Евразия экономикалык бирлигинде региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгү жөнүндө ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов 29-июнда Новосибирскте "ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт-2023. Региондор аралык жана чек ара кызматташтыгынын потенциалы" V эл аралык конференциясында айтып берди.
Бирлик өлкөлөрүндө региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сессиянын модератору катары чыгып сүйлөгөн сөзүндө Аскар Джаппаркулов негизги интеграциялык идея – "төрт эркиндикти" камсыз кылуу темасына токтолду, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарынын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү үчүн анын артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.
"Бирликтин олуттуу жетишкендиктеринин бири ички чек араларда – транспорттук, санитардык, ветеринардык-санитардык, карантиндик, фитосанитардык контролдун түрлөрүнүн толук спектринин жоктугу болуп саналат. Бирликте ветеринардык-санитардык контролдоо (көзөмөлдөө) тутумдары эквиваленттүү деп таанылган, бул айыл чарба продукциясын экспорттоочуларга улуттук органдар тарабынан берилген продукциянын коопсуздугу жөнүндө сертификаттардын негизинде товарларды ЕАЭБдин ички рыногуна эркин жеткирүүгө мүмкүндүк берет", – деп билдирди Департаменттин башчысы.
Сессиянын катышуучулары макулдашылган транспорт саясаты жана бирдиктүү эмгек рыногу маселелерин талкуулашты жана бул багыттарда өлкөлөрдүн жана Комиссиянын жалпы күч-аракеттери бирликтик мамлекеттердин жарандары үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын баса белгилешти. Бул мааниде жакында Сочиде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу тууралуу макулдашуу да жогору бааланды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн окумуштуулук даражасы жөнүндө улуттук документтери бар эмгекчилери чет мамлекеттердин документтерин таануунун кошумча жол-жоболорунан өтпөстөн, Бирликтин башка мамлекетинде ишке орношо алышат.
Аскар Джаппаркулов ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен соодага региондордун аз тартылышына көңүл буруп, Комиссиянын Аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү активдештирүүгө багытталган иш-чаралардын тизмесинин алкагында даярдалган сунуштарын айтты.
Конференцияга Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн ишканаларынын, компанияларынын, банктарынын, өнүктүрүү институттарынын, мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, эксперттери катышышты.