Жаңылыктар

10.06.2018

Тигран Саркисян ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 9-10-июнда Циндао шаарында (Кытай) болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.​ Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 9-10-июнда Циндао шаарында (Кытай) болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. ШКУнун мүчөлөрү кабыл алышкан башкы жыйынтык документ Циндао декларациясы болуп калды, анда мамлекет башчыларынын дүйнөдөгү учурдагы кырдаалга карата позициялары белгиленген жана уюмдун актуалдуу көйгөйлөрдүчечүүгө мамилелери баяндалган. Андан тышкары, документте өлкөлөрдүн жакынкы перспективага глобалдык жана регионалдык кызматташуусунун олуттуу багыттары белгиленген.   ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча ШКУнун катчылыгы менен ЮНЕСКОнун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга да кол коюлду. Жалпысынан саммиттин алкагында, анын ичинде экономика чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүүгө тиешелүү 20дан ашуун документ талкууланды. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын президенттери ЕАЭБдин ШКУ өлкөлөрү менен, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин Кытай Эл Республикасынын “Бир алкак, Бир жол” (БАБЖ) демилгеси менен жандашуусунун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин ЕЭКтин Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянга ШКУнун саммитинин ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Маалымдама ШКУга сегиз өлкө: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы , Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы мүчө болуп саналышат. Төрт өлкө: Афганстан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия Республикасы ШКУга караштуу байкоочу мамлекет статусуна ээ. Алты өлкө: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа Королдугу, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түркия Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы ШКУ диалогу боюнча өнөктөш болуп саналат.