Жаңылыктар

15.05.2023 (Обновлено: 16.05.2023 15:46)

ЕЭК жана ФАТФ кызматташтыкты талкуулашты

11-майда Парижде Акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин жана ФАТФ аткаруучу катчысынын орун басары Винсент Шмоллдун жолугушуусу болуп өттү.

Бакытжан Сагинтаев ФАТФтын өкүлдөрүн Комиссия тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып, ФАТФтын стандарттарын эске алуу менен ЕЭК тарабынан кабыл алынган документтер жөнүндө маалымдады.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүү шарттарында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Маалымат

Акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) (Financial Action Task Force (FATF)) 1989-жылы "Чоң жетилик" өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККА/ТК) чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана имплементациялоо менен алектенген негизги эл аралык институт болуп саналат.

ФАТФтын өз мандатын ишке ашыруудагы негизги инструменти болуп ККА/ТК чөйрөсүндөгү 40 сунуштама жана 9 атайын сунуштама эсептелет, алар орто эсеп менен беш жылда бир жолу ревизиядан өткөрүлөт. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Резолюцияларына ылайык, ФАТФтын сунуштамалары БУУнун мүчө мамлекеттери тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналат.