Бажылык жөнгө салуу маселелери Астанада Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров менен Казакстан Республикасынын финансы боюнча Вице-министри Ержан Биржанов, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция боюнча Вице-министри Жанель Кушукова жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Жандос Дуйсембиевдин жолугушуусунда талкууланды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасына ылайык, Комиссия жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан товарлардын бажы наркын контролдоо жаатында тобокелдиктерди тескөөнүн бирдиктүү ыкмаларын камсыздоо, ошондой эле тийиштүү контролду камсыздоо боюнча чараларды колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин багыттары каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде тышкы экономикалык ишмердүүлүктө электрондук сооданы өнүктүрүү перспективалары, ЕАЭБ Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды.
Тараптар кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.