Жаңылыктар

14.04.2016

ЕАЭБ мамлекеттеринин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу Министри Нурлан Алдабергеновдун кеңешмеси

Page Content14-апрелде 10:00дө Ереванда (Армения Республикасы) Евразия Экономикалык Комиссиясы Евразия экономикалык биримдик (ЕАЭБ) мамлекеттеринин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун деңгээлинде кеңешме өткөрөт. Кеңешмеде ЕАЭБ мамлекеттеринин эл аралык уюлдук байланыш чөйрөсүндө мыйзамдарды унификациялоо (айкалыштыруу), тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ трансчек аралык базарларында дистрибьютордук жана дилерлик макулдашууларды түзүүдө атаандаштыкка каршы тажрыйбалар маселелери талкууланат. ЕАЭБде атаандаштыкка каршы макулдашуулар (картелдер)  менен күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулары пландаштырылат. Отурумдун жыйынтыгы боюнча кеңешменин катышуучуларынын брифинги пландаштырылган. Иш чара өткөрүлүүчү жер: Армения Республикасы, Ереван шаары,  Маштоц пр., Армения Республикасынын Өкмөтүнүн Кабыл алуу үйү. Журналистерди 2016-жылдын 13-апрелине чейин аккредитацияланууну суранабыз. Байланыш маалыматтары: +74956692400 кош. 54-79 +7 (964)7694944 – Арман Абдимаулен, abdimaulen@eecommission.org +74956692400 кош. 41-69–Алена Житенева, zhiteneva@eecommission.org