Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фото
Видео
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
11 Sep 2024
ЕЭК жана КЭР атаандаштык чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөдө
Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Ухань шаарында Кытай Эл Республикасынын рыногун жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик башкармалыгынын адилет атаандаштык маселелери боюнча улуттук конференциясында ЕЭКтин бир катар демилгелерин сунуштады. Келечектеги өнүгүүнүн негизи катары — адилеттүү атаандаштыкка арналган иш-чарада Максим Ермолович ЕЭКтин атаандаштык укукту жана укук колдонууну өркүндөтүүнүн, ошондой эле Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн улуттук атаандаштык органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн үстүндө жигердүү ишин белгиледи. Маанилүү жетишкендик катары Картелдерди ачууну жана чек ара аралык рыноктордо атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзүүчү жоопкерчиликтен бошотуу программасын иштеп чыгуу белгиленди. ЕЭК Министри ЕАЭБ Соту менен бекем байланыштарга жана атаандаштык укукту бир түрдүү колдонууну камсыз кылуудагы анын ролуна көңүл бурду. Максим Ермолович учурдагы көйгөйлүү маселелерди өзүнчө айтып өттү жана Комиссиянын бир катар демилгелерин сунуштады: ЕАЭБде роумингге тарифтерди төмөндөтүү, санариптик маркетплейстерди өнүктүрүү шарттарында электрондук сооданы жөнгө салуу, атаандаштыкты адвокаттоо, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүндүк берген эл аралык кызматташтыктын ийгиликтүү мисалдары. ЕЭК министри Комиссиянын Кытай жана башка өлкөлөр менен өнөктөштүгүн бекемдөө экономикалык өсүшкө жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү жагымдуу атаандаштык чөйрөнү түзүүнү камсыз кылаарына толук ишенимин билдирди. "Кытай ЕЭКтин стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биздин кытайлык кесиптештерибиз менен атаандаштык жаатында кызматташууну кеңейтүүнү биз олуттуу потенциалга ээ болгон артыкчылыктуу багыт деп эсептейбиз", – деп баса белгиледи Максим Ермолович.
02 Sep 2024
Өзбекстан ЕЭК менен мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар
Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кызматташуунун перспективаларын онлайн-форматта талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин директору Жанар Адикова өзбек кесиптештерин Бирликтин укугу менен каралган мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндөгү базалык принциптер, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун айрым маселелеринде Комиссиянын ролу менен тааныштырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү диалогду улантууга жана тереңдетүүгө, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларга өз ара катышуу маселелерин талкуулоого кызыкдар экендигин билдиришти. Өз кезегинде Департаменттин директорунун орун басары Армине Акопян өзбек кесиптештерин Ереванда 30-сентябрь-1-октябрда өтө турган Евразия экономикалык форумунда диалогду улантууга чакырды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын сунуштады.
12 Aug 2024
Максим Ермолович: "ЕАЭБде атаандаштыкты өнүктүрүү Бирлик өлкөлөрүнүн алдыңкы жождорунун илимий жана билим берүү боюнча коштоосун алышы керек"
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Александр Аузан менен жолугушуу өткөрдү. Максим Ермолович бул чөйрөдө дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн негизги жождору, анын ичинде ММУ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүнү илимий жактан коштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Александр Аузан Бирликте атаандаштыкты өнүктүрүүгө ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын маданий коддорунун тийгизген таасири жөнүндө ой бөлүштү. Ал жасалма интеллекттин заманбап дүйнөгө жана дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө тийгизген таасири интернеттин таасиринен кем эмес чоң болорун белгиледи. Тараптар ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКСтин өз ара иштешүүсүнүн перспективаларын, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүн талкуулашты. ММУнун атаандаштык маселелери менен алектенген окумуштууларынын жана Комиссиянын профилдик блогунун кызматкерлеринин туруктуу диалогун түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
24 Jul 2024
ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Сергей Максимов дайындалды.
Сергей Васильевич Максимов 1961-жылы Омск шаарында туулган. СССР ИИМинин Омск жогорку милиция мектебин, андан кийин - ошол эле окуу жайдын адъюнктурасын жана СССР ИИМ Академиясынын докторантурасын (Россия Федерациясы) аяктаган. Юридика илимдеринин доктору, профессор. 1983-жылдан 2005-жылга чейин - укук коргоо кызматында кызмат өтөгөн. Ал СССР ИИМ Омск жогорку милиция мектебинин адъюнкт,у илимий кызматкери жана Кылмыш-жаза укугу бөлүмүнүн улук окутуучусу, СССР ИИМ Академиясынын докторанты (Россия ИИМи), Россия ИИМинин Москва институтунун Кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын профессору, Россия ИИМинин Москва университетинин криминология кафедрасынын профессору кызматтарын ээлеген. 2006-жылдан 2018-жылга чейин - РИАнын мамлекет жана укук институтунун жазык укугу, криминология жана сот адилеттиги маселелери секторунун жетектөөчү илимий кызматкери жана башчысы. 2008-2010-жылдары - Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматтын укуктук камсыздоо жана лицензиялоо башкармалыгынын башчысы. 2010-2015-жылдары - Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын Укук башкармалыгынын башчысынын орун басары. 2015-2016-жылдары - Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору. 2016-жылдан 2024-жылга чейин - Федералдык монополияга каршы кызматтын жетекчисинин жардамчысы жана кеңешчиси. 2015-жылдан тартып - РИАнын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча Илимий кеңешинин төрагасынын орун басары, 2016 – жылдан тартып - "Россия атаандаштык укугу жана экономика" илимий-практикалык журналдын башкы редактору, 2023-жылдан тартып - Россиянын Юристтер ассоциациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары. Атаандаштык, административдик жана жазык мыйзамдары боюнча 400дөн ашык илимий жана илимий-методикалык иштердин автору. 2024-жылдын 22-июлунан тартып ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору кызматына дайындалды.
24 Jul 2024
ЕЭК Коллегиясынын чечимдеринин негизинде тартип бузуучулардан айыптар өндүрүлдү
Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар төлөнгөн. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2020-жылдын 7-июлундагы чечими менен "Ассомедика" ЖЧКсынын (Беларусь) директору Сергей Пузыняны атаандаштыкка каршы макулдашуунун катышуучусу деп тааныган. Медициналык жабдууларды сатуучу компаниялар, анын ичинде "Ассомедика" ЖЧКсы, ар бири өз аймагында Cochlear Europe өндүрүшүндөгү кохлеардык имплантациялоо тутумунун сүйлөө процессорлорун ишке ашырууга макулдашышкан. Мындай аракеттердин кесепетинде керектөөчүлөр товарды бир кыйла арзаныраак баада тандап алуу, ошондой эле бул продукцияны жеткирүүчүлөрдөн кепилдик жана кепилдиктен кийинки тейлөөнү алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 2023-жылдын 21-ноябрындагы чечими менен ЕЭК Коллегиясы "Брютс Н" ЖЧКсынын (Беларусь) аракеттерин нысапсыз атаандаштыктын актысы деп тапкан. Компания россиялык тармактын товардык белгисине окшош товардык белгини колдонуу менен, анын белгилүү россиялык HOOKAH PLACE кальян мекемелеринин тармагына тиешеси бар экендиги боюнча керектөөчүлөрдү адаштырган. "Брютс Н" ЖЧКсына жана "Ассомедика" ЖЧКсынын директору Сергей Пузыняга жалпы суммасы 700 миң рублдан жогору жазапул салынды. 2022-жылдын 2-августунда ЕЭК Коллегиясынын чечими менен "Металлотехника" ЖЧКсынын (Россия), анын директору Евгений Тарасовдун, ошондой эле "Металл иштетүү" ЖЧКсынын (Россия) директору Валерия Абросимованын аракеттери нысапсыз атаандаштык актысы деп таанылган. Алар аталыштарында өзгөчө укук "Автоген-М" ЖЧК (Армения) таандык болгон "Орбита" деген белгини колдонуу менен, болот түтүк кесүүчү жабдуулардын мүнөзүнө, өндүрүлгөн ыкмасына жана жерине, керектөө касиеттерине же өндүрүүчүсүнө карата керектөөчүлөрдү адашууга алып келишкен. Аталган адамдарга карата жалпы суммасы 800 миң рублдан ашык жазапул салынды. ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык, атаандаштык эрежелерин бузгандыгы үчүн жазапулдар, анын аймагында укук бузган чарбакер субъект катталган мамлекеттин бюджетине төлөнөт.
15 Jul 2024
ЕЭК дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди
Евразия экономикалык комиссиясы "Фармстандарт-Лексредства" ААК россиялык компаниясынын нысапсыз атаандаштык жөнүндө арызын карап чыкты. Арыз ээсинин маалыматы боюнча, "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсы (Армения Республикасы) ЛОР-органдарынын ооруларын дарылоо үчүн кеңири белгилүү дары-дармектердин аталыштарына ("Ингалипт", "Каметон", "Фурацилин") "Ингалипт Виалайн", "Каметон Виалайн", "Фурацилин Виалайн" аталыштары менен парфюмердик-косметикалык продукцияларды (ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарын) саткан. Мындай окшоштук керектөөчүлөрдө ушул товарларда дарылык касиеттер бар деген адашкан пикир жаратышы мүмкүн. Арызды карап чыгып, Комиссия "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсына эскертүү берди. Белгиленген мөөнөттө компания аталган парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүүнү жана сатууну токтотту. Эскертүүнүн бардык талаптарынын белгиленген мөөнөттө аткарылышын эске алуу менен Комиссия арызды кароону токтотту. "Арызды кароонун жүрүшүндө товарлардын маркетплейстердеги карточкаларында бул парфюмердик-косметикалык продукция ринит, тонзиллит, ангина жана ЛОР-органдарынын башка ооруларын дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Анткен менен Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуучу товарларга жайылтылбайт", – деп белгиледи ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Ольга Королькова. Сатып алуучуларды коргоо жана "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсынын иш-аракеттеринин кесепеттерин жоюу үчүн Комиссия россиялык белгилүү маркетплейстердин – Wildberries, Ozon жана "Яндекс Маркет" өкүлдөрүнө кайрылган. Аянтчалар товарлардын тиешелүү карточкаларын тез арада бөгөттөштү жана жеткирүүчүнү продукциянын дарылык касиеттери жөнүндө маалыматты алып салууга милдеттендиришти. Мындай жол менен компаниялар ЕЭКке Бирликтин дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирүүгө жардам беришти.
05 Jul 2024
Максим Ермолович: "ЮНКТАД – дүйнөдөгү атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча координациялык борбордун ролун аткарган негизги эл аралык аянтчалардын бири"
Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Женевада ЮНКТАДдын атаандаштык жаатындагы мыйзамдар жана саясат боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун (МГЭ) 22-сессиясынын ишине катышты. ЕЭК министри Комиссиянын трансчек аралык картелдер менен күрөшүү чөйрөсүндөгү иши жана Евразия экономикалык бирлигинде атаандаштыкты жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, Максим Ермолович атаандаштык маселелери боюнча аймактык интеграциялык бирикмелердин өкүлдөрүнүн кезектеги ишкердик жолугушуусун өткөрдү. Мындай иш-чаралар жыл сайын ЮНКТАДдын аянтчасында Комиссиянын атаандаштык боюнча блогунун демилгеси боюнча уюштурулат. Жолугушуу ЕАЭБ сотунун, Араб атаандаштык тармагынын, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун (КОМЕСА), Чыгыш Африка коомчулугунун (ЕАС), Батыш Африка экономикалык жана валюта бирлигинин (WAEMU), Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык коомдоштугунун (ECOWAS) ж. б. өкүлдөрүн бириктирди. "Атаандаштык боюнча улуттар аралык органдардын үзгүлтүксүз жолугушуулары практикалык натыйжага ээ болору шексиз. Мен биринчи кезекте региондордо иштелип чыккан мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен атаандаштык укугун өркүндөтүү жөнүндө айтып жатам", – деп белгиледи Максим Ермолович. Ошондой эле МГЭ сессиясынын талааларында ЕЭК министри Египеттин атаандаштык ведомствосунун төрагасы Махмуд Момтаз менен өз ара иштешүүнүн перспективаларын талкуулады, ЮНКТАД сессиясына катышкан атаандаш органдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Максим Ермолович Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) атаандаштык боюнча комитетинин төрагасы Фредерик Женни менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) 1964-жылы түзүлгөн. ЮНКТАДдын штаб-квартирасы Женевада (Швейцария) жайгашкан. Бүгүнкү күндө конференцияда 195 өлкө бар. ЮНКТАДдын милдеттери эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү; мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташтык; сунуштарды, принциптерди, уюштуруучулук-укуктук шарттарды жана заманбап эл аралык экономикалык мамилелердин иштөө механизмдерин жана башка бир катар механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) – тажрыйба алмашуу, анын ичинде экономикалык саясат жаатында дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн бириктирген эл аралык уюм. 1960-жылы түзүлгөн. Учурда ЭКӨУГА 40 мамлекет, анын ичинде Австралия, Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Канада, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Мексика, АКШ, Түркия, Франция, Швеция, Япония кирет.
28 Jun 2024
Ольга Королькова Петербург эл аралык юридикалык форумуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Ольга Королькова 2024-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин Санкт-Петербургда өткөн Петербург эл аралык юридикалык форумунун ишине катышты. Форумдун программасы иш-чаралардын кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын алкагында укуктук жөнгө салуунун актуалдуу көйгөйлөрү талкууланат. "Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктар жана заманбап чечимдер" тематикалык сессиясында Ольга Королькова укук колдонуу практикасынын тенденцияларын жана Комиссиянын ишинин негизги багыттарын, атап айтканда, товардык белгилерди каттоого жана пайдаланууга, керектөөчүлөрдү адаштырууга, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин жалпы биржалык рыногунун калыптанышына байланыштуу нысапсыз атаандаштыкка бөгөт коюуну баса белгиледи. "Биржалык соода — биздин Бирликтин өлкөлөрүндө товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн колдонулуучу инструмент, — деп белгиледи Ольга Королькова. — 2023-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 2024-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБде биржалык соода 82%га өскөн. Буга ылайык, Комиссия Стратегия-2025ти ишке ашыруунун алкагында бул чөйрөдө да иш алып барат, Бирликте жалпы биржалык мейкиндигин калыптандыруу жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда тиешелүү концепция даярдалган". Сессиянын катышуучулары санариптик рынокторду жөнгө салууга карата мамилелерди, санариптик экономика шарттарында монополияга каршы мыйзамдардын учурдагы инструменттеринин натыйжалуулугун жана колдонулушун, маркетплейстерди жөнгө салуу көйгөйлөрүн талкуулашты.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө