Туулган күнү: 1968-жылдын 25-ноябры. Туулган жери: Воронеж областы.
Билими: жогорку юридикалык, укук магистри.
Аяктаган окуу жайлары:
1987-жыл– Воронеж юридикалык техникуму;
1995-жыл– Тверь мамлекеттик университетинин Юридикалык факультети;
1997-жыл – Россия Федерациясынын Президентине караштуу Жеке укук изилдөө борборунун Россиялык жеке укук мектеби (институту).
1987-1989-жылдары - Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек ишмердигин 1989-жылы баштаган. 1989-1999-жылдары федералдык жана аймактык деңгээлдердеги аткаруучу бийлик органдарында, коммерциялык уюмдарда юрист, ошондой эле ички иштер органдарында тергөөчү болуп иштеген.
1999-жылдан 2003-жылга чейин
Россия Федерациясынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин укуктук камсыздоо департаментинин жетекчисинин орун басары (2000-жылдан тарта - Россия Федерациясынын Мүлктүк мамилелер министрлиги)
2003-жылдан 2004-жылга чейин
Россия Федерациясынын Мүлктүк мамилелер министрлигинин Укуктук камсыздоо департаментинин жетекчиси
2004-жылдан 2008-жылга чейин
Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетика министрлигинин Укуктук мамилелер департаментинин директору (2007-жылдан тарта Юридикалык департаменттин директору)
2008-жылдан 2012-жылга чейин
Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин Юридикалык департаментинин директору
2012-жылдан азыркы учурга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Укуктук департаментинин директору.