Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
26 февралындагы 2025
Бахыт Султанов: "Экономикалык диалогго көбүрөөк ишкерлерди тартууну пландап жатабыз"
26-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы астында ЕЭК өкүлдөрүнүн беларустук бизнес-коомдоштугу менен жолугушуусу болуп өттү. Комиссиянын өкүлдөрү ишкерлердин Евразия экономикалык бирлигинин иштешинин жана өнүгүүсүнүн кеңири чөйрөсүнө тиешелүү суроолоруна жооп беришти. "Ишкерлер евразиялык экономикалык интеграциянын негизги бенефициарлары жана ЕАЭБ укугуна практикалык суроо-талапты камсыз кылган интеграциялык процесстердин драйвери болушу керек. Жакында биз Россиядан ишкерлер менен жолугушуу өткөрдүк, өткөн жылы Армениянын жана Казакстандын ишкерлери менен жолукканбыз. Мындай жолугушууларды мүчө мамлекеттердин борборлорунда гана эмес, башка шаарларында да туруктуу негизде өткөрүп туруу, экономикалык диалогго көбүрөөк чарбакер субъекттерди тартуу пландалууда", – деп белгиледи Бахыт Султанов. ЕЭК министри Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча блогу тарабынан ЕАЭБ алкагында бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Ал ишкерлерге бизнес жүргүзүү шарттарына жөнгө салуунун таасирин баалоо жол-жоболоруна, анын ичинде жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жана иш жүзүндөгү таасирди баалоо жол-жоболоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өзүнчө маалымдады. "Беларус бизнесинин өкүлдөрүнүн Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун ачык талкуулоого катышуу үлүшү акыркы жылдары 26 пайыздан 32 пайызга чейинки диапозондо. Бул жетишээрлик жогорку көрсөткүч, ал Беларусь Республикасынын ишкерлеринин ЖТБ процедураларына кеңири тартылгандыгын күбөлөндүрөт", – деп билдирди Бахыт Султанов. ЕЭК министри ишкерлерди Комиссия менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңештин отурумуна катышууга чакырды, ал быйыл Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлмөкчү. ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов мурда Беларустун ишкер чөйрөлөрү белгилеген көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, ал кооперациялык долбоорлорду өбөлгөлөө, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна товарлардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү либералдаштыруу жана интеллектуалдык менчик чөйрөлөрүндө Бирликтин укугун жакшыртуу боюнча прогрессти баса белгиледи.
17 февралындагы 2025
Бахыт Султанов: "ЕЭК бизнес ЕАЭБдин интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануусу үчүн шарттарды түзүүдө"
Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов "ЕАЭБ 2030-жылга чейин: бизнес менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүнүн максаттары, механизмдери, чакырыктары" Россиялык бизнес – 2025 жумалыгынын интеграциялык форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинде жөнгө салуунун бизнес жүргүзүүнүн шарттарына тийгизген таасирин баалоонун жаңы механизмдеринин башталышы жөнүндө айтып берди. Иш-чара 17-февралда Москва шаарында Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) аянтчасында өттү. ЕЭК министри белгилегендей, жаңы механизмдер Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоону жана эл аралык келишимдердин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону камтыйт. Анын айтымында, Бирликтин он жылдык ишмердигинде бизнеске келип түшкөн сунуштардын 60%дан ашыгы ЕЭКтин ченемдик актыларын иштеп чыгууда эске алынган. "Биз өлкөлөрүбүздүн ишкерлери үчүн бизнес-чөйрөнү жакшыртуу үчүн тынымсыз иштеп жатабыз. Жаңы ченемдерди жана жөнгө салууларды иштеп чыгууда бизнестин пикирин эске алуу маанилүү милдет болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Бахыт Султанов бизнес-коомдоштуктун актуалдуу көйгөйлөрүн баса белгилеп, евразиялык экономикалык интеграциясынын ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына тийгизген таасирин баалоонун аналитикалык инструменти менен тааныштырды. Мындан тышкары, ЕЭК министри кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну либералдаштыруу, туризм тармагында экономикалык кызматташтык, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу жөнүндө билдирди. "Биз ЕАЭБдин Ишкер кеңеши менен Комиссиянын өз ара иштешүүсү боюнча консультативдик кеңештин ишин кайра форматтадык, бирдиктүү терезе режиминде коммуникацияга өттүк", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Ал Консультативдик кеңештин кийинки отурумун Евразия экономикалык форумунун ишкер программасынын иш-чараларынын алкагында ушул жылдын май айында көздөшүү форматында өткөрүүнү демилгеледи. Форумга ЕЭК министрлери, Россиянын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөлөрү, ишкердик ишмердиктин ири россиялык субъекттери катышышты.
12 февралындагы 2025
Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Муну менен Бирликте бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө карата маанилүү кадам жасалды. Келишим баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар) менен эмиссиялык жана соода операцияларынын эркиндигин, биржалык рыноктордун ликвиддүүлүгүнүн өсүшү үчүн шарттарды, соода жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөнү камсыз кылууга багытталган. Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, Макулдашуунун предмети болуп баалуу кагаздардын чек ара аралык уруксатын камсыздоо, алардын чыгарылышын өз ара таануу жана Бирлик өлкөлөрүнүн биржаларына уруксат берүү боюнча жол-жоболорду шайкеш келтирүү эсептелет. "Баалуу кагаздардын чек ара аралык уруксатынын айырмалоочу өзгөчөлүгү, жайгаштырууга, анын ичинде параллель (бир эле учурда бир нече биржаларда) жана ЕАЭБдин бир мамлекетинде өткөрүлгөн уюштурулган тооруктарда жүгүртүүгө башка катышуучу-өлкөнүн эмитенттеринин баалуу кагаздарына уруксат берилиши болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Биржа бир катар шарттар сакталган учурда баалуу кагаздарга чек ара аралык уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Биринчи кезекте баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо эмитент катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Мындан тышкары, баалуу кагаздарды чыгаруу бул өлкөнүн биржасында жогорку категориядагы тизмеге киргизилиши керек. Жогорку категориядагы котировкалардын тизмесине биржа тарабынан уюштурулган тооруктарда жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү үчүн белгиленген эң катуу талаптарга жооп берген баалуу кагаздар гана кирет. ЕЭК министри билдиргендей, Макулдашуу баалуу кагаздардын жалпы уюшулган рыногун түзүү үчүн негиз түзөт. Ошону менен бирге баалуу кагаздардын эмиссияларын өз ара таануу ЕАЭБ мамлекеттеринин биржаларында ликвиддүүлүктү жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу бирдиктүү спецификация боюнча каалаган биржалык аянтчада жүргүзүлөт, бул эмиссияны каттоого жана эмиссия жөнүндө отчетко жөнгө салуучу чыгымдарды олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет. "Макулдашууну жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы капиталдын эркин кыймылы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, инвестициялык жигердүүлүктү жогорулатуу, баалуу кагаздар менен биржалык соода көлөмдөрүн көбөйтүү жана Бирлик мамлекеттеринин каржылык рынокторун өнүктүрүү болмокчу", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов. Кол коюлган Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.
10 февралындагы 2025
ДИМУда ЕАЭБдеги интеллектуалдык менчиктин бузулушуна комплекстүү сереп берилди
Евразия экономикалык комиссиясынын 2024-жылы даярдалган отчетунун негизинде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө бир жылдык укук колдонуу практикасынын негизги жыйынтыктарын ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова Женевада ДИМУ штаб-квартирасында Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ДИМУ) Укуктарды коргоо боюнча консультативдик комитетинин профилдик сессиясында тааныштырды. 2023-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 4667 укук бузуу катталып, 5,8 млн контрафакттык товарлар табылган. Укук бузуулардын басымдуу көпчүлүгү товардык белгилерге болгон укуктарга байланыштуу — 91%дан ашыгы же 4256 учур. Андан кийинки орунда автордук укуктарды жана чектеш укуктарды бузуулар турат – болжол менен 8% же 366 учур, ал эми патенттик укук бузуулар – 0,1% же 5 учур. "Акыркы беш жылдын ичинде эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык бузуулар аныкталып, 60 миллиондон ашык контрафакттык товарлар алып коюлган", – деди Нуржамал Ильясова. Белгилей кетсек, Комиссиянын баяндамасында мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген маалымат эске алынган. ЕЭК алар менен биргеликте бул чөйрөдөгү кырдаал максималдуу ачык-айкын болушу үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди жасап жатат. Бул контрафакттын ЕАЭБдин жалпы рыногуна түшүүсүн болтурбоо жана тиешелүү кесепеттерди четтетүү үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүүгө жардам берет. ДИМУ – БУУ тутумунун адистештирилген мекемеси, анын мүчөлөрү болуп 193 мамлекет эсептелет. 2019-жылы ЕЭК жана ДИМУ Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүшкөн. Укуктарды коргоо боюнча консультативдик комитет 2002-жылы ДИМУ Башкы Ассамблеясы тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө жана координациялоону жүзөгө ашырууга мандат менен түзүлгөн.
28 январындагы 2025
ЕАЭБде баалуу кагаздар рыногундагы ишмердикти шайкеш жөнгө салуу үчүн шарттар түзүлүүдө
27-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕЭК Кеңешинин "Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана баалуу кагаздар рыногунда рыноктук ортомчуларга (брокерлерге) талаптарды белгилөө чөйрөсүндө колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар бөлүгүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар жөнүндө" сунуштамасынын долбоорун жактырды. Сунуштамалар жана макулдашылган сунуштар ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 17 тиркемеге (Каржылык кызматтарды көрсөтүү боюнча протокол), Жалпы каржы рыногун түзүү концепциясына, Мыйзамдарды айкалыштыруу жөнүндө макулдашууга жана Бирлик мамлекеттеринин каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан. Документ Бирликтин мамлекеттерине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүдө жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгууда мыйзамдардын негизги түшүнүктөрүн жана аныктамаларын шайкеш келтирүү, баалуу кагаздар рыногунда брокерлерге талаптарды белгилөө боюнча макулдашылган сунуштарды эске алуу боюнча сунуштамаларды камтыйт. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар ЕАЭБ мамлекеттеринде колдонуудагы мыйзамдарды салыштырмалуу-укуктук талдоонун жыйынтыктары боюнча даярдалган. "Бул биздин рынокто айкындуулукту жана өз ара ишенимдүүлүктү камсыз кыла турган бирдиктүү каржылык мейкиндикти түзүүгө карай маанилүү кадам", — деп белгиледи Бахыт Султанов. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштарда баалуу кагаздар рыногундагы брокерлерге карата каржылык көрсөткүчтөр, тобокелдиктерди башкаруу тутуму, ички контроль, брокердин уюштуруу түзүмү, кардарлар жана жөнгө салуучулар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле отчеттуулук жана маалыматты ачуу жагында талаптарды жөнгө салууга сунуш кылынган мамилелер түзүлгөн. Коллегия тарабынан жактырылган мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар жана макулдашылган сунуштар Комиссиянын Кеңешинин кароосуна бекитүү үчүн берилет.
26 декабрындагы 2024
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иштешин талкуулашты
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 26-декабрда Ленинград облусунда (РФ) өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунун иштеши жана биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлорун либералдаштыруу жөнүндө баяндамаларын карашты. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштеши жөнүндө баяндамада аны түзүүнүн негизги этаптары, учурдагы кырдаал чагылдырылып, ЕАЭБ мамлекеттеринен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тоскоолдуксуз кирүү жолунда четтетилген тоскоолдуктар аталды. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун андан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр аныкталды жана Бирлик өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн артыкчылыктар белгиленди. Баяндаманын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн сунуштар Комиссия жана катышуучу өлкөлөрдүн жөнгө салуучулары тарабынан толук кандуу бирдиктүү рынокту түзүүгө өбөлгө түзүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну либералдаштыруу механизмдерин өркүндөтүү үчүн колдонулат. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов документке комментарий берип жатып, бүгүнкү күндө ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 142 сектор бар экенин, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык секторлорунун 31%га жакынын түзөрүн белгиледи. "Бул анын өсүшү үчүн потенциалдын бар экендигин күбөлөндүрөт жана бизге ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү жана толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы иштин багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндаманын алкагында негизги багыттар — туризм, метеорология, маркшейдердик сүрөткө тартуу, мүлктү баалоо, курулуш иштери жана кинематография чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр болду. 18 сектор боюнча пландарды аткаруунун натыйжасында алардын 10у кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногуна которулган, ал эми дагы эки секторду – жер астындагы жана жердеги маркшейдердик съемка боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү которууну аяктоо финалдык баскычта турат. "Комиссия Бирликтин өлкөлөрү менен дагы сегиз сектордогу компетенттүү органдардын ортосунда административдик кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүү үчүн жигердүү өз ара аракеттенүүдө. Бул кызматташтык бул секторлордун бирдиктүү рынок режиминде ийгиликтүү иштеши үчүн кошумча шарттарды түзөт", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов.
12 декабрындагы 2024
ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы каржы рыногун түзүүнү жана Бирликтин каржы чөйрөсүндө укугун өркүндөтүүнү талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетте жалпы каржы рыногун түзүүгө жана каржылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарды айкалыштырууга карата мамилелер талкууланды. Отурум Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында өттү. ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясынын алкагында туунду уюмдар жана алардын коммерциялык катышуусу аркылуу каржылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн рынокторуна өз ара жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган стандартташтырылган лицензия механизмин киргизүү каралган. Стандартташтырылган лицензия бул башкы уюмдун келип чыккан өлкөсүнүн каржылык жөнгө салуучусу тарабынан берилген атайын уруксат болуп саналат. Бахыт Султановдун айтымында, бул документ банк жана камсыздандыруу секторлорунда ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүргүзүүгө лицензияларды өз ара таанууга шарт түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, ал юридикалык жана жеке жактар үчүн каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле каржы рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган. "Макулдашуу стандартташтырылган лицензияны берүүнүн тартибин жана шарттарын, изденүүчүгө жана лицензиатка карата талаптарды, туунду уюмду түзүү же сатып алуу тартибин аныктайт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Макулдашуунун долбоору банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын кошо алганда, каржылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук каржы рынокторуна өз ара кирүүсүн белгилейт, бул юридикалык жакты түзүү же туунду уюм түрүндө сатып алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Кеңешинин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана рыноктук ортомчуларга (брокерлерге) талаптарды белгилөө чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар бөлүгүндө Бирлик мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар жөнүндө сунуштаманын долбоорун карап чыгышты. Отурумдун катышуучуларына Комиссиянын Кеңешинин банктарга жана камсыздандыруу уюмдарына жалпы каржылык рынокко жеткилик берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө, рыноктук ортомчуларга (дилерлерге) талаптарды белгилөөгө, баалуу кагаздарды биржалык соодалоонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча чараларды өркүндөтүүгө багытталган сунуштамалардын долбоорлорунун үстүндө иштөө жөнүндө маалымат берилди.
10 декабрындагы 2024
Бахыт Султанов: "Ишкер чөйрөлөрдүн евразиялык интеграцияга болгон кызыгуусу артууда"
10-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомдоштугунун 2024-жылдагы көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жөнүндө баяндаманы карап чыкты. "Үстүбүздөгү жылы Комиссия тарабынан иштелип чыккан маселелердин саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Бул ишкер чөйрөлөрдүн евразиялык экономикалык интеграция маселелерине болгон кызыгуусу төмөндөбөй, тескерисинче өсүп жаткандыгын билдирет", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Ошондой эле Комиссиянын блоктору түз диалог үчүн ар кандай аянтчаларды, анын ичинде аралыктан баарлашуу форматын колдонуу менен бизнес менен жигердүү өз ара иштешип жаткандыгы баса белгиленди. 2024-жылы календардык жыл ичинде чечилген бизнестин көйгөйлүү маселелеринин үлүшү 2023-жылга салыштырмалуу 24%дан 29%га чейин көбөйгөн. Бизнес-коомдоштуктун көпчүлүк маселелери боюнча (48%) түшүндүрмөлөр берилди, маселелердин 29% чечилди, ал эми маселелердин 23% боюнча ЕЭК иштеп чыгууну улантууда. Бахыт Султанов бул сандар ишкер чөйрөлөрдүн актуалдуу маселелерин чечүүдө Комиссиянын ишинин ыкчамдыгынын өсүшүнөн жана алар менен иштөөнүн сапатынын жогорулашынан кабар берерин баса белгиледи. ЕЭК тарабынан бизнестин көйгөйлөрүнүн чечилишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча даярдалган баяндама жакынкы убакта Комиссиянын сайтына жайгаштырылат. Баяндама 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткаруунун алкагында даярдалган. Көйгөйлүү суроолор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнөн келип түшөт (2024-жылы бардыгы болуп 155 суроо келип түшкөн). 2024-жылы эң жогорку жигердүүлүктү Россиянын (52%) жана Казакстандын (26%) ишкер чөйрөлөрү көрсөткөн.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө