Жаңылыктар

16.06.2022

Арман Шаккалиев: "ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө чакан жана орто бизнестин мамлекеттик сатып алууларда катышуусу 90% чейин жетүүдө"

15-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында башталган Россия чакан жана орто ишкердик форумунун катышуучулары чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизми катары мамлекеттик сатып алуулар маселелерин талкуулашты. Форумдун ишине Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев катышты.
Министр өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө ЕАЭБде чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн мамлекеттик сатып алууларда катышуусуна жана сатып алууларда алар үчүн улуттук режимди камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүнөт деп белгиледи. "Мамлекеттик сатып алууларда меймандостук болушу керек. Бул жерде кичинекейлерге чоңдордой сыяктуу эле жайлуу болгондой шарттарды түзүү зарыл", – деп белгиледи министр.

2021-жылда ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулардын жалпы рыногу 152 млрд АКШ долларын түздү. 2020-жылга салшытырмалуу бул көрсөткүч 10%га өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында жеткирүүчүлөрдүн өз ара катышуусунда да оң динамика байкалууда. Аталган мезгилдин ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин наркы 2,5 эсе өсүп, 2021-жылда 368,4 млн АКШ долларын түзгөн.

ЕЭК министри мамлекеттик сатып алуулар рыногу "атаандаш, кооперациялык жана сапаттуу" болууга тийиш деп эсептейт. Арман Шаккалиевдин айтуусу боюнча, ал үчүн бүгүнкү күндө ЕАЭБде банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимди мамлекеттик ички макулдашуу өткөрүлүүдө, Электрондук санариптик колтамгаларды өз ара таануу боюнча эрежелердин долбоору иштелип чыгууда, аны кийинки жылда ишке ашыруу пландаштырылууда.

Министр мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо механизмдери жана шарттары боюнча маселенин чечилишин Комиссиянын акыркы мезгилдеги эң маанилүү жетишкендиктеринин бири деп атады. Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринде алар аткарылган шартта товар мүчө мамлекетте чыгарылган деп эсептелген 13 өнөр жай тармагынын товарларынын 319 түрү боюнча өндүрүш шарттары каралган.

Министр бизнес өкүлдөрүн эрежелерге кирген товардык позицияларды жана өндүрүш шарттарын кеңейтүү боюнча сунуштарды бир кыйла активдүүрөөк берүүгө, ошондой эле Комиссиянын маалыматтык ресурсу болгон евразиялык реестрге кошулууга чакырып өттү.

Реестрден үзүндү көчүрмө – товардын чыгарылган өлкөсүн тастыктоочу жалгыз документ. Бүгүнкү күндө ага ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн товарларынын 6000ден ашуун аталыштары кирет.

"ЕАЭБдин аймагында мамлекеттик сатып алуулар рыногунун натыйжалуу өнүгүүсү өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, товарлардын, иштердин жеткирүүчүлөрүнүн жана ар түрдүү мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда жагымдуу атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө, сатып алуулар рыногунун тоскоолдуктарсыз жана чектөөлөрсүз саламат конъюнктурасы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", – деп Арман Шаккалиев корутундулады.