Жаңылыктар

05.08.2024

ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп Александр Титов дайындалды

Титов Александр Анатольевич 1965-жылы 12-ноябрда Россия Федерациясынын Уфа шаарында туулган.

1987-жылы Уфа мамлекеттик авиация институтун аяктаган.

1989-1991-жылдары армияда кызмат өтөгөн.

1992-2001-жылдары Уфа бажысында иштеп, инспектордон начальниктин орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

2001-2004 жана 2011-2014-жылдары Россиянын бажы кызматынын Украинадагы өкүлчүлүгүндө кызмат өтөгөн.

2014-2024-жылдары Федералдык бажы кызматынын борбордук аппаратында түрдүү кызматтарда иштеген. Акыркы кызмат орду "Россиянын Федералдык бажы кызматынын мониторинг жана ыкчам көзөмөл борборунун" башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон.

Мекеменин жана мамлекеттин сыйлыктарын алган.

2024-жылдын 1-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.