Жаңылыктар

07.10.2022

ЕАЭБ жана ЭСКАТО дүйнөлүк турбуленттүүлүк шарттарында БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча тажрыйба алмашышты

Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө пандемиянын тийгизген таасирин 6-7-октябрда Алматыда Түндүк жана Борбордук Азия үчүн БУУнун ЭСКАТО Субрегионалдык кеңсесинин башчысы Николай Помощниковдун төрагалыгы астында өткөн Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча Түндүк жана Борбордук Азиянын Алтынчы көп тараптуу форумунун катышуучулары талкуулашты. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов жана экономикалык саясат стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Андрей Пантелеев катышты.

"COVID-19дан кийин калыбына келүүнү тездетүү жана 2030-жылга чейинки мезгилде бардык деңгээлдерде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин толук ишке ашыруу" сессиясында Аскар Джаппаркулов COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпинин кескин төмөндөшүнө себеп болгонун, атап айтканда ЕАЭБде ИДӨнын физикалык көлөмүнүн төмөндөшү 2020-жылы 2,9%ды түзгөнүн белгиледи. Бирок, пандемиянын курч фазасы аяктап жана 2021-жылдын ичинде чектөө чаралары акырындык менен жоюлгандан кийин, дүйнөлүк экономика жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары иштөөнүн жаңы шарттарына ыңгайлаша алышты.

"Тездетилген санариптештирүү, чектөөлөр алынып салынгандан кийин ишкердик активдүүлүктүн жана эмгек миграциясынын калыбына келиши, дары-дармек жана медициналык каражаттарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдүн жогорулашы - ушул факторлор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын калыбына келтирүүдө оң роль ойноду." Жаңы шарттарда энергонатыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, ЕАЭБдин туруктуу электроэнергетикалык рыногун, жашыл жана аз көмүртектүү технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн жигердүү арымдарын колдоо зарылдыгын эске алуу менен, соода-экономикалык чөйрөдө COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык демилгелерди колдоо биринчи планга чыгууда", - деп билдирди Аскар Джаппаркулов.

Андрей Пантелеев "Шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыздоо (ТӨМ 11)" сессиясынын алкагында, Стратегия-2025ти кабыл алуу менен туруктуу шаарларды куруу жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жагында ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү көбөйө баштагандыгын белгиледи.

Форумдун катышуучулары Түндүк жана Борбордук Азия регионунун суу боюнча коопсуздугун, ошондой эле энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бул багыттарды бекемдөө кирешелердин өсүшүнө, туруктуу өнүгүүгө жана региондо климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун жогорулашына алып келет.

Форумдун алкагында гендердик теңчиликти камсыздоо жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү (ТӨМ № 5); ичүүчү таза сууга жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча алдыңкы ыкмалар (ТӨМ № 6); энергетикалык секторду туруктуу өнүктүрүү максатында, мамлекеттер аралык кызматташтыктын жана көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусунун потенциалдуу багыттары (ТӨМ №7); экономиканы комплекстүү калыбына келтирүүнү тездетүү үчүн санариптик ажырымды жоюунун потенциалы (ТӨМ №9); жашоо наркы кризисинин ар кандай аспектилерин чечүү үчүн алдыңкы тажрыйба (ТӨМ № 17) талкууланды.

Форумдун катышуучулары жашыл жана инклюзивдик инфраструктураны, региондордун өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө, ТӨМгө жетишүүнүн статистикалык мониторинг тутумун өркүндөтүүдө кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даярдыгын билдиришти.

"ЭСКАТО глобалдык жана регионалдык көйгөйлөрдү чечүү жана биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттер, эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер менен иштөөгө даяр", - деп билдирди БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана ЭСКАТОнун Аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана.

Маалымат

Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча Түндүк жана Борбордук Азиянын көп тараптуу форуму - бул 2017-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) Бириккен Улуттар Уюмунун тутумундагы ички жана тышкы өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулуп келе жаткан иш-чара.

ЭСКАТО – БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы, БУУнун беш аймактык комиссияларынын бири болуп саналат. ЭСКАТОнун штаб-квартирасы Бангкокто жайгашкан, Таиланд Королдугу. ЭСКАТОнун курамына 53 өлкө жана 9 ассоциацияланган катышуучулар киришет.

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен бекитилген.