Жаңылыктар

22.04.2022 (Обновлено: 12.05.2022 12:07)

Беларусь жана Россия ЕАЭБ товарларынын жалпы биржа рыногун түзүү схемаларын сунуш кылышты

Товарлардын жалпы биржа рыногун түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында болуп өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын жалпы биржа рыногун түзүүнүн мүмкүн болгон схемаларын талкуулашты. ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, геосаясаттык жагдайды эске алуу менен, бул иштин актуалдуулугу олуттуу түрдө өстү. Комиссия ушул жылдын июль айына чейин биржалык тооруктарда сатуу үчүн товарлар, туунду каржы куралдары, баалардын биржалык жана биржадан сырткары индикаторлору боюнча сунуштарды жана алардын тизмектерин камтыган баяндаманы даярдоого тийиш.
"Баа түзүү процесстери жана валюта инфраструктурасы жагынан алганда биз батыш тутумдарынан көз карандылыкта болуп калдык. Бүгүнкү күндө биз жалпы биржа мейкиндигин түзүү жөнүндө ойлонуу менен гана чектелбестен, өзүбүздүн улуттук валюталарда баа түзүү тутумубузду түзүшүбүз керек", – деп белгиледи Сергей Глазьев.
Беларусь жана Россия биржалык товар рыногунун иштөө схемасы боюнча сунуштарды көрсөтүштү.

Беларусь жалпы рынокту учурдагы биржалардын негизинде түзүүнү, биринчи баскычта биржалардын улуттук катышуучуларынын катышуусунда соода жүргүзүп, ал эми экинчи баскычта улуттук биржалардын канааттандырылбаган өтүнмөлөрүн андан ары сунуштарды издөө жана бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруу үчүн атайын түзүлгөн Эл аралык маалыматтарды иштетүү борборуна жиберүүнү сунуш кылды. Мындай мамиленин артыкчылыгы – ички рыноктун керектөөлөрүнүн жана улуттук катышуучулардын кызыкчылыктарынын кепилдүү канааттандырылышы.

Россия улуттук биржаларда тооруктарды аларга Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө катышууга уруксат берүү аркылуу ишке ашырууну сунуш кылды. Россиялык тараптын пикири боюнча, бул улуттук товардык биржалардын ортосунда атаандаштыкты пайда кылып, алардын өнүгүүсүнө түрткү болот.

Талкуулардын жыйынтыктары боюнча тараптар баяндамага эки мамилени тең киргизүү жөнүндө келишишти.

Ошондой эле, тараптар Бирликтин жалпы биржа рыногунда соода жүргүзүү сунуш кылынып жаткан товарлардын тизмегин талкуулашты. Биринчи баскычта көмүр, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүк майы, кант, шрот, күнжара, жыгач, металл, курулуш материалдары, цемент жана алтын сыяктуу товарлар менен соода жүргүзүү мүмкүн. Экинчи баскычта биржалык сооданын эрежелери макулдашылгандан кийин, ошондой эле өз ара сооданын алкагында экспортко жана импортко карата чектөө чаралары жана тыюу салуулар жоюлгандан кийин аталган тизмекке электр энергиясы, газ, мунай, мунай өнүмдөрү жана дандар сыяктуу товарларды кошууга болот.

ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов белгилеп өткөндөй, май-июнь айларында Бирликтин мамлекеттеринин катышуусу менен "Евразия соода тутуму" товардык биржасынын (Казакстан) жана Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки зат биржасынын (Россия) базасында сыноо тооруктарды өткөрүү пландаштырылууда.
"Сыноо тооруктарды өткөрүү ЕАЭБдин товарларынын жалпы биржа рыногунун алкагында соода жүргүзүүнүн моделин түзүүгө жана анын шарттарын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыктары да баяндамага киргизилмекчи", – деп билдирди Аскар Джаппаркулов.
Маалымат

ЕАЭБдин алкагында товарлардын жалпы биржа рыногун түзүү маселелери боюнча жумушчу топ 2021-жылдын апрель айында түзүлгөн. Ага Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, биржаларынын жана мүчө мамлекеттердин биржалык товарларды өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Комиссиянын өкүлдөрү кирди.

Бирликтин жалпы биржалык товар рыногун түзүү Стратегия-2025 менен каралган. Товарлар менен биржалык соода жүргүзүүнү өнүктүрүү программасын 2024-жылдын 31-декабрына чейин бекитүү пландаштырылууда.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү