Жаңылыктар

10.12.2024

Бахыт Султанов: "Ишкер чөйрөлөрдүн евразиялык интеграцияга болгон кызыгуусу артууда"

10-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомдоштугунун 2024-жылдагы көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жөнүндө баяндаманы карап чыкты.

"Үстүбүздөгү жылы Комиссия тарабынан иштелип чыккан маселелердин саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Бул ишкер чөйрөлөрдүн евразиялык экономикалык интеграция маселелерине болгон кызыгуусу төмөндөбөй, тескерисинче өсүп жаткандыгын билдирет", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.

Ошондой эле Комиссиянын блоктору түз диалог үчүн ар кандай аянтчаларды, анын ичинде аралыктан баарлашуу форматын колдонуу менен бизнес менен жигердүү өз ара иштешип жаткандыгы баса белгиленди.

2024-жылы календардык жыл ичинде чечилген бизнестин көйгөйлүү маселелеринин үлүшү 2023-жылга салыштырмалуу 24%дан 29%га чейин көбөйгөн. Бизнес-коомдоштуктун көпчүлүк маселелери боюнча (48%) түшүндүрмөлөр берилди, маселелердин 29% чечилди, ал эми маселелердин 23% боюнча ЕЭК иштеп чыгууну улантууда.

Бахыт Султанов бул сандар ишкер чөйрөлөрдүн актуалдуу маселелерин чечүүдө Комиссиянын ишинин ыкчамдыгынын өсүшүнөн жана алар менен иштөөнүн сапатынын жогорулашынан кабар берерин баса белгиледи.

ЕЭК тарабынан бизнестин көйгөйлөрүнүн чечилишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча даярдалган баяндама жакынкы убакта Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.

Баяндама 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткаруунун алкагында даярдалган. Көйгөйлүү суроолор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнөн келип түшөт (2024-жылы бардыгы болуп 155 суроо келип түшкөн). 2024-жылы эң жогорку жигердүүлүктү Россиянын (52%) жана Казакстандын (26%) ишкер чөйрөлөрү көрсөткөн.