Жаңылыктар

16.01.2023

Андрей Слепнев: "ЕАЭБ биздин өлкөлөрдүн жашыл долбоорлорун камсыздоого мүмкүндүк бере турган моделдик таксономияны бекитти"

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ВЭБ.РФ мамлекеттик корпорациясы жана "Астана" эл аралык финансы борборунун Жашыл финансылар борбору менен бирдикте Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жашыл долбоорлорунун критерийлерин (моделдик таксономияны) даярдалды. Аталган уюмдар Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын таксономияларды улуттук иштеп чыгуучулар болуп саналат.

Моделдик таксономия климаттык күн тартиптин алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин позицияларын жакындатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунда жактырылды. "Биз Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында бекитилген документ жөнүндө айтып жатабыз, бул аны бүтүндөй ЕАЭБ мейкиндигинде аларды каржылоо максаттары үчүн жашыл долбоорлорду тандоонун толук укуктуу инструменти катары кароого мүмкүндүк берет", - деп эсептейт ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.


Анын айтымында, эл аралык серепчилердин баамы боюнча көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү үчүн дүйнөлүк экономикага 2050-жылга чейин жылына 5 трлн доллардан талап кылынат. Муну менен катар, төмөн көмүртектүү өнүгүү менен айкалыша турган жана демилгелене турган тармактардын жана технологиялардын тизмеги кайра каралып чыгууда.

Жашыл жана жашыл эмес тармактарды жана технологияларды ажыратуу маселеси дал ушул жашыл таксономияларды (жашыл долбоорлордун критерийлерин) түзүүнүн алкагында чечилет. Азыркы учурда дүйнөдө 15ке жакын улуттук тутумдар, алардын ичинде Европа бирлигинин, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын таксономиялары бар.

Моделдик таксономияны даярдоонун максаты ЕАЭБ мейкиндигинде жашыл каржылоо инструменттерин системалуу өнүктүрүүнүн алкагында мүчө мамлекеттердин мамилелерин өбөлгөлөө жана жакындаштыруу, ошондой эле капиталдардын эркин кыймылын камсыздоо болуп саналат. Жашыл долбоорлордун даярдалган критерийлери интеграциялык бирикме үчүн түзүлгөн биринчи критерийлердин бири болуп калды, алар улуттук таксономияларды иштеп чыгуу же актуалдаштыруу үчүн негиз боло алат.

"Моделдик таксономия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инвестор- компанияларынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржаларында каржылоо инструменттерин жайгаштыруу аркылуу катышуучу өлкөлөрдүн капитал рынокторуна жетүүсүн жөнөкөйлөтө алат. Моделдик таксономиянын түзүмүндө тармактык мамиле колдонулган, тармактарды тандоо көбүнесе тармактардын көмүртек сыйымдуулугу жана чыгындыларды кыскартуунун потенциалы менен шартталат", - деди Андрей Слепнев.


Ошону менен бирге критерийлерди аныктоодо дүйнөлүк мамилелер жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбалар талданды, ошондой эле климаттык максаттарга жетүүгө карата улуттук мамилелер тийиштүү түрдө эске алынды. Дүйнөлүк мамилелерди эске алуу моделдик таксономиянын башка эл аралык стандарттар менен шайкештигинин жогорку деңгээлин камсыз кылууга, ошондой эле стандарттарды иштеп чыгуучулардын эл аралык коомчулугу тарабынан да, эл аралык инвесторлор тарабынан да анын таанылышына мүмкүндүк берет.

Иштелип чыккан жашыл долбоорлордун моделдик таксономиясынан тышкары, жумушчу топ төмөн көмүртектүү экономиканы каржылоо тутумун иштеп чыгууга карата эл аралык жана улуттук мамилелер жөнүндө баяндама даярдады.

Материалдар менен бул шилтеме боюнча тааныша аласыздар.

Маалымат

Климаттык күн тартиптин алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин позицияларын жакындатуу боюнча сунуштарды жакындатуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 21-августундагы № 10 тескемесине ылайык түзүлгөн. Аны ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв жетектейт. ЕӨАКнын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 18 тапшырмасы менен климаттык күн тартиптин алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын биринчи топтому (жол картасы) бекитилген. Жол картасынын пункттарынын биринде улуттук жана эл аралык практикаларды талдоо боюнча баяндама даярдоо, анын ичинде ЕАЭБдин жашыл долбоорлорунун моделдик таксономиясы боюнча жалпы мамилелерди иштеп чыгуу каралган.