Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6005

03 июлундагы 2025 Андрей Слепнев ЕЭКте Өзбекстандын демилгелеринин үстүндө иштөөнү Республиканын өкүлү менен талкуулады Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы расмий өкүлү Фанил Кадиров менен жолугушуу өткөрдү. 2025-жылдын 27-июнунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айткан демилгелердин иштелип чыгышы талкууланды. Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиёевдин негизги сунуштарынын бири Өзбекстанды Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын ишине кошуу мүмкүндүгүнө, ошондой эле электрондук сооданы өнүктүрүү алкагында өз ара аракеттенүүнүн айрым программаларын түзүүгө, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоого, соодада санариптик технологияларды киргизүүгө тиешелүү болгон. "ЕЭК Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасы менен көп тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлине чоң маани берет. Өзбек тараптын практикалык сунуштары жөнүндө кошумча маалымат алгандан кийин көрсөтүлгөн маселелер боюнча ишке киришүүгө даяр экенибизди билдиребиз", – деп белгиледи Андрей Слепнев. 
03 июлундагы 2025 ЕЭК жана АСЕАН атаандаштык чөйрөсүндө тажрыйба алмашышты Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун жана АСЕАНдын өкүлдөрү 3-июлда "ЕАЭБде жана АСЕАНда атаандаштык саясаты жана укук колдонуу" онлайн форматындагы семинарда атаандаштык чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен алмашышты. Иш-чарага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. Ал белгилегендей, Комиссиянын катчылык жана АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобу менен кызматташуусу ырааттуу мүнөзгө ээ жана эки тарап үчүн тең пайдалуу. "Биз АСЕАНдын тажрыйбасына кызыкдарбыз. АСЕАНдын катышуучу-өлкөлөрүнүн бизнес жана уюмдары тарабынан атаандаштыкты кабыл алуусунун өлкөлүк индекстерин эсептөө менен айырмаланган атаандаштык саясатын баалоо тутумуна көңүл буруу абзел. Ошондой эле, Биригүү жана жутуулардын кесепеттерин баалоонун бирдиктүү порталы кызыгууну туудурат", – деп баса белгиледи Максим Ермолович. Атаандаштык саясаты, атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө семинардын модератору, ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян семинардын катышуучуларына маалымдады. Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону контролдоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Сергей Максимов айтып берди. Өз кезегинде АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун төрайымы, Камбоджанын Атаандаштык боюнча комиссиянын көз карандысыз комиссары Ли Сопоровичны семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Иш-чарага АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун өкүлдөрү катышышты. 
02 июлундагы 2025 ЕЭКте ЕАЭБ алкагында тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын алып келүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму 2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдовдун катышуусу менен болуп өттү.  Жумушчу топ ушул жылдын март айында Комиссиянын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдында түзүлгөн. Ага 80ден ашык мүчө кирген, алардын жарымы – аны түзүүнү демилгелеген бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү.  Өткөн отурумда ЕАЭБ мейкиндигинде тамеки жана никотин камтыган продукция рынокторунун абалы, бул чөйрөдөгү мыйзамсыз жүгүртүүнүн тенденциялары жана динамикасы, ошондой эле көрсөтүлгөн продукциянын автомобилдик ташууларын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу практикасы талкууланды.  Жумушчу топтун катышуучулары Бирликтин рыногунда тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган биринчи кезектеги чаралар боюнча сунуштарды киргизишти, алар ЕЭК аянтчасында Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын тартуу менен иштелип чыгат.
01 июлундагы 2025 Косметикалык продукциянын стандарттарын иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөр киргизилди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин ишке ашырылышын жана колдонулушун камсыз кылган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү жактырды. Өзгөртүүлөрдө беш мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын стандарттарынын негизинде парфюмериялык-косметикалык продукцияда формальдегидди аныктоо боюнча эки стандартты, ISO эл аралык стандарттарынын негизинде күндөн коргоочу каражаттарды сыноо ыкмаларына эки стандартты жана Ислам өлкөлөрүнүн SMIIC стандартташтыруу жана метрология институтунун стандартынын негизинде Halal парфюмериялык-косметикалык продукция боюнча бир стандартты иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле тогуз мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылган.
30 июнундагы 2025 Евразия экономикалык форумунда интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүү талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен Россиянын "Транспорттун санариптик доору" санариптик транспорт технологияларын өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын президенти Александр Семкиндин Минскте өткөн жумушчу жолугушуусунда талкуулоонун предмети болуп калды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕЭК министри ушул жылдын январында ЕЭК Кеңеши тарабынан жактырылган, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча Концепцияны ишке ашыруу жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун катышуучулары ишке ашырууга пландаштырылган базалык сервистердин тизмеси, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ИТТларынын маалыматтык өз ара иштешүүсүнүн форматтарына карата талаптарды унификациялоо боюнча пикир алмашышты. "Биздин мамлекеттерде ИТТны киргизүүнүн ар кандай деңгээлин эске алуу менен, унификацияланган стандарттарга жана талаптарга негизделген ЕАЭБдин тоскоолдуксуз санариптик мейкиндигин түзүү өтө маанилүү", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев. Тараптар аталган маселелерди сентябрь айында өтө турган ар жылдык «Россиянын интеллектуалдык транспорттук тутумдары. Транспорттун санарип доору» эл аралык форумунун алкагында улантууну макулдашышты.
30 июнундагы 2025 Таиланддын ишкерлери ЕАЭБ рыногунда иштөө перспективаларына оң баа беришти Таиланддын ишкерлер коомдоштугунун сурамы боюнча Евразия экономикалык комиссиясы Таиланд Королдугунун Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Москвадагы Тай соода борбору менен биргеликте "ЕАЭБ: динамикалык эл аралык соода шарттарында тайланддык ишкерлер үчүн перспективалуу рыноктор" онлайн-семинарын уюштурду. "Евразия экономикалык бирлигинин жана Таиланддын өз ара иштешүүсүнүн өнүккөн жана түшүнүктүү инфраструктурасы түзүлгөн. ЕЭК жана Таиланд Өкмөтү 2018-жылы түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууну улантууда. Биргелешкен жумушчу топтун эки отуруму болуп өттү. Кызматташтыктын кыйла кызыгууну жараткан негизги чөйрөлөрү аныкталды", — деди ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян. Ошондой эле ал ЕАЭБ менен Таиланддын диалогу бизнес үчүн ачык экендигин белгиледи. ЕЭК тарабынан уюштурулуп жаткан, анын ичинде АСЕАН өлкөлөрүнө багытталган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү бизнес-аудитория үчүн өткөрүлөт жана ишкерлердин ортосунда түз байланышты түзүүгө мүмкүндүк берет. Департаменттин башчысы ЕАЭБ жана Таиланддын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен диалогду өнүктүрүүнүн драйвери боло ала турган, кызматташтыктын потенциалдуу артыкчылыктуу чөйрөлөрүн белгилеп өттү. Бул санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы жана азык-түлүк коопсуздугу, транспорт жана логистика, ошондой эле каржы кызматтары сектору, анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери. Өз кезегинде, Таиланд Королдугунун Соода министрлигинин Эл аралык соодага көмөктөшүү департаментинин директору Сунанта Канвалкулкидж Таиланддын ЕАЭБ мамлекеттеринин ар бири менен соода-экономикалык кызматташтыгынын жогорку потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн позитивдүү баалады. Семинардын жүрүшүндө ЕАЭБ рыногуна жеткиликтин практикалык жол-жоболору, Бирликте соода саясаты жана бажы-тарифтик жөнгө салуу, мүчө мамлекеттердин жана Таиланддын өнөр жай, транспорт, логистика чөйрөсүндө кызматташуу потенциалы каралды. Таиланддык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү ЕАЭБ рыногунда өз ишинин позитивдүү мисалдары жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.
Дагы көрсөтүү