Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги астында Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин отуруму болуп өттү, анда Евразия экономикалык бирлигинин бюджетинин эсебинен өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизмине катышууга бизнестен биринчи өтүнмө каралды.
Өтүнмө Комиссияга "Газпромбанк" АКдан келип түшкөн жана ал россиялык "Титан Полимер" ЖЧК компаниясынын долбооруна тиешелүү. Долбоордун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканаларынын технологиялык жабдууларды жеткирүү бөлүгүндө кооперациялык катышуусу каралган.
"Долбоор Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда технологиялык жабдууларды, мисалы, электротехникалык, буу казандарын жана өрткө каршы жабдууларды жеткирүүдө кооперацияны жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Аны ишке ашыруунун натыйжасында химия тармагында импортту алмаштыруучу заманбап комплекс түзүлөт", - деп белгиледи Гоар Барсегян.
Консультативдик комитет ЕАЭБдин Жалпы маалыматтык ресурстар порталында "Өнөр жай" бөлүмүнө технологиялардын трансфери, өнөр жайда илимий-техникалык маалымат алмашуу, мүчө мамлекеттерде өнөр жай менчигин эсепке алуу чөйрөсүндө компетенциясы бар уюмдардын тизмегин жана Бирликте өнөр жай-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында илимий-техникалык маалымат жана тажрыйба алмашууга багытталган маалыматтык ресурстардын тизмегин жайгаштыруу үчүн макулдашты.
Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттеринин түстүү металлургияда интеграциялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бирлик өлкөлөрү бул тармактын өнүгүүсүнүн аналитикалык серебин жактырышты.
Серепте дүйнөлүк рыноктогу жана Бирликтин түстүү металлдар рыногундагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат камтылган, аларды орто мөөнөттүү келечекте өнүктүрүүнүн болжолдору, биргелешкен долбоорлордун мисалдары менен ЕАЭБде ушул жана чектеш тармактарда кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө маалыматтар берилген. Ошондой эле документке түстүү металлургияда жашыл күн тартибин ишке ашыруу жөнүндө маалымат киргизилген.