак мамлекеттик башкаруу академиясын "бизнес жана менеджмент" адистиги боюнча аяктап "экономист" квалификациясын алган.
Эмгек ишмердигин 1994-жылы Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинде Каржы рыногунун баалуу кагаздары башкармалыгынын акционирлөө жана лицензиялоо бөлүмүнүн алдыңкы экономисти кызматында баштаган.
1995-жылдан баштап бөлүм башчысы, андан кийин 1996-жылы – башкармалыктын башчысынын орун басары, 1997-жылы – бюджет департаментинин директорунун орун басары, 1998-жылы – мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин директору, 1999-жылы – казыналык департаментинин директорунун орун басары, 2001-жылы – бюджет департаментинин директорунун орун басары, 2002-жылы – Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик бюджет департаментинин директору болуп дайындалган.
2002-жылдын сентябрынан 2003-жылдын июнь айына чейин – Казакстан Республикасынын Экономика жана бюджеттик пландоо министрлигинин бюджеттик саясат жана пландоо департаментинин директору.
2003-жылдын июнь айынан 2006-жылдын февралына чейин – Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландоо вице-министри.
2006-жылдын февралынан 2007-жылдын январына чейин – Казакстан Республикасынын Статистика боюнча агенттигинин төрагасы.
2007-жылдын январынан 2007-жылдын 10-августуна чейин – Казакстан Республикасынын каржы вице-министри.
2007-жылдын 10-августунан тарта – Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландоо министри.
2010-жылдын 13-мартында Президенттин указы менен Казакстан Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалган.
2012-жылдын 21-январынан 2013-жылдын 6-ноябрына чейин – Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары.
2013-жылдын 6-ноябрынан 2018-жылдын 11-сентябрына чейин – Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары жана Казакстан Республикасынын каржы министри.
2018-жылдын 11-сентябрынан 2019-жылдын 13-июнуна чейин - Астана шаарынын акими.
2019-жылдын 17-июнунан тарта – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри болуп дайындалган.
2022-жылдын 11-январынан 15-августуна чейин – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2022-жылдын 6-октябрындагы чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри болуп дайындалган.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри болуп дайындалган.